КЫДЫР АКЕАЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
02.07.2025 №71
Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектерин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелинин №21“Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып, айыл өкмөтүнүн актысынын негизинде аймактагы жер мунапысын ишке ашырууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана жарандардын турак-жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Камыш айылындагы коргоо зоналарынын чектери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- №1 суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 25 метр;
- №2 суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 12 метр;
- №3 суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 25 метр;
- мүрзөнүн коргоо зонасы эң четтеги көрүстөндөн 10 метр;
- Сарт Аке жана Проектируемый көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски баздын орду айыл ичиндеги калктуу конуш катары 3000 чарчы метр;
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов