Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 159
Кыргыз Республикасында жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында туристтерди жайгаштыруу каражаттарын классификациялоону тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Адистештирилген онлайн-платформа ишке киргизилгенге чейин өтүнмөлөрдү берүү, эксперттик баалоо жүргүзүү жана жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун натыйжаларын иштеп чыгуу процесстери, кийин маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү менен кагаз түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |