Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 421
Бишкек – Ош автомобиль жолунда “долбоордук кум коргон” принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек – Ош автомобиль жолунда “долбоордук кум коргон” режиминде альтернативдүү тоннелди куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик өнөктөштү аныктасын жана кызыкдар тарап – курамында “Тез Жол” жоопкерчилиги чектелген коому, “Кыргызгидроатайынкурулуш” ачык акционердик коому, “Темирбетон Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Нур Капитал” жоопкерчилиги чектелген коому болгон компаниялардын консорциуму менен “долбоордук кум коргон” режиминде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө расмий тилдеги макулдашууга кол койсун.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюлгандан кийин Каракол батыш жана Сокулук түштүк эки чакан ГЭСин куруу боюнча компонентти камтыган жогоруда аталган долбоорду, анын ичинде финансылык бөлүгүн деталдуу иштеп чыгуу мамлекеттик жана жеке өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бишкек – Ош автомобиль жолундагы альтернативдүү тоннелди куруу иштери долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу менен параллелдүү долбоорлоо методу боюнча жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жогоруда аталган иштердин заказчысы болуп аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту Бишкек – Ош автомобиль жолундагы альтернативдүү тоннелди курууга долбоордук документтерди жана сметалык эсептөөлөрдү даярдоо боюнча башкы долбоорлоо уюму болуп аныкталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы кайрылуу келип түшкөн учурда бурчтук чекиттердин координаттарын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен белгиленген курулуш аянтында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө корутунду берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек – Ош автомобиль жолундагы альтернативдүү тоннелдин курулушу үчүн бөлүнгөн жер участокторун башка категориялардан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууну камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунун мамлекеттик администрациялары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– Бишкек – Ош автомобиль жолунда альтернативдүү тоннелди куруу үчүн долбоордук документтерге ылайык жер участогун өз убагында бөлүп берүүнү;
– жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документтерине ылайык Бишкек – Ош автомобиль жолунда альтернативдүү тоннелди куруу үчүн жер участогуна болгон укуктарды берүүнү.
10. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте шаар куруу корутундусун берүүгө, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө жана объектти курулуш объекттеринин реестрине киргизүүгө көмөк көрсөтсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунун мамлекеттик администрациялары, Кара-Балта шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүн суроо-талаптарына ылайык таш материалдардын карьерлерин, өндүрүштүк базаларды жайгаштыруу үчүн аянты 8 (сегиз) гектардан кем эмес жер участогун өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек – Ош автомобиль жолунда альтернативдүү тоннелди куруу боюнча долбоорго өз убагында экологиялык экспертиза жана өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек – Ош автомобиль жолунда альтернативдүү тоннелди курууга долбоордук документтердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигине өз убагында экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги “Авторемонт заводу” ачык акционердик коомунун өндүрүштүк базасын 2030-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөткө “Темирбетон Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө сунуш киргизсин.
141. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында Каракол батыш жана Сокулук түштүк эки чакан ГЭСин куруу компоненти боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |