Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы N 199-т тескемесине) |
Жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби, анын ичинде суу объекттеринде коопсуздук чаралары
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби, анын ичинде суу объекттеринде коопсуздук чаралары (мындан ары - Тартип) жайкы туристтик сезондун мезгилинде жарандардын, туристтердин өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн жана иштеген Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Бирдиктүү коопсуздук кызматынын (мындан ары - Бирдиктүү коопсуздук кызматы) ишин уюштурууну аныктайт, мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт.
2. Бирдиктүү коопсуздук кызматы жайкы туристтик сезондун мезгилинде иштеген, туруктуу жана алмашып туруучу курамдан турган жумушчу орган болуп саналат.
Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган субъекттер болуп төмөнкү мамлекеттик органдар (мындан ары - мамлекеттик органдар) саналат:
1) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ИИМ);
2) өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ӨКМ);
3) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ТКМ);
4) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ССМ);
5) жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ЖРЭТКМ).
3. Бирдиктүү коопсуздук кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ИИМдин ведомстволук актыларын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
4. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин ИИМ жетектейт, ал Бирдиктүү коопсуздук кызматынын курамында жайкы туристтик сезондун мезгилинде белгиленген тартипте ишке тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары үчүн аткарууга милдеттүү болгон Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишинин маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.
5. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери мамлекеттик органга анын компетенциясынын алкагында жүктөлгөн функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
6. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын туруктуу жетектөөчү курамы жыл сайын биринчи кварталдын аягына чейинки мөөнөттө ИИМдин координациясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын арасынан түзүлөт жана ички иштер органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
7. Бирдиктүү коопсуздук кызматы өзүнүн ишин ИИМдин, ӨКМдин, ЖРЭТКМнын, ТКМнын, ССМдин аймактык бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин өзүнчө тапшырмасы боюнча Бирдиктүү коопсуздук кызматынын иши жайкы туристтик сезондун мезгилинен тышкары башка учурда дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2-глава. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын негизги милдеттери
9. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын жалпы милдеттери:
- коомдук тартипти, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана кырсыктарда ыкчам чара көрүү;
- биринчи медициналык жардам көрсөтүү;
- туристтик-экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
- ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү жана координациялоо.
3-глава. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын функциялары
10. Бирдиктүү коопсуздук кызматы тейлөөгө алынган аймактагы көчөлөрдө, пляждарда жана башка коомдук жайларда, транспорт объекттеринде (жердеги жана суудагы), анын ичинде суу аттракциондору (бассейн, параплан, парашют, банан, диван, батут ж.б.) түрүндөгү экстремалдык кызмат көрсөтүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча контролдоо-аткаруу-тескөө функцияларын ишке тартылган мамлекеттик органдардын мыйзамдарда бекитилген ыйгарым укуктарынын жана компетенцияларынын алкагында түздөн-түз ИИМдин жетекчилиги жана контролу астында аткарат.
11. Бирдиктүү коопсуздук кызматы төмөнкү функцияларды аткарат:
- коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылат;
- кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алат, аныктайт жана бөгөт коет;
- жеке жана юридикалык жактардын жаратылыш пайдалануу эрежелерин сактоосу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзөт;
- суу транспортунда коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыз кылат;
- суу объекттеринде жаратылыш ресурстарын коргоону камсыз кылат;
- мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөшөт;
- коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, суу транспортун эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү укук бузууларды жана кырсыктарды алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзөт;
- ыйгарым укуктардын чегинде укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартат;
- башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен зарыл болгон учурда өз ара аракеттенет;
- ишке тартылган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын жана компетенцияларынын алкагында башка функцияларды аткарат.
4-глава. Бирдиктүү коопсуздук кызматын уюштуруу жана анын иши
12. Бирдиктүү коопсуздук кызматын уюштуруу жана анын иши мыйзамдуулук, гумандуулук, адам укуктарын сыйлоо жана ачык-айкындуулук принциптерине таянат.
13. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын туруктуу жетекчи курамынын негизги ыйгарым укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы (мындан ары - ИИБ) менен өз ара аракеттенүүдө көрсөтүлгөн аймакта мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылууга багытталган рейддик иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү;
- Бирдиктүү коопсуздук кызматына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жетиштүү болгон кызматкерлердин керектүү санын жана материалдык-техникалык камсыздоону аныктоо. Ишке тартылган мобилдүү топтордун саны жана курамы түзүлгөн коомдук кырдаалга жараша Ысык-Көл облусунун ИИБинин кызмат адамы тарабынан аныкталышы/өзгөртүлүшү мүмкүн;
- Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган кызматкерлер тарабынан аткарылуучу иштердин планын жана көлөмүн аныктоо, ошондой эле иштөө режимин жана эс алуу убактысын регламенттөөчү нускамаларды бекитүү;
- бекитилген план-графикке ылайык ишке тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин келишин камсыз кылуу, аларды жайгаштырууну камсыз кылуу, ошондой эле Бирдиктүү коопсуздук кызматынын курамында иштөө үчүн материалдык-техникалык жана башка зарыл болгон камсыз кылуу;
- өзүнүн кызматкерлерине зарыл болгон колдоо (консультациялык, техникалык, методологиялык ж.б.) көрсөтүү;
- буйруктардын жана тескемелердин талаптагыдай аткарылышын контролдоо;
- ишке тартылган мамлекеттик органдардын компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткаруу.
14. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын иши наряд, пост (мобилдүү, стационардык), кайгуул формасында мобилдүү топтор тарабынан жүзөгө ашырылат. Мобилдүү топтун курамына ишке тартылган ыйгарым укуктуу органдардын бирден кем эмес өкүлү кирет.
Мында мобилдүү топтун курамына кирген мамлекеттик органдын өкүлү өз ыйгарым укуктарын ошол мамлекеттик органга жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырат. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган мамлекеттик органдын өкүлү ведомстволук компетенциянын алкагында мамлекеттик органга жүктөлгөн функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
15. Ишке тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан ишти жүзөгө ашыруу төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
- жеке башкаруучулук жана Бирдиктүү коопсуздук кызматынын топторундагы жогору турган адамдарга баш ийүү;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин жана укуктарын, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, посттордогу жана кайгуул маршруттарындагы жалпы кырдаалды билүү;
- укук бузуулар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам таасир этүү жана алар боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүү;
- кызмат адамдарынын кызматтык ишти аткаруусуна жогорку талапты коюу;
- эмгек тартибин системалуу контролдоону уюштуруу;
- мобилдүү топторду сарамжалдуу жайгаштыруу, наряддарды башкаруу системасын тынымсыз өркүндөтүп туруу, алардын ортосундагы өз ара аракеттенүү, автомототранспортту, суу транспортун жана байланыш каражаттарын мыкты пайдалана билүү, жаңы тактикалык ыкмаларды жана заманбап техникалык каражаттарды кеңири ишке киргизүү.
16. Курорттук райондордо, туристтик зоналарда, адамдардын жалпы эс алуу жайларында топторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча иш негизги күчтөр, ошондой эле башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү менен уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
17. Күчтөргө жана каражаттарга болгон муктаждык, аларды колдонуу зарылдыгы райондордун көлөмүнө, жалпы эс алуу жайларын, криминогендик абалды жана коомдук тартипти жана бул жерлерге келген адамдардын санын эске алуу менен аныкталат.
18. Экологиялык кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу максатында зарылдыгына жараша Ысык-Көл облусунун ИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте стационардык жана мобилдүү посттор уюштурулушу мүмкүн, мында айрым учурларда мобилдүү топтордун кызматкерлери тарабынан өз компетенциясынын жана колдонуудагы мыйзамдардын чегинде автомототранспорт жана суу транспорт каражаттары кароого жана текшерүүгө алынышы мүмкүн.
19. Ишке тартылган мамлекеттик органдардын иштөө тартиби, функциялары, жоопкерчилиги, ыйгарым укуктары жана өз ара аракеттенүү менен байланышкан маселелер Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биргелешкен буйруктарына кол коюу жолу менен жөнгө салынат.
5-глава. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин камсыз кылуу тартиби
20. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган кызматкерлердин эмгек акысын каржылоо тартылган мамлекеттик органдар үчүн каралган бюджеттердин чегинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
21. Ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан жиберилүүчү күчтөрдү (кызматкерлер, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон атайын-техникалык шаймандар жана техникалар) техникалык жабдуу боюнча милдет, иш сапардык чыгымдар (ташуу, жашап туруу жана тамактануу) менен камсыз кылуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.