Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-июлу № 452
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- эскертүүдөгү 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесинде:
- эскертүүдөгү 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 14, 19, 20-тиркемелер ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
| А.А. Касымалиев
|
1-тиркеме
“14-тиркеме
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин
айрым категорияларынын тарифтик ставкасына
(маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Билим берүү уюмдарынын, кызмат орундардын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, бир айга |
1-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары | ||
1 | Дефектолог, логопед, сурдопедагог | 2,493 |
2 | Психолог, психиатр, сурдолог, музыкалык кызматкер, методист | 1,995 |
3 | Бухгалтер | 1,895 |
4 | Лаборант, ашпозчу | 1,85 |
5 | Тарбиячынын жардамчысы, санитарка-няня | 1,65 |
2-глава. Жалпы билим берүү уюмдары (бардык типтеги жана аталыштагы мектептер жана мектеп-интернаттар, балдар үйлөрү), адистештирилген реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо борборлору, маданият жана искусство балдар мектептери | ||
6 | Башкы бухгалтер, мектептеги окуучулардын контингенти: |
|
| 100гө чейин | 1,755 |
| 100дөн 880ге чейин | 1,995 |
| 880ден 1360ка чейин | 2,074 |
| 1360тан ашык | 2,154 |
7 | Мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн, адистештирилген реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо борборунун бухгалтери | 1,795 |
8 | Мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн, адистештирилген реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо борборунун бухгалтер-кассири | 1,716 |
9 | Мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн, адистештирилген реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо борборунун башкы бухгалтери, тарбиялануучулардын контингенти: |
|
| 100гө чейин | 1,995 |
| 100дон 200гө чейин | 2,074 |
| 200дөн ашык | 2,154 |
10 | Дефектолог, логопед, сурдопедагог, логопед мугалим, дефектолог мугалим | 2,493 |
11 | Социалдык педагог, психолог, дарыгер, клиникалык психолог, педагог-психолог | 2,194 |
12 | Музыкалык жетекчи, китепканачы, библиограф, психиатр, сурдолог, стоматолог дарыгер, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, шеф-ашпозчу, лаборатория башчысы, китепкана башчысы, инженер, инженер-программист, адис, комплекстүү реабилитациялоо боюнча адис, реабилитациялоо боюнча адис, интернаттын башчысы | 1,995 |
13 | Ийримдин, класстан тышкаркы дене тарбия ишинин жетекчиси | 1,886 |
14 | Лаборант, кампа башчысы, ашпозчу | 1,85 |
15 | Тарбиячынын жардамчысы | 1,65 |
3-глава. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | ||
16 | Башкы бухгалтер, окуучулардын контингенти: |
|
| 280ге чейин | 1,755 |
| 280ден 640ка чейин | 1,915 |
| 640тан 1000ге чейин | 2,035 |
| 1000ден ашык | 2,154 |
17 | Бөлүм башчы, окуу бөлүмүнүн башчысы | 2,154 |
18 | Методист, педагог-уюштуруучу, сүрөтчү, жасалгалоочу сүрөтчү, уюштуруучу, психолог, үн режиссеру | 1,995 |
19 | Бухгалтер | 1,895 |
20 | Ансамблдин көркөм жетекчиси, хормейстер, балетмейстер, дирижер, концертмейстер, китепканачы, дарыгер | 1,995 |
4-глава. Орто кесиптик билим берүү уюмдары | ||
21 | Бөлүмдүн, китепкананын башчысы, дене тарбиянын, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, аскердик жетекчи, лаборатория башчысы | 1,795 |
22 | Дарыгер | 1,829 |
23 | Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти: |
|
| 280ге чейин | 1,596 |
| 280ден 640ка чейин | 1,662 |
| 640тан 1000ге чейин | 1,729 |
| 1000ден ашык | 1,795 |
24 | Улук лаборант, инженер, программист, адис, инспектор | 1,662 |
25 | Бухгалтер, экономист, юрист | 1,579 |
26 | Бухгалтер-кассир, тарбиячы | 1,529 |
27 | Лаборант | 1,496 |
28 | Окуу устаты, китепканачы | 1,430 |
5-глава. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдары | ||
29 | Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти: |
|
| 280ге чейин | 1,381 |
| 280ден 640ка чейин | 1,432 |
| 640тан 1000ге чейин | 1,483 |
| 1000ден ашык | 1,534 |
30 | Дарыгер | 1,407 |
31 | Окуу, пландоо-финансылык, редакциялык-басма, маалыматтык бөлүмдөрдүн начальниги, башкы инженер, башкы бухгалтердин орун басары, студенттердин контингенти: |
|
| 280ге чейин | 1,253 |
| 280ден 640ка чейин | 1,304 |
| 640тан 1000ге чейин | 1,356 |
| 1000ден ашык. | 1,407 |
32 | Окумуштуу катчы, докторантуранын жана аспирантуранын, лабораториянын жана башка бөлүмдөрдүн башчысы, сектор башчы, китепкананын директору, музейдин директору, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, башкы адис, башкы илимий кызматкер, борбордун директору | 1,330 |
33 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү илимий кызматкер, жетектөөчү концертмейстер, юрист, улук экономист, бухгалтер, инженер-программист, улук лаборант, башкы китепканачы, башкы библиограф, эксперт | 1,279 |
34 | Улук адис, методист, бухгалтер-кассир, улук инспектор, улук китепканачы, концертмейстер, экономист, реставратор, улук илимий кызматкер, улук китепканачы | 1,202 |
35 | Ректордун жардамчысы, китепканачы, окуу устаты, адис, лаборант, сүрөтчү, тарбиячы, жогорку билимдүү иллюстратор, жогорку билимдүү инженер, инспектор | 1,151 |
36 | Инспектор, статист-аналитик, орто кесиптик билими бар иллюстратор, комендант | 1,023 |
6-глава. Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана анын түштүк филиалы | ||
37 | Борбордун директору | 3,590 |
38 | Окумуштуу катчы, башкы инженер, лаборатория башчысы | 3,411 |
39 | Башкы бухгалтер | 3,231 |
40 | Бөлүмдүн, китепкананын, канцеляриянын башчысы, башкы бухгалтердин орун басары, башкы адис, башкы илимий кызматкер | 2,992 |
41 | Бухгалтер, экономист, юрист, жетектөөчү адис, жетектөөчү китепканачы, методист, редактор, инженер-программист, жетектөөчү илимий кызматкер, улук лаборант | 2,842 |
42 | Улук инспектор, инженер, бухгалтер-кассир, улук илимий кызматкер | 2,753 |
43 | Комендант, илимий кызматкер, лаборант, инспектор, адис, архивариус, китепканачы | 2,693 |
7-глава. Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору, мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн облустук институттары | ||
44 | Башкы бухгалтер | 1,729 |
45 | Бөлүмдүн, кабинеттин башчысы, башкы адис | 1,629 |
46 | Жетектөөчү адис, методист, бухгалтер, китепкана башчысы | 1,579 |
47 | Адис, китепканачы | 1,430 |
8-глава. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация | ||
48 | Башчы | 1,829 |
49 | Психолог, олигофренопедагог, сурдопедагог, логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог | 1,662 |
50 | Лаборант | 1,496 |
Эскертүү:
1. Ушул тиркеменин 16–20-пункттарында көрсөтүлгөн “Алтын түйүн” республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти кызматкерлердин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 80 пайызга жогору белгиленет.
2. Окуучулардын контингенти 226га чейин болгон жалпы билим берүү уюмдарында китепкана иши үчүн айына 5400 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
3. Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине кабинетке башчылык кылуу, класс жетекчилик, циклдик комиссияга жетекчилик үчүн жана 720 саат жылдык жүктөм үчүн дептер текшерүүгө айына 117 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
Эгерде окутуучу окуу жылында ушул пункттун биринчи абзацында аныкталгандан көп же аз окуу жүктөмүнө ээ болсо, анда дептер текшерүү үчүн кошумча акы тийиштүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.
Орто кесиптик билим берүү уюмдарында аскердик жетекчилердин тарифтик ставкасына (маянасына) бир жылда 480 саат педагогикалык иш үчүн акы төлөө киргизилген. Педагогикалык ишке окуучуларга баштапкы аскердик даярдык боюнча сабактарды (анын ичинде факультативдик сабактарды) жана тактикалык сабактарды өткөрүү кирет.
Мындан тышкары орто кесиптик билим берүү уюмдарында аскердик жетекчинин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактарды өтүү, студенттер менен уюштуруучулук жана аскердик-мекенчилдик иштер, ошондой эле аскердик иштин негиздери боюнча ийримдерди жетектөө милдеттерин аткаруу жана аскердик кабинетти жетектөө кирет (кошумча акы төлөөсүз).
Эгерде орто кесиптик билим берүү уюмдарында жогоруда көрсөтүлгөн ченемде жүктөм камсыз кылынбаса, анда аскердик жетекчиге кызматтык маяна толук төлөнөт.
Орто кесиптик билим берүү уюмдарында аскердик жетекчилер тарабынан аткарылган окуу (педагогикалык) иш бир жылда 480 сааттан ашса, окутуучулар үчүн белгиленген ставка боюнча жана тартипте кошумча төлөнөт. Ошол эле учурда кошумча акы төлөнүүгө тийиш болгон окуу (педагогикалык) иш бир жылда 480 сааттан ашпоого тийиш.
4. Ушул тиркеменин 21–36-пункттарында көрсөтүлгөн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти кызматкерлердин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 50 пайызга жогору белгиленет.
5. Билим берүү уюмдарынын медицина кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) 3 жыл медициналык иш стажы үчүн он пайыз өлчөмүндө, 8 жыл үчүн – жыйырма пайыз өлчөмүндө, 13 жана андан ашык жыл үчүн – отуз пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет (19-тиркеменин 28-пунктуна да тиешелүү).
6. Билим берүү уюмдарынын китепкана кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) 3 жыл китепкана иши стажы үчүн он пайыз өлчөмүндө, 8 жыл үчүн – жыйырма пайыз өлчөмүндө, 13 жана андан ашык жыл үчүн – отуз пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
7. Ушул тиркеменин 29–36-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти кызматкерлердин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 30 пайызга жогору белгиленет.
8. Ушул тиркеменин 43-пунктунда көрсөтүлгөн инспектор, адис, архивариус, китепканачы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына тиешелүү.”.
2-тиркеме
|
| “19-тиркеме |
Билим берүү системасында иштеген техникалык
тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкасына
(маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундардын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Улук архивариус | 1,30 |
2 | Катчы (катчы-машинистка, катчы-референт), (жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында диспетчер, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү) | 1,25 |
3 | Жабдуу боюнча агент | 1,40 |
4 | Окуу бөлүмүнүн катчысы, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү (орто кесиптик билим берүү уюмдарында) | 1,35 |
5 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,75 |
6 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,95 |
7 | Режим боюнча нөөмөтчү, жатакана боюнча нөөмөтчү | 1,40 |
8 | Дизайнер | 1,75 |
9 | Зал боюнча нөөмөтчү, портье | 1,25 |
10 | Диспетчер | 1,75 |
11 | Архив башчысы, канцелярия башчысы | 1,75 |
12 | Чарбанын башчысы, кампанын башчысы, кийимкананын башчысы | 1,75 |
13 | Кир жуучу жайдын башчысы | 1,75 |
14 | Эмгек боюнча инструктор | 1,40 |
15 | Кассир | 1,40 |
16 | 1, 2, 3-категориядагы киномеханик | 1,75 |
17 | Комендант | 1,75 |
18 | Корректор | 1,75 |
19 | Костюмер | 1,40 |
20 | Механик, спорт кемелеринин механиги, курал-жарак оңдоо боюнча механик | 1,75 |
21 | Буу казан жайынын оператору, машинист | 1,75 |
22 | Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору, электрондук-эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) оператору, жеке эсептөөчү машиналардын (ЖЭМ) оператору | 1,40 |
23 | Котормочу | 1,95 |
24 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер | 1,40 |
25 | Редактор | 1,85 |
26 | Музыкалык аспаптарды оңдоочу-күүлөөчү | 1,85 |
27 | Өтүкчү (бут кийим оңдогуч) | 1,25 |
28 | Медайым | 1,85 |
29 | Музейди кароочу | 1,40 |
30 | Техник | 1,85 |
31 | Электргаз ширетүүчү, ширетүүчү | 1,40 |
Эскертүү:
1. Техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары кесиптик билимди, шыкты жана көндүмдөрдү талап кылган аткарылуучу жумуштун татаалдык деңгээлине жараша мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленет.
2. Автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күн үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына жараша тарифтик ставкасынан (маянасынан) 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
3. Кесиптик чебердиги үчүн дифференцияланган үстөк акылар тийиштүү тарифтик ставкадан (маянадан): 2-разряддагы жумушчулар үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө, 3-разрядга – 10 пайыз, 4-разрядга – 15 пайыз, 5-разрядга – 20 пайыз, 6-разрядга – 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
4. “Алтын түйүн” республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын техникалык тейлөөчү персоналына 8 500 сом өлчөмүндө сааттык (бир ставкадан ашпаган) үстөк акы төлөнөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин техникалык тейлөөчү персоналына 10 500 сом өлчөмүндө сааттык (бир ставкадан ашпаган) үстөк акы төлөнөт.
6. Ушул тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун техникалык тейлөөчү персоналына 2 500 сом өлчөмүндө сааттык (бир ставкадан ашпаган) үстөк акы төлөнөт.
7. Ушул тиркеменин 1, 2, 4, 17-пункттарында көрсөтүлгөн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине 5 000 сом өлчөмүндө сааттык (бир ставкадан ашпаган) үстөк акы төлөнөт.”.
3-тиркеме
|
| “20-тиркеме |
|
|
|
Билим берүү системасында иштеген кенже тейлөөчү
персоналдын тарифтик ставкасына
(маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундардын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Ассенизатор | 1,40 |
2 | Гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, күзөтчү), өткөрмө пункттун контролеру | 1,20 |
3 | Короо тазалагыч (аймакты тазалоочу), багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч | 1,20 |
4 | От жаккыч (кочегар) | 1,20 |
5 | Кубовщик, ташыгыч, мончочу | 1,20 |
6 | Кампачы, кастелянша, курьер | 1,20 |
7 | Ашкана кызматкери | 1,20 |
8 | Көмөкчү жумушчу | 1,20 |
9 | Сцена боюнча кызматкер | 1,40 |
10 | Экспедитор | 1,40 |
11 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, маляр, шыбакчы | 1,20 |
12 | Үтүкчү, кийим, шейшеп комплекттөөчү, кир жуугуч, кир (атайын кийимди) жуугуч машинист | 1,25 |
13 | Санитарка, башка кенже медициналык персонал | 1,40 |
14 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочу | 1,20 |
15 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1,20 |
Эскертүү:
1. Кенже тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкасы (маянасы) аткарылган иштин татаалдык даражасына жараша белгиленет.
2. Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кир (атайын кийимди) жуугуч машинисттерге, кир жуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн тарифтик ставкадан (маянадан) 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.
3. “Алтын түйүн” республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын кенже тейлөөчү персоналына 8 000 сом өлчөмүндө сааттык (бир ставкадан ашпаган) үстөк акы төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кенже тейлөөчү персоналына 10 000 сом өлчөмүндө сааттык (бир ставкадан ашпаган) үстөк акы төлөнөт.”.