Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 16-июлундагы № 417 токтомуна)
Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү
методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү методикасы (мындан ары – Методика) үй-бүлөлүк зомбулуктун улануу же кайталанып жасалуу, аны жасаганда оор же өзгөчө оор кесепеттердин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгүнө баалоо жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Методиканын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– үй-бүлөлүк зомбулуктун улануу же кайталанып жасалуу мүмкүндүгүн баалоо;
– оор же өзгөчө оор кесепеттердин, жабыр тарткан адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгүн баалоо;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды толук коргоону камсыздоо.
3. Методиканын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн тобокелдиктин деңгээлин өз убагында аныктоо;
– бөгөт коюу чарасын тандоо, ошондой эле өндүрүп алуунун же жазанын түрүн дайындоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанып жасалуу тобокелдигинин деңгээли, оор жана өзгөчө оор кесепеттердин, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө сотко маалымат берүү;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоодо же сактоодо жеке ыкманы камсыздоо;
– үй-бүлөлүк зомбулуктун тенденцияларын талдоо жана алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун баалоо үчүн маалыматтарды чогултуу.
4. Методика төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
– объективдүүлүктү жана аныктыкты камсыздоо – алынган маалыматтардын негизинде тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү;
– жабыр тарткандардын укуктарын коргоо – жеке маалыматтарды сактоонун жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга сый мамиле кылуунун маанилүүлүгүнө басым жасоо;
– ыкманы стандартташтыруу – ар кандай учурларда тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүнүн бирдиктүү стандартын түзүү;
– ишенимди арттыруу – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен өз ара аракеттенүү процессинде ыктыярдуулукка негизделген ыкманы пайдалануу.
5. Ушул Методикада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулду:
1) тобокелдиктерди баалоо – үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанып жасалуу мүмкүндүгүн, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын ден соолугуна зыян келтирүү же өлүмү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кесепеттердин мүмкүндүгүн аныктоо процесси;
2) тобокелдиктерди баалоо протоколу (мындан ары – протокол) – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдигинин деңгээлин аныктоо үчүн түзүмдүк суроолордун тизмесин камтыган документ;
3) тобокелдиктин деңгээли – үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанып жасалуу мүмкүндүгүнүн даражасын (тобокелдиктин болушу, жогорку тобокелдик) аныктоочу категория, ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоо жана сактоо чараларын, ошондой үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата тиешелүү чараларды тандоо үчүн негиз катары кызмат кылат.
6. Тобокелдиктерди баалоо ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн Протоколдо жазылган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү тартиби
7. Тобокелдиктерди баалоо үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аныкталганда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган ар бир адамга карата жүргүзүлөт.
8. Протокол үй-бүлөлүк зомбулук актыларын кайталанып жасалуу мүмкүндүгүн аныктоочу тобокелдик факторлорун, ошондой эле жабырлануучу үчүн оор же өзгөчө оор, анын ичинде өлүмгө алып келүүчү кесепеттердин келип чыгуу мүмкүндүгүн аныктоого багытталган суроолордун блокторунан турган түзүмдүк курал болуп саналат.
9. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү үчүн маалымат булагы болуп саналат.
Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда Протокол аны сурамжылоо жолу менен түзүлөт. Жабыр тарткан адам Протоколдо камтылган суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан учурда тобокелдиктерди баалоо үй-бүлөлүк зомбулук фактысы жөнүндө объективдүү маалымат бере ала турган башка адамдарды сурамжылоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
10. Балага, аракетке жөндөмсүз адамга же болбосо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда Протокол үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга үй-бүлөлүк зомбулук жасоого катышпаган үй-бүлө мүчөлөрүн, кошуналарын, социалдык камсыздоо органдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин сурамжылоо жолу менен түзүлөт. Мында маалыматтын булагы ички иштер органы тарабынан аныкталат.
11. Протокол түзүү төмөнкүдөй шарттарды карайт:
– тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүнүн максаттары жөнүндө маалымат булагын маалымдоо;
– алынган маалыматтын купуялыгын камсыздоо;
– үчүнчү жактардын сурамжылоону угуу мүмкүнчүлүгүн жоюу;
– сурамжылоого катышуунун ыктыярдуулугу;
– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга тобокелдиктин аныкталган деңгээли жөнүндө маалымдоо.
12. Маалымат булагы сурамжылоодон же айрым суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан учурда Протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
13. Баалоонун натыйжалары боюнча белгиленген үй-бүлөлүк зомбулук жасоо тобокелдигинин деңгээли эки категорияга бөлүнөт: тобокелдиктин болушу жана жогорку тобокелдик.
Белгиленген тобокелдиктин деңгээлине ылайык ички иштер органы Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган чара көрүүнү, анын ичинде алдын алуу чараларын жана (же) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган чараларды ишке ашырат.
14. Баалоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу адам баалоону талаптагыдай аткарбагандыгы жана өз убагында жүргүзбөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
15. Тобокелдикти баалоонун натыйжалары менен макул болбогон учурда катышуучулар баалоону жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, анын ичинде көзөмөл жана сот тартибинде даттанууга укуктуу.
3-глава. Протоколдун түзүмү жана мазмуну
16. Протокол төмөнкүдөй тобокелдиктин факторлорун баалоону карайт:
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жүрүм-туруму, анын ичинде агрессивдүү жүрүм-туруму, зомбулук көрсөтүүнүн жыштыгы жана ырайымсыздыгы, куугунтуктоо жана контролдоо.
– үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанып жасалуусу;
– куралга жеткликтүү болуусу жана кооптуу предметтерди пайдалануусу;
– адам өлтүрүү же өз жанын кыюу менен коркутуу;
– дене бойго зомбулук көрсөтүү, анын ичинде ден соолугу жана өмүрү үчүн кооптуу ыкмаларды колдонуу менен (денеге оор залал келтирүү, муунтуу аракеттери, башка уруулар ж.б.);
– алкоголдук суусундуктарды, баңги каражаттарын жана башка маң кылуучу заттарды колдонуу;
– этибарга албай кылган мамилелер, психологиялык же экономикалык зомбулуктун көрүнүшү;
– мурда жасалган ушул сыяктуу укук бузуу жана кылмыш фактыларынын болушу;
– психикалык ден соолук жана туруксуз жүрүм-турум белгилери;
– коркутууга жана зомбулукка дуушар болгон балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдеш адамдардын болушу.
17. Топтолгон маалыматтын негизинде тобокелдиктин деңгээлинин классификациясы жүргүзүлөт, ал төмөнкүдөй категорияларды камтыйт:
– “Тобокелдиктин болушу”: үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирбестен кайталап зомбулук жасоо мүмкүндүгүн көрсөткөн тобокелдик факторлору аныкталды;
– “Жогорку тобокелдик”: үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн оор же өзгөчө оор кесепеттердин мүмкүндүгү менен жогорку ыктымалдуулукта кайталанып жасалуучу зомбулукту көрсөткөн факторлор аныкталды.
18. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо ички иштер органынын кызматкери тарабынан Протоколго киргизилген маалыматты талдоонун негизинде төмөнкү критерийлерди жана белгилерди эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурда “Тобокелдиктин болушу” деңгээли төмөнкүдөй белгиленет:
– жабыр тарткан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунучтун белгилери жок болгон тобокелдиктин бир же бир нече факторлору аныкталса;
– адам өлтүрүү же өз жанын кыюу менен коркутуу аныкталбаса, курал же башка кооптуу буюмдар колдонулбаса;
– мурда зомбулуктун оор же өзгөчө оор кесепеттеринин учурлары белгиленбесе;
– туруктуу агрессивдүү же контролдоочу жүрүм-турумдун белгилери жок болсо.
“Жогорку тобокелдик” деңгээли төмөнкүдөй белгиленет:
– жабыр тарткан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун түздөн-түз же жогорку мүмкүндүгүн көрсөткөн бир же андан көп факторлор белгиленсе;
– адам өлтүрүү, өз жанын кыюу менен коркутуу, кылмыш, курал-жарак, башка кооптуу буюмдарды колдонуу фактысы болсо;
– ден соолукка мурда келтирилген оор зыян, муунтуу аракеттери, дененин маанилүү бөлүктөрүн уруу жөнүндө маалыматтар болсо;
– мурда бир нече ирет зомбулук катталса, айрыкча анын интенсивдүүлүгү жогоруласа;
– бузуучу туруксуз же кооптуу жүрүм-турумдун белгилерин көрсөтсө;
– балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга же үй-бүлөнүн башка аялуу мүчөлөрүнө карата коркутуу же зомбулук болсо.
19. Тобокелдиктерди баалоо механизми төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
– тобокелдик факторлорунун ар бири Протоколдо төмөнкү талаалар боюнча “Бар”, “Жок”, “Белгисиз” деген белгилер менен белгиленет;
– бир же бир нече жогорку тобокелдик фактору болгондо “Жогорку тобокелдик” деп аныкталат.
– үй-бүлөлүк зомбулукту “Жогорку тобокелдик” деп мүнөздөгөн факторлор жок болсо, бирок тобокелдик факторлорунун жок дегенде бири болсо деңгээл “Тобокелдиктин болушу” деп аныкталат.
20. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо Протоколдо белгиленет жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн пайдаланылат.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун
тобокелдиктерине баалоо
жүргүзүү методикасына тиркеме
Форма
Түзүлгөн күнү Түзүлгөн жери
_______________ __________________
1. Жалпы маалымат
Баалоо жүргүзгөн ИИБ кызматкеринин аты-жөнү:__________________________
___________________________________________________________________
Баалоо жүргүзүлгөн жер: _____________________________________________
__________________________________________________________________
2. Маалымат алуу булагы:
☐ Жабыр тарткан адам
☐ Мыйзамдуу өкүл (эгерде жабыр тарткан адам – бала, аракетке жөндөмсүз, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо)
☐ Башка жак (көрсөтүлсүн): ____________________________________________
3. Жабыр тарткан адам жөнүндө маалымат:
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Туулган датасы:_____________________________________________________
Жынысы: ☐ эркек / ☐ аял.
(Тиешелүү маани белгилениши керек: “Б” – бар, “Ж” – жок, “Бел” – белгисиз)
№ | Кайра зомбулуктун коркунучун аныктоо максатында жабырлануучуга төмөнкү суроолор берилиши керек: | Б | Ж | Бел | |
1 | Акыркы 6 айда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары болдубу? |
|
|
| |
2 | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам зомбулук боюнча милицияга же жакындарыңызга кайрылууга тыюу салды беле? |
|
|
| |
3 | Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адам сизге карата физикалык зомбулук көрсөткөнбү? |
|
|
| |
4 | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам Сиздин дем алуу жолдоруңузду бууп/муунтууга аракет кылдыбы? |
|
|
| |
5 | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам сизге карата кош бойлуу кезиңизде же балдардын же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көзүнчө зомбулук көрсөткөнбү? |
|
|
| |
6
| Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам курал же башка коркунучтуу нерселерди (бычак, балта, балка, союл ж.б.) колдонуу менен коркутканбы? |
|
|
| |
7
| Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам сизди же башка үй-бүлө мүчөлөрүн ден соолукка зыян келтирүү жана/же өлтүрүү менен коркутканбы? |
|
|
| |
8 | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам өзүн-өзү өлтүрүү же майып кылуу менен коркутканбы? |
|
|
| |
9
| (Эгер өзүнчө жашашса) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам сизди аңдып жатабы (же мурда аңдып жүргөнбү)? (сиз менен жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу каалабаган байланышка ээ, көз салып турат, жашаган / иштеген / окуган жериңизде пайда болот, ж.б.у.с., көп учурда СМС (вотсап (WhatsApp) билдирүүлөрдү жөнөтөт, башка байланыш каражаттары менен байланышат, ж.б.у.с.)
|
|
|
| |
10
| Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын спирт ичимдиктерин, баңги заттарды ж.б. колдонууга ыктоосу барбы? |
|
|
|
Эскертүү:4-7-пункттар тобокелдиктин жогорку деңгээлин көрсөткөн факторлор катары каралат.
Аталган тобокелдик факторлорун талдоонун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
“бар” маанисиндеги факторлордун саны: ;
“жок” маанисиндеги факторлордун саны: ; “белгисиз” маанисиндеги факторлордун саны:
Маалымат булагы бардык/айрым суроолорго жооп берүүдөн баш тартты:
☐ ооба / ☐ жок.
☐ Тобокелдик деңгээли: “Тобокелдиктин болушу” – айрым факторлор аныкталган, өмүргө жана ден соолукка коркунуч жок;
☐ Тобокелдик деңгээли: “Жогорку тобокелдик” – өмүргө жана ден соолукка түздөн-түз коркунучтун белгилери катталган.
6. Кошумча маалыматтар (бар болсо):___________________________________
_____________________________________________________________________
7. Маалымат берген адамдын аты-жөнү жана колу: _____________________
_____________________________________________________________________
8. Тобокелдиктерди баалоо протоколун түзгөн адамдын аты-жөнү жана кызмат орду: ________________________________________________________
____________________________________________________________________