Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 27-июну № 129
Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болуучу суу ресурстарын, суу объектилерин жана суу чарба курулмаларын, ошондой эле суу фондунун жана ирригациялык фонддун жерлерин башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерге жайылтылат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-январындагы № 1422-XII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.);
2) "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 26-сентябрындагы № 21-I Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 10, 391-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын суу объекттерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-июлундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 8, 304-ст.);
4) "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 158-ст.);
5) 2005-жылдын 12-январындагы № 8 Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 132 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7; 2743-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 4, 14 жана 20-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
8) "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 3, 230-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын 13-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 964-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1032-ст.);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 396-ст.);
12) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 529-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 281-ст.);
14) "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 193 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 11, 905-ст.);
15) "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 288-ст.);
16) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 44 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 186-ст.);
17) "Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 495-ст.);
18) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын 1-беренеси (Эркин-Тоо гезити, 2021-жылдын 17-декабры, № 150);
19) "Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын 9-беренеси (Эркин-Тоо гезити, 2023-жылдын 3-марты, № 16).
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Суу кодекси күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык келтирсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |