Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-июлу № 163
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын коштоочу чаралары үчүн Бирдиктүү донордук максаттуу фонддун гранты жөнүндө макулдашууну ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору), "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. Каржылоо жөнүндө макулдашуудагы өзгөртүүлөр" 6414-KG кредити/D468-KG гранты тууралуу катты жана "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. ТФ гранты жөнүндө макулдашуудагы № 3 өзгөртүүлөр" TF0B1552 гранты тууралуу катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлгандар ратификациялансын:
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору);
- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын коштоочу чаралары үчүн Бирдиктүү донордук максаттуу фонддун гранты жөнүндө макулдашуу ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору);
- "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. Каржылоо жөнүндө макулдашуудагы өзгөртүүлөр" 6414-KG кредити/D468-KG гранты тууралуу кат;
- "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. ТФ гранты жөнүндө макулдашуудагы № 3 өзгөртүүлөр" TF0B1552 гранты тууралуу кат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын жана каттардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |