Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 1-июлу № 130
2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында кабыл алынган Эко таза энергия борборунун уставын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында кабыл алынган Эко таза энергия борборунун уставы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамотаны депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |