Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 «Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 156
Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) сынам жыйымынын ставкалары 1-тиркемеге ылайык;
2) Сынам жыйымын төлөөнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 29 "Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Сынам жыйымынын ставкалары
№ | Жумуштардын аталышы | Ченөө бирдиги | Ставканын өлчөмү (сом) |
1 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдардын сынамын алуу жана эн тамгалоо: 1) ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү зер буюмдар, анын ичинде оңдоодон (реставрациялоодон) кийин: |
|
|
- алтын, платина, палладий; | 1 даана | 17,0 | |
- күмүш. | 1 даана | 12,0 | |
Саат корпустары: |
|
| |
- алтын, платина, палладий; | 1 даана | 94,0 | |
күмүш; | 1 даана | 44,0 | |
2) чет өлкөдө сатып алынган, чет өлкөлүк өндүрүштөгү, мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан түшкөн зер буюмдар: |
|
| |
- алтын, платина, палладий; | 1 даана | 34,0 | |
күмүш; | 1 даана | 24,0 | |
Саат корпустары: |
|
| |
- алтын, платина, палладий; | 1 даана | 114,0 | |
күмүш | 1 даана | 54,0 | |
2 | Зер жана башка эритмелерде баалуу металлдардын камтылышына химиялык метод менен анализ жүргүзүү | 1 анализ | 550,0 |