ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 3226-VII «Борбордук Азия – Кытай» форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

 

2025-жылдын 19-июну № 3226-VII

 

“Борбордук Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 17-июнундагы чыг. № 15-6433) “Борбордук Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

 

Тораганын орун басары

Ж.Э. Садырбаева