МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 163 «2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну («Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо» долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын коштоочу чаралары үчүн Бирдиктүү донордук максаттуу фонддун гранты жөнүндө макулдашууну («Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо» долбоору), «Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. Каржылоо жөнүндө макулдашуудагы өзгөртүүлөр» 6414-KG кредити/D468-KG гранты тууралуу катты жана «Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. ТФ гранты жөнүндө макулдашуудагы № 3 өзгөртүүлөр» TF0B1552 гранты тууралуу катты ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция28.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2025-жылдын 28-июлу № 163

 

2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын коштоочу чаралары үчүн Бирдиктүү донордук максаттуу фонддун гранты жөнүндө макулдашууну ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору), "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. Каржылоо жөнүндө макулдашуудагы өзгөртүүлөр" 6414-KG кредити/D468-KG гранты тууралуу катты жана "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. ТФ гранты жөнүндө макулдашуудагы № 3 өзгөртүүлөр" TF0B1552 гранты тууралуу катты ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлгандар ратификациялансын:

- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору);

- Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын коштоочу чаралары үчүн Бирдиктүү донордук максаттуу фонддун гранты жөнүндө макулдашуу ("Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция үчүн кошумча каржылоо" долбоору);

- "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. Каржылоо жөнүндө макулдашуудагы өзгөртүүлөр" 6414-KG кредити/D468-KG гранты тууралуу кат;

- "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча операция. ТФ гранты жөнүндө макулдашуудагы № 3 өзгөртүүлөр" TF0B1552 гранты тууралуу кат.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын жана каттардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 25-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган