ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 321

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-15-пунктчалар менен толукталсын:

"4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине алар киргизилген мөөнөткө):

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат ордуна кадрлардын региондук резервине;

- республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине;

5) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине алар киргизилген мөөнөткө) киргизилет;

6) республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө):

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна региондук кадрлар резервине;

- облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине;

7) облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө):

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна региондук кадрлар резервине;

- республикалык, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине;

8) райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө):

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине;

- облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине;

9) республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет (республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө);

10) облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет (облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине алар киргизилген мөөнөткө);

11) бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштеп жаткан башчылары (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо) өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине киргизилет;

12) бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын иштеп жаткан орун басарлары (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо) өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине киргизилет;

13) шаарлардын иштеп жаткан мэрлери:

- бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген республикалык маанидегилер (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;

- бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар облустук маанидегилер (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;

- бул кызматта 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген райондук маанидегилер (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;

14) бул кызмат ордунда 1 жылдан ашык иш стажы бар жана квалификациялык талаптарга ылайык келген айыл өкмөттөрүнүн иштеп жаткан башчылары (ушул резервде турган адамдарды кошпогондо), өздөрүнүн арызы боюнча конкурстан өтпөстөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет;

15) иштеп жаткан министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген, ээлеп турган кызмат ордунда 6 айдан кем эмес иштеген жана квалификациялык талаптарга ылайык келген мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн арызы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын же алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине же шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервине конкурстан өтпөстөн киргизилет.";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Документтерди кабыл алуу мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлөт.";

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү берилген документтерди карап чыгат жана белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлерди тестирлөөгө, ал эми Улуттук резервде турган адамдар үчүн аңгемелешүүгө урyксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талаш учурлар боюнча документтер конкурстук комиссия тарабынан каралат, ал талапкерлерге уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.";

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыш аралыктан (онлайн режимде) өткөрүлүшү мүмкүн.";

- 19-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Резервдеги адамдын региондук резервде туруу мөөнөтү ал региондук резервге киргизилген күндөн тартып үч жылды түзөт.";

3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Документтерди кабыл алуу мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлөт.";

- 10-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү берилген документтерди карап чыгат жана белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлерди тестирлөөгө, ал эми Улуттук резервде турган адамдар үчүн аңгемелешүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талаш учурлар боюнча документтер конкурстук комиссия тарабынан каралат, ал талапкерлерге уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.";

- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыш аралыктан (онлайн режиминде) өткөрүлүшү мүмкүн.";

- 23-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Резервдеги адамдын муниципалдык резервде туруу мөөнөтү ал муниципалдык резервге киргизилген күндөн тартып үч жылды түзөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.";

- 24-пунктунун экинчи абзацындагы "3төн" деген сөз "2ден" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 25-пунктунун экинчи абзацындагы "3төн" деген сөз "2ден" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 27-пунктунда:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде турган адам ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу (эгерде адам ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык кадрлар резервине киргизилген учурда);";

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- бош административдик кызмат орундарын ээлөөдөн эки жолудан көп баш тартканда.".

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров