Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун окумуштуулар кеңеши жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик жогорку билим берүү уюмунун окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) кесиптик жогорку билим берүү уюмунун (мындан ары - КЖБ уюму) окумуштуулар кеңешин түзүү жана анын иштөө тартибин аныктайт.
2. КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңеши (мындан ары - окумуштуулар кеңеши) окуу жана илимий иш боюнча жогорку окуу жайынын ички саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, КЖБ уюмунун ишинин негизги маселелерин кесиптик жогорку деңгээлде чечүү, адистерди даярдоонун жогорку сапатын камсыз кылуу максатында уюштурулат.
3. Окумуштуулар кеңеши КЖБ уюмунун коллегиалдуу башкаруу органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин кадрларды тандоо, жайгаштыруу, бошотуу, финансы-чарбалык иштер маселелери боюнча чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
2-глава. Окумуштуулар кеңешинин функциялары
4. Окумуштуулар кеңешинин негизги функциялары жана милдеттери:
1) факультеттерди, кафедраларды, башка илимий жана окуу бөлүмдөрүн түзүү, жоюу, ирилештирүү жана бөлүү боюнча маселелерди кароо жана сунуштарды иштеп чыгуу;
2) КЖБ уюмун өнүктүрүүнүн жылдык жана келечектүү пландарын бекитүү;
3) КЖБ уюмдарынын проректорлорунун (жетекчилердин орун басарларынын), түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин окуу, окуу-методикалык, илимий, финансы-чарбалык жана тарбиялык иштер боюнча отчетторун угуу жана аларды андан ары өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү;
4) КЖБ уюмдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташы боюнча алардын ишинин жыйынтыгы боюнча отчетторун угуу жана кийинки мөөнөткө шайлоо үчүн сунуштамаларды кабыл алуу;
5) колдонуудагы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык адистиктердин (багыттардын) билим берүү программаларын жана алардын аткарылышын контролдоо тартибин бекитүү;
6) окуу процессин уюштуруу жана оптималдаштыруу, окуу процессине окутуунун натыйжалуу технологияларын киргизүү маселелерин кароо;
7) илимий-изилдөө жана методикалык иштердин негизги багыттарын аныктоо, аларды жүргүзүүгө финансылык жана эмгек ресурстарын бөлүштүрүү;
8) илимий жана окуу бөлүмдөрүнүн илимий-уюштуруучулук ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча чечимдерди аларды өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдерди баалоонун негизинде кабыл алуу;
9) профессордук-окутуучулук курамдын, кафедра башчыларынын, факультеттердин декандарынын, башка окуу жана илимий бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурстук шайлоолорду белгиленген тартипте өткөрүү боюнча отчетторду угуу;
10) профессордун жана доценттин окумуштуулук наамдарын изденүүчүлөрдүн ишин кароо, белгиленген тартипте профессор жана доцент илимий наамдарын ыйгаруу жана аларды илимий наамга бекитүүгө көрсөтүү;
11) КЖБ уюмунун илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, аспиранттарынын жана докторанттарынын, изденүүчүлөрүнүн иштерин кароо, алардын диссертацияларынын темаларын жана илимий жетекчилерин (консультанттарын) бекитүү;
12) билим алуучулар жана аспиранттар үчүн уюштурулган энчилүү жана мамлекеттик стипендияларды ыйгаруу маселелерин кароо;
13) КЖБ уюмунун илимий-педагогикалык кадрларын мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө иштерди кароо.
3-глава. Окумуштуулар кеңешинин курамы
5. Окумуштуулар кеңеши төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- ректор (окумуштуулар кеңешинин төрагасы), проректорлор, окуу бөлүмүнүн начальниги, факультеттердин декандары, профилдик кафедралардын башчылары, башка илимий-педагогикалык бөлүмдөрдүн, профсоюздук жана студенттик коомдук уюмдардын жетекчилери (бул контингент окумуштуулар кеңешинин жалпы санынын 50 пайызынан ашпоого тийиш);
- тиешелүү түзүмдөрдүн кеңеши тарабынан белгиленген тартипте шайланган көрүнүктүү окумуштуулардын, профессорлордун жана доценттердин ичинен факультеттердин жана башка окуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү.
Окумуштуулар кеңешинин курамына илимий жана изилдөө уюмдарынын жетекчилери, адистерди даярдоо профили боюнча бул КЖБ уюмунда иштебеген чоң окумуштуулар, искусство жана маданият ишмерлери киргизилиши мүмкүн.
6. Окумуштуулар кеңешинин курамын КЖБ уюмунун ректору эки жылдык мөөнөткө бекитет.
7. Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөнгө чейин курамдан чыгарылса, аны белгиленген санда толуктоо, анын курамын түзүү сыяктуу тартипте эле окуу жылынын башында жүргүзүлөт.
8. Окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча анын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгү жогоруда баяндалган тартипте жана КЖБ уюмунун уставына ылайык түзүлүүчү түзүмдүк бөлүмдөрдүн окумуштуулар кеңештерине берилиши мүмкүн. Бөлүмдөрдүн окумуштуулар кеңештеринин курамын КЖБ уюмунун ректору бекитет.
4-глава. Окумуштуулар кеңешинин ишин уюштуруу
9. КЖБ уюмунун уставына ылайык окумуштуулар кеңешинин ыйгарым укуктары кеңейтилиши мүмкүн. Уставда окумуштуулар кеңешинин ишинин регламенти, анын жеке курамын комплекттөө жана окумуштуулар кеңешинин айрым мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда чыгарылган учурда толуктоо тартиби аныкталат.
10. Окумуштуулар кеңешинин профессордук-окутуучулук жана илимий курамдардын кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү, факультеттердин декандарын, кафедра башчыларын жана башка окуу-илимий түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларын шайлоо, илимий наамдарды ыйгарууга көрсөтүү маселелери боюнча чечимдери жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Окумуштуулар кеңешинин окуу, илимий, тарбиялык, финансы-чарбалык маселелер жана иштин башка түрлөрү боюнча чечимдери ачык добуш берүү аркылуу жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Окумуштуулар кеңешинин чечими КЖБ уюмунун ректору бекиткенден кийин күчүнө кирет.
11. Окумуштуулар кеңешинин жыйналышында протокол түзүлөт. Протоколдорго окумуштуулар кеңешинин төрагасы жана окумуштуу катчы кол коёт.
12. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин аткарылышына системалуу түрдө текшерүүнү уюштурат жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүн маалымдайт.