МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 1-июлундагы № 130 «2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында кабыл алынган Эко таза энергия борборунун уставын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция01.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 1-июлу № 130

 

2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында кабыл алынган Эко таза энергия борборунун уставын ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында кабыл алынган Эко таза энергия борборунун уставы ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамотаны депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) башкы катчысына депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 19-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган