Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) окуу-методикалык бирикмелерди түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Окуу-методикалык бирикме (мындан ары - ОМБ) - кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын жана мазмунун өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн илимий-педагогикалык кызматкерлердин, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын бирикмеси.
3. ОМБны түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүргүзүлөт. Өзгөчө статусу бар кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында (мындан ары - КЖБ уюму) ОМБ же ушуга окшош бирикме өз алдынча түзүлөт, бирикменин түзүмү, иштөө тартиби өзгөчө статусу бар КЖБ уюмунун уставы жана ички документи менен аныкталат.
4. ОМБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамын, кесиптик билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. ОМБ өз ишин билим берүү уюмдарынын окуу-методикалык, предметтик-педагогикалык жана башка кеңештери (комиссиялары), кесиптик ассоциациялар, бирикмелер жана башка илимий, долбоордук жана өндүрүштүк уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. ОМБнын ишинин негизги принциптери болуп системалуулук, инновациялуулук, коллегиалдуулук, ачык-айкындуулук, тең укуктуулук жана отчеттуулук саналат.
7. ОМБнын чечимдери сунуштама мүнөзгө ээ.
2-глава. ОМБнын негизги максаттары жана милдеттери
8. ОМБнын негизги максаты билим берүүнүн, илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн заманбап дүйнөлүк тенденцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук квалификациялык системасынын негизинде кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндө даярдоонун жогорку сапатын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын эл аралык билим берүү мейкиндигине андан ары интеграциялоо боюнча билим берүү саясатын аныктоо жана жүргүзүү болуп саналат.
9. ОМБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- адистерди даярдоонун тармактык жана региондук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү билим берүү жана методикалык мейкиндигин түзүүгө көмөктөшүү;
- Квалификациялардын улуттук алкагына, квалификациялардын тармактык (сектордук) алкактарына, кесиптик стандарттарга, илимди, технологияларды өнүктүрүүнүн жана инновациялардын заманбап дүйнөлүк тенденцияларына ылайык даярдоонун бардык деңгээлдериндеги кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мазмунун жана сапатын өркүндөтүү;
- инновациялык тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окутуунун инновациялык технологияларын киргизүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын бирдиктүү санариптик окуу-методикалык платформасын өркүндөтүү, координациялоо жана түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
3-глава. ОМБнын функциялары жана укуктары
10. ОМБнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) кесиптик билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо;
2) инклюзивдик билим берүүнү, экономиканын керектөөлөрүн жана жарандардын билим алуу боюнча керектөөлөрүн эске алуу менен бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын ачык, демократиялуу иштеп чыгуу, талкуулоо жана экспертизалоо;
3) кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименталдык билим берүү стандарттарын экспертизалоо;
4) даярдоо багыттарынын жана адистиктердин тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
5) иш берүүчүлөрдү кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин чечүүгө тартуу, социалдык өнөктөштүктүн алкагында тармактык (сектордук) квалификациялык алкактарды, кесиптик стандарттарды иштеп чыгууга катышуу жана/же демилгелөө;
6) ОМБнын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифин ыйгаруу үчүн даярдалган кол жазмалардын экспертизасын уюштуруу жана өткөрүү;
7) бекитилген жана актуалдуу ченемдик документтерди, билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө материалдарды, инновациялык тажрыйбаны, талкуулоо үчүн долбоорлорду (программаларды), сунуш кылынган окуу-методикалык адабияттарды (ОМБнын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи бар окуу китептерин, окуу куралдарын), ОМБнын иши жөнүндө отчетторду, кабыл алынган чечимдерди ж.б. милдеттүү түрдө жарыялоо менен ОМБнын бирдиктүү маалыматтык порталын түзүү.
11. Өзүнүн милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткаруу максатында ОМБ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) адистерди даярдоонун түзүмүнүн жана мазмунунун өнүгүү тенденцияларына талдоо жүргүзүү жана болжолдоо үчүн кесиптик билим берүү уюмдарында адистерди даярдоо жөнүндө маалыматты сурап алууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу-методикалык адабияттарды, болжолдуу курстарды (модулдарды) ж.б. иштеп чыгуу үчүн кесиптик билим берүү уюмдарынан жана кесиптик бирикмелерден (ассоциациялардан) компетенттүү адис-эксперттерди тартууга;
3) билим берүү уюмдарында окуу китептеринин болушу жана басып чыгарылышы боюнча маалыматты сурап алууга жана окуу-методикалык адабияттарды жана башка окутуучу каражаттарды түзүү боюнча конкурстарды өткөрүү үчүн талаптарды белгилөөгө;
4) кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлөрдүн коомдук-кесиптик бирикмелери, ассоциациялары жана билим берүү уюмдары менен байланыш түзүүгө;
5) кесиптик билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү жана сапатын жогорулатуу маселелери боюнча семинарларды жана кеңешмелерди өткөрүүгө;
6) акы төлөнүүчү негизде маалыматтык, консультациялык жана эксперттик кызматтарды көрсөтүүгө.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча ОМБ:
1) альтернативдүү билим берүү стандарттарынын долбоорлоруна жана окуу дисциплиналарынын болжолдуу программаларына экспертиза жүргүзөт;
2) адистерди даярдоонун сапаты билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келбегендиги же билим берүү уюмунда мыйзам бузуулар жөнүндө рекламациялар келип түшкөндө кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин текшерүүгө катышат;
3) кесиптик билим берүү уюмдарын лицензиялоого жана аккредитациялоого катышат;
4) профессордук-окутуучулук курамга жана илимий кызматкерлерге окумуштуулук даражаларды жана наамдарды ыйгарууда аттестациялык талаптарды иштеп чыгууга катышат;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын грифи менен басууга даярдалган окуу китептеринин жана окуу куралдарынын кол жазмаларына экспертиза жүргүзөт.
4-глава. ОМБнын ишин уюштуруу
13. ОМБнын ишин жалпы координациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү консультативдик орган тарабынан ишке ашырылат, анын чечимдери сунуштама мүнөзгө ээ болот.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кесиптик жогорку билим берүүнүн базалык билим берүү уюмдарынын (мындан ары - базалык билим берүү уюму) алдында кесиптик орто жана жогорку билим берүү үчүн багыттардын (адистиктердин) ирилештирилген топтору боюнча ОМБ түзүлөт. ОМБнын төрагасы болуп базалык кесиптик жогорку билим берүү уюмунун окуу иштери боюнча проректору саналат. ОМБнын төрагасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
15. Төрага багыттардын (адистиктердин) тобу боюнча ОМБнын ишине жетекчилик кылат, ОМБнын түзүмүн аныктайт жана билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамын чыгармачыл топторго жана жамааттарга тартуу үчүн билим берүү уюмдары менен байланыш түзөт.
16. ОМБнын курамы базалык билим берүү уюмунун буйругу менен бекитилет жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин сунушу боюнча өзгөртүлөт.
17. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик кесиптик жогорку билим берүү уюмдары ОМБ иштеген базалык билим берүү уюму боло алат.
18. ОМБнын төрагасы багыттар (адистиктер) боюнча ОМБнын секцияларынын ишин жөнгө салат жана координациялайт, иштелип чыккан ченемдик документтерди карайт, экспертиза жүргүзөт жана бекитүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
19. Даярдоонун тиешелүү багыттары (адистиктер) боюнча алдынкы билим берүү уюмдарынын базасында ОМБнын секциялары түзүлөт, аларда даярдоо деңгээлдери боюнча кичи секциялар уюштурулушу мүмкүн. Кесиптик орто билим берүү үчүн ченемдик документтерди иштеп чыгуу үчүн ОМБнын ишине Республикалык илимий-методикалык борбор тартылат.
20. Базалык билим берүү уюмундагы ОМБнын секциясынын жетекчиси ОМБнын ишин уюштуруу үчүн жооптуу. ОМБнын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн базалык билим берүү уюму зарыл шарттарды түзөт жана ишти жүзөгө ашыруу жана жыйындарды өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин өзүнө алат (анын ичинде онлайн режимде). ОМБнын иши талаптагыдай аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ОМБнын функцияларын башка билим берүү уюмуна өткөрүп берүүгө укуктуу.
21. ОМБ өз ишин ушул Жобого жана ОМБнын төрагасы бекиткен иш планына ылайык иштелип чыккан ОМБнын Жобосунун негизинде жүргүзөт.
22. ОМБнын Жобосу ОМБнын мүчөлөрүнүн функцияларын, укуктарын белгилейт жана иш регламентин аныктайт.
23. ОМБнын ишин камсыз кылуу үчүн базалык билим берүү уюму жыйындарды өткөрүү боюнча шарттарды түзөт жана уюштуруу маселелерин өзүнө алат.
24. ОМБнын төрагаларына жана мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө ОМБнын мүчөлөрүнүн окуу жүктөмүнө кошумча киргизүүнүн эсебинен негизги иштеген жери боюнча жүргүзүлөт.
25. Өзгөчө статусу бар КЖБ уюмдарынын ОМБнын ишин уюштуруу жана координациялоо тартиби билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.