Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 14-июлу ПЖ № 204
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти
өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аудитин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 188 “Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
– 1–3-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 5-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы болгондо, текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистерин тартуу менен жүргүзүлөт;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– аткаруу бийлигинин жетекчилигинин тапшырмасы болгондо, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнү алдын алуу максатында кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылган финансылык бузууларга, уурдоолорго жана башка коррупциялык көрүнүштөргө байланышкан учурларда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын адистерин тартуу менен прокуратура жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлөт.”;
2) 3-пункт, 4-пункттун 3-пунктчасы, 5-пункттун 3–5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-пунктта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген стандарттарга жана методологияга ылайык жана” деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |