РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 334-т (2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту тарабынан аткарылуучу «Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо» долбоору боюнча мамлекеттик заказын бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2025-жылдын 24-апрели № 334-т

 

Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарына баалоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту тарабынан аткарылуучу "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоору боюнча мамлекеттик заказ;

2) изилдөө объекттери 1-тиркемеге ылайык;

3) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлеринин айлык акысынын тарифтери 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтуна Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган мамлекеттик заказды аткаруу үчүн колдо болгон тиешелүү маалыматтарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы 2025-2030-жылдар мезгилинде:

1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте техникалык тапшырманы, анын ичинде жумуштарды аткаруунун календардык план-графигин бекитсин;

2) ушул тескеме менен каралган жана "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту үчүн каралган каражаттардын чегинде Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча мамлекеттик заказды ишке ашырууга 6723094 (алты миллион жети жүз жыйырма үч миң токсон төрт) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтуна мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн жыл сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө акча каражаттарын карасын:

- 2026-жылы Нарын дарыясынын бассейнинин изилдөө объекттери боюнча - 7965000 (жети миллион тогуз жүз алтымыш беш миң) сом;

- 2027-жылы Ысык-Көл, Сары-Жаз жана Каркыра дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7736500 (жети миллион жети жүз отуз алты миң беш жүз) сом;

- 2028-жылы Тарым, Чатыр-Көл жана Амударыя дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7735000 (жети миллион жети жүз отуз беш миң) сом;

- 2029-жылы Сыр-Дарыя - Фергана өрөөнүнүн түндүк кыркасы жана Кара-Дарыя дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7807000 (жети миллион сегиз жүз жети миң) сом;

- 2030-жылы Сыр-Дарыя - Фергана өрөөнүнүн түштүк кыркасы жана Амударыя дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7821200 (жети миллион сегиз жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом.

5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги божомолдуу климаттык өзгөрүүлөр шарттарында Төмөнкү-Нарын ГЭСинин жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин каскадынын оптималдуу иштөө режими боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоорунун натыйжаларын колдонуу боюнча чараларды көрсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 

Изилдөө объекттери

2025-жылга изилдөө объекттери

1-таблицада жана 1 жана 2-сүрөттөрдө дарыялар жана алардын Чүй жана Талас дарыялары бассейндеринин куймалары көрсөтүлгөн, аларга мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн жана азыркы учурда колдонулууда. Суу-энергетикалык ресурстарды баалоо боюнча долбоорду аткаруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерлерин (WGS-84 координатындагы мейкиндик системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле чакан ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн суунун чыгымын контролдук ченөө жана рекогносцировкалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул гидрологиялык посттор аткарыла турган талаа иштеринин объекттери болуп саналат.

1-таблица - Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндериндеги гидрологиялык посттордун тизмеси:

№

Дарыя - гидропост

Гидропосттун азыркы учурдагы абалы

№

Дарыя - гидропост

Гидропосттун азыркы учурдагы абалы

Чүй бассейни

Талас бассейни

1

Чүй - Кочкор айылы

Иштейт

1

Талас (Каракол) - Ак-Таш капчыгайы

Иштейт

2

Чүй - Чоң-Кемин дарыясы куйган жер

1992-жылдан тартып жабылган

2

Талас - Кара-Ой айылы, Үч-Кошой дарыясы куйган жерден 4 км жогору

1987-жылдан тартып жабылган

3

Жоон-Арык - Кумбел-Ата айылы

1966-жылдан тартып жабылган

3

Талас - Кара-Ой айылы, Үч-Кошой дарыясы куйган жерден 2,6 км төмөн

Иштейт

4

Кочкор - Кочкор айылы

1987-жылдан тартып жабылган

4

Талас - Ключевка айылы

Иштейт

5

Чоң-Кемин - Карагай-Булак дарыясы куйган жер

1996-жылдан тартып жабылган

5

Үч-Кошой - Кара-Ой айылы

Иштейт

6

Чоң-Кемин куйган жер

Иштейт

6

Калба - Калба айылы

1988-жылдан тартып жабылган

7

Кичи-Кемин - Ильич совхозу

1995-жылдан тартып жабылган

7

Кең-Кол - Терс-Көл дарыясы куйган жер

1995-жылдан тартып жабылган

8

Кызыл-Суу - Бакбулак айылы

1995-жылдан тартып жабылган

8

Беш-Таш - Саз арыгынын башы

Иштейт

9

Шамшы -токой кордону

Байкоолор жүргүзүлбөйт

9

Нылды - Жүргө жайлоосу

1995-жылдан тартып жабылган

10

Кегети - токой кордону

Иштейт

10

Үр-Марал - Октябрь айылы

Иштейт

11

Ысык-Ата - Юрьевка айылы

1983-жылдан тартып жабылган

11

Күмүш-Тоо - Жаңы арыгынын башы

Иштейт

12

Аламүдүн - Чуңкурчак дарыясы куйган жер

Иштейт

12

Бакыян булагы - Бакыян айылы

Иштейт

13

Чуңкурчак - куйган жер

1965-жылдан тартып жабылган

13

Бейшеке - Бейшеке атындагы колхоз

Иштейт

14

Ала-Арча - Адыгине дарыясы куйган жерден 0,8 км жогору

1989-жылдан тартып жабылган

14

Кара-Буура - Киров атындагы колхоз

Иштейт

15

Ала-Арча - Кашка-Суу дарыясы куйган жер

Иштейт

15

Киров булагы - куйган жер

Иштейт

16

Жыламыш - Чапаев атындагы колхоз

1999-жылдан тартып жабылган

16

Чымкент булагы - куйган жер

Иштейт

17

Ак-Суу - Чоң-Арык айылы

Иштейт

17

Кара-Буура - Көк-Сай капчыгайы

1991-жылдан тартып жабылган

18

Сокулук - Белогорка айылы

Иштейт

18

Күркүрөө-Суу - Чоң-Курчан жайлоосу

Иштейт

19

Кара-Балта - Сосновка айылы

Иштейт

 

 

 

20

Чоң-Кайыңды - Чоң-Кайыңды айылы

Иштейт

 

 

 

21

Жарды-Кайыңды - Орто-Арык айылы

1995-жылдан тартып жабылган

 

 

 

Талас дарыясынын бассейни

1-сүрөт - Талас бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

Чүй дарыясынын бассейни

2-сүрөт - Чүй бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

2026-жылга изилдөө объекттери

2-таблицада жана 3-сүрөттө дарыялар жана алардын Нарын дарыясы бассейнинин куймалары көрсөтүлгөн, аларга мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн жана азыркы учурда колдонулууда. Суу-энергетикалык ресурстарды баалоо боюнча долбоорду аткаруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерлерин (WGS-84 координатындагы мейкиндик системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле чакан ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн суунун чыгымын контролдук ченөө жана рекогносцировкалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул гидрологиялык посттор аткарыла турган талаа иштеринин объекттери болуп саналат.

2-таблица. Нарын дарыясынын бассейнинин гидрологиялык постторунун тизмеси

№

Дарыя - гидропост

Гидропосттун азыркы учурдагы абалы

1

Нарын - Нарын шаары

Иштейт

2

Нарын - Көк-Жертүү дарыясы куйган жер

1999-жылдан тартып жабылган

3

Нарын - Көк-Ирим дарыясы куйган жер

1996-жылдан тартып жабылган

4

Нарын - Үч-Терек айылы

Иштейт

5

Чоң-Нарын - куйган жер

Иштейт

6

Кичи-Нарын - куйган жер

Иштейт

7

Он-Арча - Он-Арча кыштагы

1988-жылдан тартып жабылган

8

Жерге-Тал - Жерге-Тал кыштагы

1995-жылдан тартып жабылган

9

Көк-Жертүү - Ак-Талаа кыштагы

1990-жылдан тартып жабылган

10

Ат-Башы - Ичке-Каманды дарыясы куйган жер

1995-жылдан тартып жабылган

11

Алабуга - Кош-Дөбө кыштагы

1993-жылдан тартып жабылган

12

Көк-Ирим - Кара-Табылга кыштагы

1995-жылдан тартып жабылган

13

Көкөмерен - Каракол дарыясы куйган жерден 6 км жогору (батыш)

1987-жылдан тартып жабылган

14

Көкөмерен - Жумгал дарыясы куйган жерден 1,8 км жогору

1974-жылдан тартып жабылган

15

Көкөмерен - Жумгал дарыясы куйган жерден 0,5 км төмөн

1997-жылдан тартып жабылган

16

Каракол (батыш) - куйган жер

1997-жылдан тартып жабылган

17

Жумгал - Чаек айылы

1999-жылдан тартып жабылган

18

Торкент - Торкент айылы

1993-жылдан тартып жабылган

19

Чычкан - Бала-Чычкан дарыясы куйган жерден 5,8 км жогору

Иштейт

20

Узун-Акмат - Уста-Сай дарыясы куйган жер

Иштейт

21

Кара-Суу (сол) - куйган жер

Иштейт

22

Кара-Суу (оң) - куйган жер

1986-жылдан тартып жабылган

23

Афлатун - Афлатун айылы

Иштейт

Нарын дарыясынын бассейни

3-сүрөт - Нарын бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

2027-жылга изилдөө объекттери

3-таблицада жана 4 жана 5-сүрөттөрдө дарыялар жана алардын Ысык-Көл көлү, Или жана Сары-Жаз дарыялары бассейндеринин куймалары көрсөтүлгөн, аларга мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн жана азыркы учурда колдонулууда. Суу-энергетикалык ресурстарды баалоо боюнча долбоорду аткаруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерлерин (WGS-84 координатындагы мейкиндик системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле чакан ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн суунун чыгымын контролдук ченөө жана рекогносцировкалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул гидрологиялык посттор аткарыла турган талаа иштеринин объекттери болуп саналат.

3-таблица. Ысык-Көл көлү бассейниндеги гидрологиялык посттордун тизмеси

№

Дарыя - гидропост

Гидропосттун азыркы учурдагы абалы

Ысык-Көл бассейни

1

Түп - Сары-Тологой айылы

1994-жылдан тартып жабылган

2

Түп - Түп айылы

1998-жылдан тартып жабылган

3

Жыргалаң - Совет айылы

Иштейт

4

Жыргалаң - Михайловка айылы

2010-жылы бузулган

5

Түргөн - Ак-Суу - токой заводунун айылы

Иштейт

6

Ак-Суу (Арашан) - Теплоключенка айылы

Иштейт

7

Каракол - Кашка-Суу дарыясы куйган жер

Иштейт

8

Ырдык - Ырдык айылы

1974-жылдан тартып жабылган

9

Жети-Өгүз - токой заводунун поселогу

Иштейт

10

Чоң-Кызыл-Суу - токой кордону

Иштейт

11

Кичи-Кызыл-Суу - Покровка айылы

Иштейт

12

Жууку - Жуукучак дарыясы куйган жер

Иштейт

13

Ак-Терек - Ак-Терек айылы

1981-жылдан тартып жабылган

14

Кичи-Жаргылчак - Чоң-Жаргылчак айылы

1979-жылдан тартып жабылган

15

Чоң-Жаргылчак - токой заводу

Иштейт

16

Барскоон - Сасык дарыясы куйган жер

Иштейт

17

Тамга - Тамга айылы

1995-жылдан тартып жабылган

18

Тосор - Кодол дарыясы куйган жер

Иштейт

19

Тоң - Туура-Суу айылы

Иштейт

20

Ак-Сай - Көк-Сай айылы

Иштейт

21

Ак-Терек - Кызыл-Туу айылы

Иштейт

22

Туура-Суу - Улахол айылы

1996-жылдан тартып жабылган

23

Чоң-Кой-Суу - Сары-Ой айылы

Иштейт

24

Чолпон-Ата - Чолпон-Ата совхозу

Иштейт

25

Чоң-Ак-Суу - Григорьевка айылы

Иштейт

26

Ак-Суу - Семеновка айылы

Иштейт

27

Чоң-Өрүктү - жылкы совхозу

Иштейт

28

Ой-Тал - Ой-Тал айылы

Иштейт

29

Кутургу - ГЭС

1974-жылдан тартып жабылган

30

Каркыра

 

31

Сары-Жаз - Койлуу дарыясы куйган жер

1990-жылдан тартып жабылган

32

Койлуу - куйган жер

1992-жылдан тартып жабылган

33

Эңилчек

1966-жылдан тартып жабылган

34

Кайыңды - куйган жер

1965-жылдан тартып жабылган

35

Ак-Шыйрак - Муз-Булак дарыясы куйган жерден 1,5 км жогору

1992-жылдан тартып жабылган

Ысык-Көл бассейни

4-сүрөт - Ысык-Көл бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

5-сүрөт - Тарым дарыясы бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

2028-жылга изилдөө объекттери

4-таблицада жана 6-сүрөттө дарыялар жана алардын Амударыя, Тарым дарыялары жана Чатыр-Көл көлү бассейндеринин куймалары көрсөтүлгөн, аларга мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн жана азыркы учурда колдонулууда. Суу-энергетикалык ресурстарды баалоо боюнча долбоорду аткаруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерлерин (WGS-84 координатындагы мейкиндик системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле чакан ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн суунун чыгымын контролдук ченөө жана рекогносцировкалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул гидрологиялык посттор аткарыла турган талаа иштеринин объекттери болуп саналат.

4-таблица. Тарым дарыясы, Чатыр-Көл жана Амударыя дарыясы бассейндериндеги гидрологиялык посттордун тизмеси

№

Дарыя - гидропост

Гидропосттун азыркы учурдагы абалы

Тарым бассейни

1

Койлуу - куйган жер

1992-жылдан тартып жабылган

2

Эңилчек

1966-жылдан тартып жабылган

3

Кайыңды - куйган жер

1965-жылдан тартып жабылган

4

Ак-Шыйрак - Муз-Булак дарыясы куйган жерден 1,5 км жогору

1992-жылдан тартып жабылган

Чатыр-Көл бассейни

 

Чатыр-Көл көлү агып чыкпайт, ага куйган дарыялар чоң эмес жана негизинен убактылуу мүнөздө, гидрологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес

 

Амударыя дарыясы бассейни

1

Кызыл-Суу - Дароот-Коргон айылы

Иштейт

6-сүрөт - Амударыя бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

2029-2030-жылдарга изилдөө объекттери

5-таблицада жана 7-сүрөттө дарыялар жана алардын Сыр-Дарыя бассейнинин куймалары көрсөтүлгөн, аларга мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн жана азыркы учурда колдонулууда. Суу-энергетикалык ресурстарды баалоо боюнча долбоорду аткаруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерлерин (WGS-84 координатындагы мейкиндик системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле чакан ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн суунун чыгымын контролдук ченөө жана рекогносцировкалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул гидрологиялык посттор аткарыла турган талаа иштеринин объекттери болуп саналат.

5-таблица. Сыр-Дарыя бассейниндеги гидрологиялык посттордун тизмеси

№

Дарыя - гидропост

Гидропосттун азыркы учурдагы абалы

Сыр-Дарыя бассейни - Фергана өрөөнүнүн түндүк кыркасы

1

Падыша-Ата - Тосту дарыясы куйган жер

Иштейт

2

Кассансай - Кызыл-Токой кыштагы

1994-жылдан тартып жабылган

3

Гава-Сай - Гава айылы

1996-жылдан тартып жабылган

4

Чаткал - Терс дарыясы куйган жер

1993-жылдан тартып жабылган

5

Терс - куйган жер

1969-жылдан тартып жабылган

Сыр-Дарыя бассейни - Кара-Дарыя дарыясынын бассейни

1

Карадарыя - Өзгөн шаары

1991-жылдан тартып жабылган

2

Tap - Чалма айылы

Иштейт

3

Кара-Кулжа - Ак-Таш айылы Кара-Кулжа - Биринчи Май айылы

2001-жылдан тартып жабылган 2007-жылы которулган

4

Яссы - Салам-Алик айылы

Иштейт

5

Күлдүк - Сары-Булак кыштагы

1994-жылдан тартып жабылган

6

Доңуз-Тоо - Доңуз-Тоо айылы

Иштейт

7

Зергер - Тосой кыштагы

Иштейт

8

Куршаб - Гүлчө айылы

Иштейт

9

Көк-Арт - Михайловка айылы

Иштейт

10

Чангет - Чангет кыштагы

Иштейт

11

Тентек-Сай - Чарбак кыштагы

Иштейт

12

Шайдан-Сай - Шайдан айылы

Иштейт

13

Майлуу-Суу - Кайрагач дарыясы куйган жер

Иштейт

Сыр-Дарыя бассейни - Фергана өрөөнүнүн түштүк кыркасы

1

Ак-Буура - Миң-Теке дарыясы куйган жер

Иштейт

2

Ак-Буура - Папан кыштагы

1990-жылдан тартып жабылган

3

Ак-Буура - Төлөйкөн кыштагы

1991-жылдан тартып жабылган

4

Араван-Сай - Жаңы-Ноокат айылы

Иштейт

5

Араван-Сай - Каракол дарыясы куйган жер

Иштейт

6

Кыргыз-Ата - Кыргыз-Ата айылы

Иштейт

7

Каракол - Косчан айылы

Иштейт

8

Шанкол - Шанкол кыштагы

1992-жылдан тартып жабылган

9

Абшыр-Сай - Үч-Терек кыштагы

1995-жылдан тартып жабылган

10

Исфайрам-Сай - Үч-Коргон айылы

Иштейт

11

Шахимардан - Жийделик айылы

Иштейт

12

Сох - Сарыканды айылы

1981-жылдан тартып жабылган

13

Исфара - Таш-Коргон кыштагы

1992-жылдан тартып жабылган

14

Кожо-Бакырган - Андархан кыштагы

1997-жылдан тартып жабылган

15

Ак-Суу - Доңуз капчыгайы

1996-жылдан тартып жабылган

Сыр-Дарыя дарыясынын бассейни

7-сүрөт - Сыр-Дарыя бассейниндеги гидрометрикалык байкоо тармагы

 

 

 

2-тиркеме

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлеринин айлык акысынын тарифтери

№

Багыты

Тариф, бир күнгө сом менен*

1

Гидрологиялык маалыматтарды топтоо

2000

2

Гидрологиялык катарларды калыбына келтирүү

3000

3

Гидрологиялык жана картографиялык маалыматтарды жалпылоо жана талдоо

3000

4

Жогорудан төмөн карай агымдын модулдан көз карандылыгынын негизинде математикалык моделди түзүү

3000

5

Математикалык моделди калибровкалоо

3000

6

Дарыялардын бассейндери үчүн математикалык моделди апробациялоо жана суунун чыгымын эсептөө

3000

7

Климаттык, гидрологиялык, анын ичинде дарыялардын бассейндери үчүн моделдер боюнча эсептелген мүнөздөмөлөр

3000

8

Азыркы этаптагы дарыя бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо

3000

9

Тандалган дарыяларда гидроэнергетикалык потенциалдын эсебин жүргүзүү

2000

10

Рекогносцировкалык маршруттарды жүргүзүү жана жерине чыгып изилдөө

3000

11

Эсептерди аткаруу жана отчетту карта менен тариздөө

3000

12

Архивдик маалыматтарды топтоо жана талдоо

2000

13

Программалык камсыздоону тандоо жана жөндөө

2000

14

Спутниктик (Landsat, Sentinel-2 ж.б.) маалыматтарды тандоо жана иштеп чыгуу

2000

15

Топопланшеттерди сканерлөө

2000

16

Сканерленген планшеттерди иштеп чыгуу

2000

17

Маалыматтарды толуктоо, талдоо жана тактоо

2000

18

Рельефти санариптик иштеп чыгуу

2000

19

Рельефтин санариптик моделин талдоо

2000

20

Жергиликтүү рельефтин санариптик моделин түзүү

2000

21

Дарыя тармагынын санариптик моделин түзүү

2000

22

Дарыялардын суу топтоочу аянтынын моделин түзүү

2000

23

Электрондук-тематикалык карталарды түзүү

2000

24

Гидроэнергетикалык потенциалды аныктоо үчүн дарыянын нугун аныктоо жана эсептөө

2000

25

Багыттар боюнча жыйынтык отчетту даярдоо

2000

26

Жыйынтык отчетту тариздөө жана жазуу

3000

27

Долбоорду башкаруу

3000

Эскертүү: (*) - Бир күндүк айлык акынын тарифи кызматкердин атынан киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен белгиленген.