Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 368 токтомуна) |
Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жобо
1. Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын (мындан ары - АТК жана ЭК боюнча комиссия) укуктук статусун, максатын, милдеттерин, функцияларын, түзүү жана ишинин тартибин аныктайт. АТК жана ЭК боюнча комиссия кеңеш берүүчү орган болуп саналат, ал чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү жана контролдонуучу продукцияга карата экспорттук контролду жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялоону жана аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринин ишин контролдоону, ошондой эле мындай субъекттерге мамлекеттик укуктук колдоону камсыз кылууга көмөктөшүүнү камсыз кылат.
2. АТК жана ЭК боюнча комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. АТК жана ЭК боюнча комиссиясынын жумушчу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги - экспорттук контролдоо маселелери боюнча.
2-глава. АТК жана ЭК боюнча комиссиясынын негизги милдеттери
4. АТК жана ЭК боюнча комиссиясынын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) экспорттук контролго алынуучу продукцияны экспорттоо-импорттоо, реэкспорттоо жана транзиттөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана чечимдеринин мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан сакталышын контролдоону уюштуруу;
2) Кыргыз Республикасында экспорттук контроль системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдун эл аралык режимдерине катышуусу боюнча сунуштарды даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль системасынын жол-жоболорун жана эрежелерин массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо боюнча эл аралык режимдердин ченемдерине жана эрежелерине шайкеш келтирүү;
4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү;
5) аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана аскердик-техникалык кызматташтыктын субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоо;
6) экспорттук контролго алынуучу продукцияны экспорттоо-импорттоо, реэкспорттоо жана транзиттөө боюнча ишти жүзөгө ашыруучу чарбалык субъекттерге сунуштарды даярдоо;
7) аскердик багыттагы продукцияны тышкы рынокко чыгаруу максатында аны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу аскердик-техникалык кызматташтыктын субъекттерин мамлекеттик колдоону камсыз кылуу боюнча бирдиктүү аскердик-экономикалык саясатты иштеп чыгуу, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы маселелерди мамлекеттик жөнгө салуу;
8) массалык кыргын салуучу куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, ошондой эле контролдонуучу продукцияга карата экспорттук контроль жана тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын контролдоо;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жаңы эл аралык жана өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө сунуштарды, ошондой эле бул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын кошумча милдеттенмелери боюнча сунуштарды даярдоо;
10) аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүүнү жана сатууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү, бул продукциялардын ата мекендик өндүрүшүн дүйнөлүк экономиканын тиешелүү секторлоруна интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринин биргелешкен ишин уюштуруу боюнча министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын жана уюмдардын сунуштарын кароо;
11) контролдонуучу продукцияны экспорттоо-импорттоо, реэкспорттоо жана транзиттөө боюнча маселелерди чечүү жана контролдонуучу продукцияга тышкы экономикалык бүтүмдөрдү сандык чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды даярдоо жана киргизүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскердик маанидеги продукцияны өткөрүп берүүсүнө (экспорттоосуна) уруксат берилген өлкөлөрдүн Тизмесине ылайык аны экспорттоого тыюу салынат же чектөө коюлат;
12) аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
13) Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык жана аскердик кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы кырдаалды талдоо жана болжолдоо.
3-глава. АТК жана ЭК боюнча комиссиянын ишин аткаруу тартиби
5. АТК жана ЭК боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
2) экспорттук контроль жаатында жана чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу маселелеринде мамлекеттик башкаруу органдарынын жана аскердик-техникалык кызматташтыктын субъекттеринин ишин координациялоого;
3) аскердик багыттагы продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Чет мамлекеттерге өткөрүп берүүгө уруксат берилген аскердик маанидеги продукциянын Тизмесине киргизилбеген учурда же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскердик маанидеги продукцияны өткөрүп берүүсүнө (экспорттоосуна) уруксат берилген өлкөлөрдүн Тизмесине киргизилбеген учурда экспорттоо (реэкспорттоо) жана импорттоо жөнүндө чечимди кабыл алууга;
4) аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү, сатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү, бул продукциялардын ата мекендик өндүрүшүн дүйнөлүк экономиканын тиешелүү секторлоруна интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринин биргелешкен ишин уюштуруу боюнча чарбалык субъекттерге жардам көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн карамагынан чыгарылган куралдарды жана аскердик техниканы, аларга комплекттөөчү жана запастык буюмдарды, башка аскердик-техникалык мүлктөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик-өнөр жай комплекси ишканаларынын негизги өндүрүштүк фонддорун жана башка жабдууларын сатуу боюнча күч түзүмдөрүнүн сунуштарын макулдашуу;
6) АТК жана ЭК боюнча комиссиянын жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана аскердик-техникалык кызматташуу жана экспорттук контролдоо маселелери боюнча АТК жана ЭК боюнча комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдарынын отчетторун угуу;
7) каралып жаткан маселелерге түздөн-түз тиешеси бар Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин белгиленген тартипте АТК жана ЭК боюнча комиссияда иштөөгө тартуу;
8) аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль жаатындагы ченемдик укуктук базаны андан ары өнүктүрүү боюнча экспертиза жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топторду, эксперттик комиссияларды түзүү;
9) АТК жана ЭК боюнча комиссиянын алдында турган максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүзөгө ашыруу;
10) байланыштын жана коммуникациялардын мамлекеттик, анын ичинде өкмөттүк системаларын пайдалануу.
4-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
6. Ишти уюштуруу, АТК жана ЭК боюнча комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу жана иш кагаздарын жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин жана Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биргелешкен буйругу менен АТК жана ЭК боюнча комиссиянын аткаруучу катчысы дайындалат.
Өз компетенциясынын чегинде АТК жана ЭК боюнча комиссия кабыл алган чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана контролдоо органдары, уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
7. АТК жана ЭК боюнча комиссиянын төрагасы:
1) АТК жана ЭК боюнча комиссиянын күн тартибин аныктайт жана жыйналыштарын алып барат;
2) жыйналыштардын тапшырмаларына жана протоколдоруна кол коёт, АТК жана ЭК боюнча комиссиянын чечимдерин бекитет;
3) аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль жаатындагы ченемдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн эксперттик комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишин уюштурат жана аларды АТК жана ЭК боюнча комиссиянын кароосуна киргизет;
4) АТК жана ЭК боюнча комиссиянын иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
8. АТК жана ЭК боюнча комиссиянын аткаруучу катчысы:
1) АТК жана ЭК боюнча комиссиянын жыйналышы үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди даярдайт жана анын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт;
2) комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдойт;
3) АТК жана ЭК боюнча комиссиянын иши менен байланышкан ишти уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
9. АТК жана ЭК боюнча комиссия өзүнүн ишин ал бекиткен регламентке, жылдык жана кварталдык пландарга ылайык уюштурат.