Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
02.07.2025-ж. №70
Кереге-Таш айылындагы коргоо зоналарынын чектерин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелинин №21“Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып, айыл өкмөтүнүн актысынын негизинде аймактагы жер мунапысын ишке ашырууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана жарандардын турак-жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кереге-Таш айылындагы коргоо зоналарынын чектери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Кыдыр Акенин күмбөзүнүн үстү жагынын коргоо зонасы 30 метр;
- Кереге-Таш айылынын суу топтоочу жайынын (водозаборунун) коргоо зонасы 21 метр.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов