Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун факультети жана кафедрасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун факультети жана кафедрасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - КЖБ уюму) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө ички жоболорду иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
2. Өзгөчө статусу бар КЖБ уюмдары, ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген КЖБ уюмдары, мамлекеттик эмес (жеке) КЖБ уюмдары үчүн бул Жобо сунуштама мүнөзгө ээ.
2-глава. КЖБ уюмдарынын факультети
3. КЖБ уюмдарынын факультети (мындан ары - факультет) - бир нече багыттар жана адистиктер боюнча жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү, методикалык, илимий-изилдөө, маданий-агартуу жана башка иштерди жүзөгө ашыруучу КЖБ уюмунун негизги түзүмдүк бөлүмү.
4. Факультет кафедраларды, окуу жана илимий лабораторияларды жана факультеттин милдеттерин аткарууну камсыз кылуучу башка бөлүмдөрдү бириктирет.
Факультеттин түзүмү жана штаттык расписаниеси КЖБ уюму тарабынан колдо болгон финансылык каражаттардын чегинде аныкталат.
5. Факультеттин расмий аталышы КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңеши тарабынан аны түзүүдө же кайра уюштурууда белгиленет жана билим тармагынын аталышына же адистерди даярдоонун тектеш адистиктеринин тобунун аталышына ылайык келиши керек. Факультеттин аталышын билим алуу формасына же адистерди кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун мүнөзүнө жараша белгилөөгө жол берилет.
6. Факультет төмөнкүлөр болгон учурда факультетти ачуу жөнүндө окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен уюштурулат:
- материалдык-техникалык жана өндүрүштүк практика базалары;
- окуу процессин тиешелүү окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо;
- окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү профессордук-окутуучулук курамы жана илимий-педагогикалык кадрлар курамы;
- өздөштүрүү кесиптик жогорку билим берүүнүн багыттары жана адистиктери боюнча окуу программаларында каралган дисциплиналарды илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде окутууну камсыз кылган кафедралар;
- студенттердин контингенти 100 адамдан кем эмес болгондо.
7. Факультет өз ишин Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, КЖБ уюмунун уставына жана КЖБ уюмунун жетекчиси бекиткен факультет жөнүндө жобого, ошондой эле КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинин, факультеттин чечимдерине жана КЖБ уюмунун администрациясынын башка уюштуруу-тескеме документтерине ылайык жүргүзөт.
8. Факультеттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана кошумча кесиптик билим алуу аркылуу инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
2) илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана студенттердин биргелешкен чыгармачылык ишмердүүлүгү аркылуу фундаменталдык жана колдонмо илимдерди жана искусствону өнүктүрүү, алынган натыйжаларды билим берүү процессинде колдонуу;
3) жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
4) студенттерде жарандык позицияны жана эмгекти сүйүүнү калыптандыруу, жоопкерчиликти, өз алдынчалыкты жана чыгармачылык активдүүлүктү өнүктүрүү;
5) коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү;
6) калк арасында билимди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу.
9. Факультеттин ишин түздөн-түз жетектөөнү факультеттин деканы ишке ашырат. Декандын кызмат орду шайлануучу болуп саналат. Декандын кызмат ордуна шайлоону өткөрүүнүн тартиби КЖБ уюмунун уставы менен аныкталат.
10. Факультеттин деканы факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын жалпы чогулушунда тийиштүү профилдеги илимий даражасы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен жана альтернативдик негизде факультеттин өнүгүү планы жана стратегиясы боюнча көз-карашын көрсөтүү менен шайланат жана КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен беш жылга чейинки мөөнөткө дайындалат. Маданият, искусство, дене тарбия жана спорт багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен КЖБ уюмдарында факультеттин деканынын кызмат ордун көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын ардак наамдары бар адам ээлей алат. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик КЖБ уюмдары декандын кызмат ордун ээлөө же дайындоо тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу.
11. Факультетти уюштурууда жана кайра уюштурууда (бөлүү, бириктирүү жана кайра профилдөө) факультеттин деканы шайланганга чейин белгиленген тартипте КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен факультеттин деканынын милдетин аткаруучу дайындалат.
12. Факультеттин деканы факультетти жетектөө боюнча өз милдеттерин канааттандырарлык эмес аткаргандыгынан улам КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинин чечими менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
13. Факультеттин деканынын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери КЖБ уюмунун уставы жана факультет жөнүндө жобо менен аныкталат.
14. Факультеттин деканынын сунушу боюнча КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен декандын орун басары дайындалат.
15. Факультеттин окуу, илимий-изилдөө, окуу-методикалык ишмердиги, илимий-педагогикалык кадрларды комплекттөө жана даярдоо жагынан жалпы жетекчиликти шайлануучу орган -факультеттин окумуштуулар кеңеши ишке ашырат. Факультеттин окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп факультеттин деканы саналат.
16. Факультеттин окумуштуулар кеңеши КЖБ уюмунун жетекчиси бекиткен Факультеттин окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобонун негизинде иш алып барат.
17. Факультеттин түзүмүн өзгөртүү, жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө чечим КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
3-глава. КЖБ уюмунун кафедрасы
18. КЖБ уюмунун кафедрасы (мындан ары - кафедра) окуу, илимий-изилдөө, методикалык жана тарбиялык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылуучу КЖБ уюмунун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Кафедра кесиптик жогорку билими бар адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашырат, ошондой эле бир же бир нече тектеш багыттар жана адистиктер боюнча жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт.
19. Кафедрага кафедранын даярдоо багыты боюнча билим берүүчү жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүчү окуу-илимий лабораториялар бекитилет.
20. Кафедранын ишинин негизги максаты болуп окутуунун сапатынын деңгээлин жогорулатуу, окутуунун инновациялык формаларын киргизүү, студенттердин билимин бекемдөөнүн, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн калыптандыруунун натыйжалуу формасы катары практикалык, лабораториялык жана өз алдынча сабактарды уюштуруу саналат.
21. Кафедранын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- профессордук-окутуучулук курамдын окуу-методикалык ишин өркүндөтүү;
- студенттердин инсандык чыгармачыл потенциалын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында окутуу технологияларын өркүндөтүү;
- профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин биргелешкен чыгармачыл иши аркылуу фундаменталдык, колдонмо илимдерди жана искусствону өнүктүрүү, алынган натыйжаларды окуу процессинде колдонуу;
- кесиптик жогорку билими бар адистерди, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- калк арасында билимди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;
- студенттердин арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү.
22. Функционалдык максаты боюнча кафедралар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- студенттерди жалпы кесиптик даярдоо программаларын ишке ашыруучу жалпы кесиптик (факультеттер аралык);
- бүтүрүп чыгаруучу, бүтүрүүчү (квалификациялык жана диссертациялык) иштерге жана практиканын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө жетекчиликти камсыз кылуучу.
23. Кафедра төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу жана аларды факультеттин жана КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңештеринин кароосуна киргизүү;
2) белгиленген тартипте бекитилген билим берүү программаларын ишке ашыруу, тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартуу;
3) окутуунун бардык формалары боюнча лекцияларды, практикалык, лабораториялык, семинардык, индивидуалдуу сабактарды, студенттердин өз алдынча иштерин жана окуу пландарында каралган, кафедрада бекитилген бардык дисциплиналар боюнча сабактардын башка түрлөрүн тийиштүү илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү;
4) практиканын бардык түрлөрүн натыйжалуу өткөрүүнү уюштуруу жана камсыздоо, практиканын жыйынтыгын кафедранын жыйындарында талкуулоо;
5) студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын жана докторанттардын бүтүрүүчү (квалификациялык жана диссертациялык) иштерин компетенттүү жетектөөнү камсыз кылуу;
6) студенттердин билимин учурдагы текшерүүнү жана орто аралык аттестациялоону камсыз кылат жана алардын жыйынтыктарын талдоо;
7) белгиленген тартипте бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камсыз кылуу;
8) студенттерди тартуу менен профессордук-окутуучулук курамдын илимий иштерин пландаштыруу жана уюштуруу;
9) окутулуучу дисциплиналарды методикалык камсыздоону ишке ашыруу (окуу китептерин, окуу куралдарын, окуу-методикалык жана башка маалыматтык материалдарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат);
10) окуу жана илимий-изилдөө лабораторияларынын жана башка бөлүмдөрдүн окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, илимий-методикалык иштерине жетекчилик кылуу;
11) магистранттардын, аспиранттардын, докторанттардын, улук илимий кызматкерлердин, изденүүчүлөрдүн жана кафедра мүчөлөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн темаларын кароо жана бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
12) кафедра мүчөлөрү же КЖБ уюмунун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка изденүүчүлөр тарабынан жактоого берилген илимий даражаны изденүү үчүн жазылган диссертацияларды кароо жана корутунду берүү;
13) кафедранын же башка КЖБ уюмунун кызматкерлери тарабынан басууга даярдалган окуу китептеринин, окуу куралдарынын кол жазмаларын, дисциплиналардын окуу программаларынын долбоорлорун кароо жана алар боюнча корутунду даярдоо;
14) бүтүрүүчү кафедра КЖБ уюмунун бүтүрүүчүлөрү жана аспиранттар, докторанттар - ушул кафедранын бүтүрүүчүлөрү менен байланышты колдоо;
15) бүтүрүүчү кафедранын белгиленген тартипте КЖБ уюмуна кабыл алууну уюштурууга катышуусу;
16) тажрыйбаны, окутуунун жаңы инновациялык технологияларын өздөштүрүү, жалпылоо жана жайылтуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, конструктордук жана башка иштеп чыгууларды уюштуруу, жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү максатында башка КЖБ уюмдарынын кафедралары, уюмдар, ишканалар, фирмалар, мекемелер менен чыгармачылык байланыштарды түзүү;
17) окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча чет өлкөлүк КЖБ уюмдарынын кафедралары менен, ошондой эле кафедранын илимий багыты боюнча чет өлкөлүк илимий-изилдөө уюмдары менен байланыш түзүү.
24. Кафедралар факультеттин курамында түзүлүшү мүмкүн же КЖБ уюмунун жетекчисинин түздөн-түз баш ийүүсүндө болушу мүмкүн.
25. Кафедра КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен кафедраны ачуу жөнүндө КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде уюштурулат.
26. Аскер кафедралары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен түзүлөт.
27. Кафедраларды кайра уюштуруу (бөлүү, бириктирүү жана кайра профилдөө), ошондой эле кафедраларды жоюу КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинин тиешелүү чечиминин негизинде КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат.
28. Жалпы кесиптик (факультеттер аралык) чет тилдер жана дене тарбия кафедралары илимий даражасы же илимий наамы жок жогорку квалификациялуу адистерден уюштурулушу мүмкүн.
29. Кафедранын ишине кафедра башчысы түздөн-түз жетекчилик кылат. Кафедра башчысынын кызмат орду шайлануучу кызмат болуп саналат. Кафедра башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү тартиби КЖБ уюмунун уставы менен аныкталат.
30. Кафедра башчысы билим берүү уюмунун окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы илимий даражасы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен жана кафедранын өнүгүү планы жана стратегиясы боюнча өзүнүн көз карашын көрсөтүү менен альтернативдик негизде шайланат жана КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен беш жылга чейинки мөөнөткө дайындалат. Маданият, искусство, дене тарбия жана спорт багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен КЖБ уюмдарында кафедра башчысынын кызмат ордун көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын ардак наамдары бар адам ээлей алат. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик КЖБ уюмдары кафедра башчысынын кызмат ордун ээлөө же дайындоо тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу.
31. Кафедраларды түзүүдө жана кайра уюштурууда (бөлүүдө, бириктирүүдө жана кайра профилдөөдө) кафедра башчысын конкурстук шайлоо өткөрүлгөнгө чейин белгиленген тартипте КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен кафедра башчысынын милдетин аткаруучу дайындалат.
32. Кафедра башчысы кафедраны жетектөө боюнча өз милдеттерин канааттандырарлык эмес аткаргандыгына байланыштуу КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинин чечими менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
33. Кафедра башчысынын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери КЖБ уюмунун буйругу менен белгиленет.
34. Кафедранын окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштеринин аткарылышы кафедра башчысынын төрагалыгы астында кафедранын жыйынында талкууланат. Жыйынга профессордук-окутуучулук курамдан тышкары, кафедранын окуу-көмөкчү персоналы, башка кафедралардын жана КЖБ уюмдарынын кызматкерлери, КЖБ уюмунун жетекчилигинин өкүлдөрү жана талкууланып жаткан маселени чечүүгө кызыкдар башка кызматкерлер катыша алышат.
35. Кафедрада окуу-тарбиялоо процессинин мазмунун, уюштурулушун жана жүзөгө ашырылышын чагылдырган документтер болууга тийиш. Документтердин тизмеси жана аларды жүргүзүү, сактоо жана эсептен чыгаруу тартиби КЖБ уюмунун иш кагаздарды жүргүзүү боюнча нускамасы менен аныкталат.