Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-февралы № 15
Ынтымак айылындагы“Алтын уя” балдар бакчасына
ойноо аянтчасын куруу жөнүндө
(Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 33-чакырылыштагы депутаттарынын 2025-жылдын 14-февралындагы кезектеги 5-сессиясы Ынтымак айылындагы “Алтын уя” балдар бакчасынын директору С.Сыдыкованын кайрылуусун угуп, талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылындагы “Алтын уя” балдар бакчасына ойноо аянтчасын куруу максатуу жана керектүү деп табылсын.
2. “Бакубат Талас” фондуна ойноо аянтчасына 1 840448 сомдук керектүү жабдууларды алуу үчүн долбоорго колдоо көрсөтүү жагы суралсын
(Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С.Досмамбетовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Коккозов |