ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3170-VII «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 18-июну № 3170-VII

 

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши  т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

А.А. Эгембердиев – “Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан;

М.О. Темирбаева – “Ишеним” парламенттик фракциясынан;

М.А. Маматалиев – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан;

А.А. Исираилов – “Альянс” парламенттик фракциясынан;

А.Т. Бердиев – “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;

Э.Ш. Айдаралиев – “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан;

И.К. Кубанычбеков – “Мекенчил” депутаттык тобунан;

К.К. Самаков – “Элдик” депутаттык тобунан; 

Б.К. Чойбеков – № 21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча. 

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев