Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 10
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-февралындагы №15 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 33-чакырылыштагы депутаттарынын 2025-жылдын 15-августундагы кезектеги 9-сессиясы Ынтымак айылындагы “Алтын уя” балдар бакчасынын директорунун кайрылуусун угуп, талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңещинин 2025-жылдын 14-февралындагы №15 токтомунун экинчи бөлүмүндөгү “Бакубат Талас” фондуна ойноо аянтчасына 1 миллион сомдук керектүү жабдууларды алуу үчүн долбоорго колдоо көрсөтүү дегендин ордуна 1 840448 сомдук керектүү жабдууларды алуу үчүн долбоорго колдоо көрсөтүү жагы суралсын деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Коккозов |