Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 1-августу ПЖ № 226
Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана
административдик муниципалдык кызмат орундарына
кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 12, 47, 49, 53-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резерви жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан министрлери, мамлекеттик комитеттеринин төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун жетекчилери жана алардын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген, алар ээлеген кызмат орундарында 6 айдан кем эмес иштеген, айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервинин (мындан ары – кадрлар резерви) тиешелүү топторунун квалификациялык талаптарына ылайык келген адамдар алардын арызы боюнча кадрлар резервинин тиешелүү тобуна конкурстан өтпөстөн киргизилет;
– жылдык баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын жетекчилери квалификациялык талаптарга шайкеш келген учурда, кийинки жылдык баалоонун натыйжалары боюнча кадрлар резервинде болуу мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен алардын арызы боюнча конкурстан өтпөстөн кадрлар резервинин тиешелүү тобуна бир жылдык мөөнөткө киргизилет;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык конкурстун жыйынтыгы боюнча региондук жана муниципалдык кадрлар резервине мурда киргизилген жана турган адамдар (мындан ары – резервдегилер), ушул Жарлыкка ылайык түзүлгөн кадрлар резервинин тиешелүү тобуна бир жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө киргизилет. Ошол эле учурда региондук жана муниципалдык кадрлар резервинде болуу мөөнөтү бир жылдан эрте аяктаган резервдегилер аларда болуу мөөнөтү аяктагандан кийин кадрлар резервинен чыгарылат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштеп жаткан башчыларын жана алардын орун басарларын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жободо каралган бирдей же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде дайындоодо конкурстук жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт;
- райондук маанидеги шаарлардын иштеп жаткан мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жободо каралган бирдей же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде дайындоодо конкурстук жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт;
- шаарлардын мэрлеринин иштеп жаткан орун басарларын ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жободо каралган бирдей же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде дайындоодо конкурстук жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кадрлар резервине киргизилген, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта турбаган адамдар кадрлар резервине киргизилген күндөн тартып акыркы 12 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өз каражаттарынын эсебинен узактыгы 36 сааттан кем эмес окуудан өтүүгө милдеттүү.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 321 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 173 “Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 241 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-февралындагы № 31 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |