Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-июлу № 146
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Дүйнөлүк банктын ыкчам чара көрүү механизмин киргизүү үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун жана Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууларга түзөтүүлөр боюнча макулдашуу каттарын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Дүйнөлүк банктын ыкчам чара көрүү механизмин киргизүү үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун жана Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууларга түзөтүүлөр боюнча макулдашуу каттары ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка жогоруда аталган макулдашуу каттарынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |