Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 22-декабрындагы № 818
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 387
Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук тамекилерди ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесин ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкү товарларды ташып келүүгө 2025-жылдын 1-июлунан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
– ЕАЭБ ТЭИ ТН 2404 12 000 0 коду боюнча классификацияланган, бир корпуста никотин суюктугу бар электрондук тамекилер жана никотин жеткирүүчү системалар;
– электрондук тамекилерде колдонууга арналган, ошондой эле ЕАЭБ ТЭИ ТН 2404 12 000 0 коду боюнча классификацияланган картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде никотин камтыган суюктуктары.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |