Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 18-июлундагы № 428 токтомуна)
Бала асырап алган
кызматкерлерге өргүү берүү
тартиби
1. 3 айга чейинки курактагы баланы асырап алган кызматкерлерге өргүү берилет:
- асырап алган күндөн тартып жана асырап алынган баланын туулган күнүнөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейинки, ал эми бир эле учурда эки жана андан көп баланы асырап алууда – алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге;
- бала үч жашка чыкканга чейин эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү.
Жубайлардын экөө тең баланы (балдарды) асырап алган учурда көрсөтүлгөн өргүү алардын каалоосу боюнча жубайлардын бирине берилет.
Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча өргүүнүн ордуна бала асырап алган күндөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейинки, ал эми бир эле учурда эки жана андан көп бала асырап алууда – алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет.
2. Бала (балдарды) асырап алган кызматкер бала багуу боюнча өргүү алуу үчүн иштеген жерине өргүүнүн түрүн жана анын узактыгын көрсөтүү менен өргүү берүү жөнүндө арыз берет жана аны алууга кызматкердин укугун ырастоочу документти (бала (балдарды) асырап алуу жөнүндө соттун чечими же баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүк) берет.
Бала (балдарды) багуу боюнча өргүүнү тариздөөдө жубайлардын бирине ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бала багуу боюнча өргүүнү ал пайдаланбагандыгы же жубайы ушул Тартиптин 1-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык берилген кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө экендиги жөнүндө экинчи жубайына иштеген (кызмат өтөгөн, окуган) жеринен маалымкат берилет.
3. Ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өргүүлөрдү кызматкерлерге берүү ар бир өргүүнүн узактыгы анда көрсөтүлүү менен жумуш берүүчүнүн буйругу менен таризделет.
4. Бала (балдарды) асырап алган кызматкерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасы эсептелет.
5. Бала (балдарды) асырап алган кызматкерлерге ушул Тартиптин 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн өргүү мезгилине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.
6. Бала асырап алуу жөнүндө ишти кароого жана тиешелүү сот чечимин чыгарууга катышкан кызмат адамдары, ошондой эле бала асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизген органдардын кызмат адамдары жана кызматтык (эмгек) милдеттерин аткарууга байланыштуу бала асырап алуу жөнүндө маалыматка ээ болгон башка адамдар бала асырап алуу сырын сактоого милдеттүү.
Бала асырап алуучулардын эркине каршы бала асырап алуу сырын ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келет.