Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 26-июну ПЖ № 193
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилүүчү Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинен түшкөн каражаттардын, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнүн жана башка келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурат, бул каражаттарды Иш башкармасынын, ведомстволук уюмдардын ишин камсыз кылуу, алардын кызматкерлерин социалдык коргоону жана кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле башка максаттарда пайдаланат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 47(3703) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |