Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 355 токтомуна) |
"Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемеси жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемесинин Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигиндеги ишинин маселелерин жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемеси (мындан ары - Редакция) өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик органдардын иши, колдонуудагы мыйзамдар жана анын өзгөрүүлөрү жөнүндө, ошондой эле коомдук, социалдык жана мамлекеттик маанидеги окуялар тууралуу так, объективдүү, толук жана өз убагында алынган маалымат менен камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат.
2. Редакция өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Редакция мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы жана сметасы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка мөөрлөрү, штамптары бар.
4. Мамлекеттик мүлк ага ыкчам башкаруу укугу менен бекитилет.
5. Редакциянын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Редакция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө, жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Редакциянын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Государственная официальная газета Кыргызской Республики "Эркин-Тоо";
- англис тилинде: Institution "State оfficial newspaper of the Kyrgyz Republic "Erkin-Too".
8. Редакциянын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Эркин-Тоо" гезити;
- расмий тилде: газета "Эркин-Тоо";
- англис тилинде: The "Erkin-Too" newspaper.
9. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Т.Абдумомунов көч., 193.
2-глава. Редакциянын максаттары, милдеттери жана функциялары
10. Редакциянын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик органдардын иши, колдонуудагы мыйзамдар жана анын өзгөрүүлөрү жөнүндө, ошондой эле коомдук, социалдык жана мамлекеттик маанидеги окуялар тууралуу так, объективдүү, толук жана өз убагында алынган маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.
11. Редакциянын милдеттери:
- өлкөдөгү жана дүйнөдөгү коомдук-саясий, социалдык, ишкердик жана маданий турмуштагы окуялар жана процесстер жөнүндө маалыматтык жана публицистикалык материалдарды жарыялоо;
- социалдык-экономикалык реформаларды, мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн системалуу жана ырааттуу чагылдыруу, ошондой эле калкка мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын иши жөнүндө ачык-айкын жана объективдүү маалымдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын, ченемдик укуктук актыларды чыгарууга укугу бар мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларын өз убагында жарыялоо.
12. Редакция максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- басылмалардын белгиленген графигин жана редакциялык стандарттарды сактоо менен гезиттин өз убагында чыгарылышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өз убагында жарыялоо;
- "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген экономикалык, саясий, социалдык, маданий жана диний маселелер боюнча материалдарды жарыялоо;
- Редакцияга келип түшкөн материалдарда камтылган фактыларды текшерүү максатында жеке жана юридикалык жактардан, кызмат адамдарынан, анын ичинде расмий документтер менен тааныштыруу жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга кайрылуу аркылуу маалыматтарды сурап алуу жана чогултуу;
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү жана жайылтуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- Редакциянын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык юридикалык жана жеке жактар, уюмдар жана ишканалар менен келишимдик негизде кызматташуу;
- жергиликтүү жана эл аралык мезгилдүү басылмалар, чыгармачыл бирликтер жана башка тармактык уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана ушул Жободо белгиленген максаттар менен милдеттерден келип чыгуучу башка функцияларды ишке ашыруу.
3-глава. Редакциянын укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги
13. Редакция өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- материалдарды даярдоо жана чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- журналисттерди расмий иш-чараларга, брифингдерге, пресс-конференцияларга, мамлекеттик жана коомдук органдардын жайналыштарына жана иш-чараларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жөнөтүүгө;
- маалыматтардын объективдүүлүгү менен тактыгына коюлган талаптарды сактоо менен редакциялык жана автордук материалдарды жарыялоого;
- өлкөнүн ичиндеги жана андан сырткаркы башка жалпыга маалымдоо каражаттары, чыгармачыл бирликтер, редакциялар, журналисттик ассоциациялар жана коомдук уюмдар менен кесиптик байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- редакциялык процессти өнүктүрүүгө жана камсыз кылууга багытталган өндүрүштүк-чарбалык жана башка ишти, анын ичинде келишимдер менен макулдашуулардын негизинде жүргүзүүгө;
- өзүнүн ишинен түшкөн кирешелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана Редакцияны өнүктүрүү үчүн колдонууга;
- кесиптик ишке сиңирген эмгеги үчүн кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө өтүнмө берүүгө;
- Редакциянын максаттары менен милдеттерин ишке ашырууга багытталган иш-чараларды (семинарларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, талкуулоолорду, жолугушууларды ж.б.) уюштурууга жана өткөрүүгө;
- окурмандарга милдеттүү маалымдоо менен демөөрчүлүктүн шарттарында материалдарды жарыялоого;
- колдонуудагы мыйзамдарга жана ички эрежелерге ылайык жарнамалык материалдарды акы төлөө негизинде жайгаштырууга;
- Редакциянын кызматкерлеринин кесиптик кызыкчылыктарын коомдук маанилүү иштерди аткарган адамдар катары коргоого.
14. Редакциянын милдеттери:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өз убагында расмий жарыялоо;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;
- жарыяланган маалыматтын аныктыгын, объективдүүлүгүн, толуктугун жана актуалдуулугун камсыз кылуу;
- ишти бекитилген редакциялык стандарттарга, журналисттик этиканын эрежелерине жана кесиптик жоопкерчиликке ылайык жүзөгө ашыруу;
- Редакцияга келип түшкөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү, анын ичинде журналисттик суроо-талаптарды берүү, ыйгарым укуктуу булактарга пикирлерин алуу үчүн кайрылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоону жана купуялуулугун камсыз кылуу;
- зомбулукту, улуттар аралык же диндер аралык кастыкты, басмырлоону, жалаа жабууну, атайылап жалган маалыматтарды жана башка маалыматтарды жайылтууну пропагандалаган материалдарды жарыялоого жол бербөө;
- Редакциянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Редакциянын ишин уюштуруу
15. Редакциянын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Редакция өзүнүн иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө берет.
17. Редакцияны маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу башкы редактор башкарат.
18. Башкы редактор:
- эмгек жамаатын түзөт жана Редакциянын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
- Редакциянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин аныктайт, кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, кызматкерлер үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Башкы редактордун орун басарларын (биринчи орун басарын, орун басарын), Редакциянын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдарда Редакциянын атынан чыгат;
- кызматкерлерди сыйлайт жана аларга карата тартиптик жаза колдонот;
- кызматкерлерди ведомстволук жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө өтүнмө берет;
- Редакцияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
19. Башкы редактор жок болгон учурда анын милдеттерин башкы редактордун биринчи орун басары, ал жок учурда редактордун орун басары аткарат.
20. Редакциянын кызматкерлери өз ишинде ушул Жобонун негизинде иштелип чыккан ички тартип эрежелерин жетекчиликке алат.
5-глава. Редакциянын финансылык жана чарбалык иши
21. Редакция өзүнүн финансы-чарбалык ишин өз кирешелеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзөт.
22. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүзөгө ашырылат.
23. Редакция чарбалык иш жүргүзүүгө укуктуу, андан түшкөн киреше ушул Жободо көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашырууга багытталат.
24. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
25. Редакция анын карамагында турган мүлктүн сакталышына, ошондой эле анын ишинин натыйжасында пайда болгон бардык милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.
6-глава. Редакцияны кайра уюштуруу жана ишин токтотуу
26. Редакцияны кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Редакциянын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
28. Редакциянын иши токтотулгандан кийин кредиторлор, жетекчи жана кызматкерлер менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин калган мүлк мамлекеттик мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилет.
29. Редакция мамлекеттик социалдык, экономикалык, салык саясатын ишке ашыруу максатында башкаруу, финансы-чарбалык, жеке курам жана башкалар боюнча документтердин сакталышына жоопкерчилик тартат.
30. Редакцияны кайра уюштурууда бардык документтер (финансы-чарбалык, башкаруу, жеке курам боюнча ж.б.) белгиленген эрежелерге ылайык укук улантуучуга өткөрүп берилет.