Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июну № 3170-VII
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А. Эгембердиев – “Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан;
М.О. Темирбаева – “Ишеним” парламенттик фракциясынан;
М.А. Маматалиев – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан;
А.А. Исираилов – “Альянс” парламенттик фракциясынан;
А.Т. Бердиев – “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;
Э.Ш. Айдаралиев – “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан;
И.К. Кубанычбеков – “Мекенчил” депутаттык тобунан;
К.К. Самаков – “Элдик” депутаттык тобунан;
Б.К. Чойбеков – № 21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
Төраганын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |