Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 13-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-июлу № 384
Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, улуттук мунай кайра иштетүү комплексин өнүктүрүү, борборлоштурулган сатып алуулардын натыйжалуу системасын түзүү жана мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасы) мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун муктаждыктары үчүн төмөнкү чөйрөлөрдө күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай заттардын башка түрлөрүнүн башкы берүүчүсү болуп аныкталсын:
1) авиациялык;
2) тоо-кен казып алуу;
3) темир жол;
4) жол куруу.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
1) ведомстволук мамлекеттик ишканалар жана уюмдар тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасынан гана сатып алууну камсыз кылсын;
2) күйүүчү-майлоочу материалдарды берүү боюнча узак мөөнөттүү контракттарды түзүү үчүн ведомстволук уюмдардын "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен өз ара аракеттенүүсүн координацияласын.
3) ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен биргеликте жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзсүн;
4) 2025–2026-жылдарга титулдук тизмени иштеп чыгууда бул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жана анын туунду коомдоруна, "Кыргызстандын аэропорттору" ачык акционердик коомуна жана анын туунду коомдоруна күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасынан сатып алуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасына чийки затты жана мунай заттарын кайра иштетүү үчүн түз берүүнү белгилөөгө жана жабдуу чынжырын оптималдаштырууга көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун тиркелген типтүү тартибинде:
57-пунктта:
- 17-пунктчада:
расмий тилде "17) приобретения товаров" деген сөздөр "18) приобретения товаров" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилде "17) улуттук" деген сөздөр "18) улуттук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:
"19) авто май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу учурларын кошпогондо, авиациялык, тоо-кен казып алуу, темир жол жана жол куруу чөйрөлөрүндө иш жүргүзгөн ишканалардын муктаждыктары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган берүүчүдөн сатып алуу.".
6. "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардын, чарбалык коомдордун жана алардын туунду коомдорунун өндүрүштүк процесстерине колдонулган тиешелүү сапаттагы күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай заттардын башка түрлөрүнүн зарыл болгон көлөмүн туруктуу жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылсын;
2) берилүүчү күйүүчү-майлоочу материалдарга жана мунай заттардын башка түрлөрүнө бааларды түзүүнү рыноктун конъюнктурасын эске алып, алардын негизсиз жогорулашына жол бербөөнү камсыз кылуу менен жүргүзсүн.
61. Бул токтомдун 1-пунктунун 4-пунктчасы 2026-жылдын 1-майынан тартып колдонулууга тийиш деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |