Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын (мындан ары - мамлекеттик билим берүү стандарттары) багытын, мазмунун иштеп чыгуу, колдонуу жана ишке киргизүү тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик билим берүү стандарттары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга багытталган:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында (мындан ары - билим берүү уюму) билим берүүнүн мазмунуна карата бирдиктүү мамилени;
- билим берүү программасы боюнча окутуунун натыйжаларына коюлган минималдуу талаптарды;
- билим берүү программаларынын үзгүлтүксүздүгүн;
- билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программаларынын мазмунунун вариативдүүлүгүн, билим алуучулардын билим алуу муктаждыктарын жана жөндөмдөрүн эске алуу менен ар кандай деңгээлдеги татаалдыктагы жана багыттагы билим берүү программаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн;
- кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлинин негизги билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарына жана аны өздөштүрүүнүн натыйжаларына коюлган минималдуу талаптардын деңгээлинде билим берүүнүн сапатынын мамлекеттик кепилдиктерин.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары тиешелүү деңгээлдеги адистиктер жана багыттар боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгынын деңгээлин баалоо үчүн негиз болуп саналат.
2-глава. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мазмуну
3. Мамлекеттик билим берүү стандарттары төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
- билим берүү программаларынын түзүмүнүн, мазмунунун минимумуна (анын ичинде негизги билим берүү программасынын милдеттүү бөлүгүнүн жана билим берүү процессинин катышуучулары тарабынан түзүлүүчү бөлүктүн катышына) жана алардын эмгек сыйымдуулугуна;
- окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу кесиптик билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоонун негизги талаптарына;
- негизги билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарына, анын ичинде кадрдык, материалдык-техникалык камсыздоого жана башка шарттарга.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары окутуунун формаларын, ар кандай билим берүү технологияларын колдонууну жана билим алуучулардын айрым категорияларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кесиптик жогорку жана орто билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрүн белгилейт.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарын билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн ишке кабыл алууда министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик уюмдар, мекемелер, ишканалар, билим берүү программаларын жана уюмдарды аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер, ошондой эле өзүнүн билим деңгээлин жогорулатууну каалаган адамдар жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик билим берүү стандарттары төмөнкүлөрдү аныктайт:
- кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү программаларынын, принциптердин, түзүмүнүн жана өздөштүрүү натыйжаларына коюлган талаптарды;
- билим алуучулардын окуу жүктөмүнүн минималдуу көлөмүн;
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоо деңгээлине жана алар ээ болгон компетенцияларга коюлган талаптарды;
- кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруу, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүү шарттарына, кесиптик билим берүүнүн ар бир деңгээлине кабыл алуу шарттарына коюлган талаптарды;
- кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүү мөөнөттөрүн;
- кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана билим берүү уюмдарынын билим берүүнүн мазмунун аныктоодо компетенцияларынын чектерин.
5. Мамлекеттик билим берүү стандарттары кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлинин адистиктери жана багыттары боюнча белгиленет.
6. Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макети ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан экономиканын тиешелүү секторунун кызыкдар тараптарын тартуу жана инклюзивдик билим берүүнү эске алуу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Макеттерде тийиштүү деңгээлдеги кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын түзүмү жана иштеп чыгууга коюлган талаптар белгиленет.
3-глава. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу тартиби
7. Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн багыттары жана адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан окуу-методикалык бирикмелер түзүлөт. Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмеси жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8. Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмелери макеттердин негизинде квалификациялардын улуттук системасын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын жана тиешелүү кесиптик стандарттарды (бар болсо) эске алуу менен багыттар жана адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыгат, алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
9. Өзгөчө статуска ээ кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңдештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
10. Коргоо, ички иштер, саламаттык сактоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, прокуратура органынын иши, жарандык коргонуу чөйрөлөрүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
11. Кесиптик жогорку жана орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык, ошондой эле экономиканын керектөөлөрүн жана жарандардын билим алууга болгон керектөөлөрүн эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгат жана бекитет.
12. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо экономика чөйрөсүн өнүктүрүүнүн өзгөрүп туруучу шарттарына жана иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө байланыштуу зарылчылык боюнча жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономиканын, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүн жана жарандардын билим алууга болгон керектөөлөрүн эске алуу менен жогорку жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча эксперименталдык билим берүү стандарттарын бекитүүгө укуктуу. Кесиптик жогорку жана орто билим берүү программалары боюнча эксперименталдык билим берүү стандарттарын бекитүү эрежелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4-глава. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү
14. Мамлекеттик билим берүү стандарттары кесиптик билим берүү программаларын, билим берүү уюмдары тарабынан камсыз кылынуучу билим берүүнүн сапатын объективдүү контролдоонун механизмдерин жана критерийлерин иштеп чыгуу, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоо, ошондой эле билим берүү уюмдарын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүн жана билим берүү программаларын аккредитациялоо үчүн укуктук негиз болуп саналат.
15. Билим берүү уюмдарынын аккредитациясы менен тастыкталган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын билим берүү уюмдары тарабынан аткарылышы аларга кесиптик билим берүү программаларын өздөштүргөн жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн адамдарга адистиктер жана (же) багыттар боюнча квалификацияны ыйгаруу, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугун берет.
16. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткаруу менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
17. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдары тарабынан мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышына мониторинг ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү программаларын жана билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун натыйжаларын талдоо аркылуу жүргүзүлөт.