ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 630 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384»Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 3-октябры № 630

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 “Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-пунктчалар менен толукталсын:

“3) ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен биргеликте жол куруу тармагын күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын башка түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзсүн;

4) 2025–2026-жылдарга титулдук тизмени иштеп чыгууда бул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды карасын.”;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

“61. Бул токтомдун 1-пунктунун 4-пунктчасы 2026-жылдын 1-майынан тартып колдонулууга тийиш деп белгиленсин.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 76 (3732) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев