МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 146 «2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Дүйнөлүк банктын ыкчам чара көрүү механизмин киргизүү үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун жана Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууларга түзөтүүлөр боюнча макулдашуу каттарын ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция17.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 17-июлу № 146

 

2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Дүйнөлүк банктын ыкчам чара көрүү механизмин киргизүү үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун жана Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууларга түзөтүүлөр боюнча макулдашуу каттарын ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Дүйнөлүк банктын ыкчам чара көрүү механизмин киргизүү үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун жана Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууларга түзөтүүлөр боюнча макулдашуу каттары ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка жогоруда аталган макулдашуу каттарынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган