Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-июну № 355
Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86, 87-статьяларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясы" мекемеси "Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемеси деп кайра аталсын.
2. "Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемеси белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 374 "Эркин-Тоо", "Наша газета" гезиттерин уюштуруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 46 (3702) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |