Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна)

 

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.

Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.

Ишкана "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучусу болуп эсептелет.

2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

3. Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюмдаштыруучу) эсептелет.

4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.

5. Ишкананын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы";

- расмий тилде: "Государственное предприятие "Военно-подсобное хозяйство" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".

Ишкананын кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "АКЧ" МИ";

- расмий тилде: "ГП "ВПХ".

6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүм жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.

7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.

8. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.

9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

10. Уюмдаштыруучу Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.

11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.

12. Ишкананын юридикалык дареги: 720039, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Октябрь району, 7-кичи району, № 5 үй.

13. Ишкана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыз кылуу, айыл чарба продукциясын өндүрүү, мал, канаттуулар жана балык өстүрүү, аларды кайра иштетүү жана сатуу, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө пландуу негизде аларды тапшыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат.

2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары

14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, мамлекеттик башкаруу органынын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн улуттук коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоого байланыштуу товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө болгон муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу;

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары жана керектөөлөрү үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча Ишкана тарабынан түз мамлекеттик заказды аткаруу.

15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик башкаруу органына айыл чарба жана мал чарба продукциясын берүү боюнча заказдарды, келишимдерди, жылдык пландарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

3) ар кандай жүктөрдү ташуу, коомдук тамактануу чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү;

4) айыл чарбасын жана мал чарбачылыкты жакшыртуу;

5) өзүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү;

6) коргонуу маанисиндеги программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.

16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) айыл чарба жана башка продукцияларды өндүрүү, ошондой эле аларды кайра иштетүү;

2) малды, канаттууларды, балыкты өстүрүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик башкаруу органына сатуу, ошондой эле чекене соода аркылуу сатуу;

3) макарон азыктарын, өсүмдүк майын жана башка продукцияларды даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик башкаруу органына сатуу, ошондой эле чекене соода аркылуу сатуу;

4) мунай продуктуларын сактоо, ташуу жана сатуу;

5) жүк ташуу боюнча автомобилдик кызматтарды жана башка кызматтарды көрсөтүү;

6) коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү;

7) көргөзмө-сатууларды, аукциондорду, консультациялык жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

8) аскердик шаарчаларда жана талаа шарттарында күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуу, дүң жана чекене жарманкелерге катышуу;

9) өнөр жай жана азык-түлүк товарларын сатып алуу, бул товарларды өндүрүүчү ишканалар же сатуучулар менен сатып алуучу уюмдун (кардар) ортосунда ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу;

10) кейтеринг кызматтарын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

11) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана кызматкерлерине, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органына соода-тиричилик тейлөө иштерин уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү, аларды гарнизондордо, аскердик шаарчаларда жана аскердик контингенттин (бөлүмчө) башка жайгашкан жерлеринде (анын ичинде талаа шарттарында) тиешелүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын канааттандыруу;

12) көчмө сооданы уюштуруу (талаа шарттарында, окуу машыгууларында жана соодага байланыштуу башка иш-чараларда);

13) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштин түрлөрүн жүргүзүү.

3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери

17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;

2) рынок конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;

3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;

4) Уюмдаштыруучунун макулдугу менен өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;

5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди өз атынан сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;

6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр жана жеке жактар менен өз алдынча чарбалык келишимдерди түзүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык укуктук келишимдеринин негизинде Ишкананын иштерин аткаруу үчүн жеке жана юридикалык жактарды ишке тартууга;

8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;

9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырууга;

10) зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;

11) мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишканага чарбалык башкаруу укугунда таандык болгон имараттарды жана курулмаларды, жер участогун, жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдин негизинде юридикалык жана жеке жактарга колдонууга өткөрүп берүүгө же ижарага берүүгө;

12) Ишкананын алдында турган милдеттерди жүзөгө ашыруунун алкагында юридикалык (ар кандай менчиктин түрлөрүндө) жана жеке жактардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;

13) Уюмдаштыруучунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте улуттук жана чет өлкөлүк валютада коммерциялык негизде алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга;

14) туризм чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүүгө;

15) юридикалык жана жеке жактар менен биргелешкен ишти жүргүзүүгө;

16) Кыргыз Республикасынын аймагында соода түйүндөрүн ачууга;

17) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

18. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;

2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;

3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга;

4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;

5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;

6) чарбалык башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;

7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.

19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишкананын иши токтотулгандан кийин да мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир эткен маалыматтарды сактоого милдеттүү.

4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы

20. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;

2) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;

3) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды Уюмдаштыруучуга киргизүү;

4) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;

5) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;

6) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;

7) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

8) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;

9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;

10) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;

11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.

21. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;

2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;

3) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына барууга;

4) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;

5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө.

Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.

22. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;

2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;

3) Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан жасалган ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;

4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.

Мамлекеттик башкаруу органы ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.

5-глава. Ишкананы башкаруу

23. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору ишке ашырат.

24. Ишкананын директору Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга шайкеш келген мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.

25. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.

Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.

Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

26. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) ишин баалоодо канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчётун кароонун натыйжасы боюнча;

2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;

3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;

4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;

5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;

2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;

3) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;

4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүү;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана мамлекеттик башкаруучу органдын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыздоо;

6) мамлекеттик башкаруу органы жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;

7) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;

8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;

10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;

11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.

28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;

2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;

4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

5) Ишкананын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат берүүгө;

6) банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга;

7) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүүгө;

8) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган жумуш күндөрүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөөгө;

9) Ишкананын кызматкерлерине төмөнкүдөй түрдө дем берүүгө;

- материалдык (акчалай же накталай түрдө), ар кандай кошумча төлөмдөрдү камтыган;

- материалдык эмес, ыраазычылык жарыялоо, ардак тактасына жайгаштыруу, ардактуу наам ыйгаруу, грамота, медаль же эстелик белгиси менен сыйлоо.

Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.

29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;

3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;

4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган фактылары жөнүндө маалымдоого;

5) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берүүгө.

Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.

30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.

31. Ишкананын директору:

1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;

3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;

4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;

5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;

6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;

7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;

8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчетунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.

33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)

34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.

Ишкананын директорунун орун басарлары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын Ишкананын директору тарабынан бекитилген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)

35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордуна дайындалганга чейин, анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын директорунун орун басарына же кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.

36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет.

37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.

6-глава. Ишкананын жетекчилик курамы

39. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) директор, директордун орун басары;

2) башкы бухгалтер.

40. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өзүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.

Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.

41. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:

1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;

3) мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;

4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеген, алардын аракеттери аны банкроттукка алып келген адамдар;

5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.

Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.

7-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук

42. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.

Стратегиялык өнүктүрүүнүн планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.

43. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын баяндалышын;

2) тармактын жана рыноктун сыпатталышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;

3) Ишкана тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздемени;

4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;

5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;

6) уюштуруу планын;

7) финансылык планды;

8) тобокелдиктерди талдоону.

44. Ишкананын иш пландарынын негизин узак мөөнөттүү жана Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу башка келишимдер түзөт.

45. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди аныктоодо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун шарттарын тандоодо эркин.

46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.

47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:

1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруу түзүмүндө болгон учурда ички аудит кызматына);

2) мамлекеттик башкаруу органына;

3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.

48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.

49. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн директор Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

51. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.

8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы

52. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу болуп саналат.

53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт.

54. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;

2) ага бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукциялар;

3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун башка булактар.

55. Ишкана тарабынан өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган жана сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укуктарын ишке ашырат.

56. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

57. Ишкана өз мүлкүн инвентаризациялоо жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.

58. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал тарабынан бекитилген таза пайданын бир бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан ары отчеттук мезгилдеги кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.

9-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу

59. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.

Ишкананы кошуу, бириктирүү, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.

60. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:

1) мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;

2) соттун чечиминин негизинде.

61. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын жетекчиси жетектейт.

Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.

62. Ишкананын иш процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.