Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
02.07.2025 №73
Пионер айылындагы коргоо зоналарынын чектерин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелинин №21“Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып, айыл өкмөтүнүн актысынын негизинде аймактагы жер мунапысын ишке ашырууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана жарандардын турак-жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Пионер айылындагы коргоо зоналарынын чектери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- айылдын суу топтоочу жайынын (водозабор) коргоо зонасы 10 метр;
- жаны конуштагы Сулайманов Октябрга тиешелүү баздын коргоо зонасы 25 метр;
- айылдын чыгыш тарабындагы Маматкулов Асылбекке тиешелүү баздын коргоо зонасы 25 метр;
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов