Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызмат орундарын ээлөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун талаптары өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына (мындан ары - КЖБ уюму) жайылтылбайт. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик КЖБ уюмдары профессордук-окутуучулук курамды дайындоо тартибин өз алдынча аныктайт. Жобо ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, прокуратура органдарынын адистештирилген КЖБ уюмдары жана мамлекеттик эмес кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн сунуштама болуп саналат.
3. КЖБ уюмунун профессордук-окутуучулук курамына конкурстук негизде белгиленген тартипте бул кызмат ордун ээлеген, окутуучулар (ассистенттер), улук окутуучулар, доценттер, профессорлор кирет.
4. Конкурс өткөрүүнүн максаты КЖБ уюмунун профессордук-окутуучулук курамынын бош кызмат орундарын ээлөөгө тиешелүү теориялык жана кесиптик даярдыгы бар, тиешелүү дисциплиналарды теориялык, методикалык деңгээлде окутууну камсыз кылууга жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү адамдарды тандоо болуп саналат. Конкурс өткөрүү жарандардын квалификациясына, илимий-теориялык жана кесиптик даярдыгына ылайык бош кызмат орундарын ээлөөгө алардын бирдей жетүү укугун камсыз кылат.
5. Билим берүү уюмунун профессордук-окутуучулук курамынын - профессорлордун, доценттердин, улук окутуучулардын, окутуучулардын (ассистенттердин) бош кызмат орундары конкурстук негизде 5 жылга чейинки мөөнөткө ээленет.
6. Билим берүү уюмунун профессордук-окутуучулук курамынын - профессорлордун, доценттердин бош кызмат орундарын ээлөөгө (искусство, дене тарбия билим берүү уюмдары, Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, прокуратура органдарынын билим берүү уюмдары жана чет тилдер кафедралары үчүн) жарыяланган илимий эмгектери, окуу-методикалык колдонмолору бар жана тийиштүү илимий-теориялык жана методикалык деңгээлде лекциялык сабактарды өтүүчү тиешелүү окумуштуулук даражасы жок билим берүү уюмдарынын окутуучуларына, он жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы бар профессорго жана беш жыл стажы бар доцентке жол берилиши мүмкүн.
7. Профессордун бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска илимдин доктору же илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы жана доцент илимий наамы бар тиешелүү квалификациядагы адистер катыша алат.
Профессордун кызмат ордун ээлөөгө талапкер Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын рецензиялануучу илимий басылмаларынын тизмесине кирген басылмаларда, ошондой эле чет өлкөлүк рецензиялануучу илимий басылмаларда жарыяланган илимий эмгектери болушу керек. Басылмалардын санына карата талаптар КЖБ уюму тарабынан белгиленет.
8. Доценттин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска тиешелүү квалификациядагы илимдин кандидаты же профили боюнча философия доктору (PhD)/доктор окумуштуулук даражасы бар адистер катыша алат.
Доценттин кызмат ордун ээлөөгө талапкер Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын рецензиялануучу илимий басылмаларынын тизмесине кирген басылмаларда, ошондой эле чет өлкөлүк рецензиялануучу илимий басылмаларда жарыяланган илимий эмгектери болушу керек. Басылмалардын санына карата талаптар КЖБ уюму тарабынан белгиленет.
9. Улук окутуучунун бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска окумуштуулук даражасы бар же жок, билим берүү уюмдарында үч жылдан кем эмес илимий-педагогикалык стажы бар, Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын рецензиялануучу илимий басылмаларынын тизмесине кирген басылмаларда жарыяланган илимий эмгектери бар тиешелүү квалификациядагы кесиптик жогорку билими (магистр/адис) бар адистер катыша алат. Басылмалардын санына карата талаптар КЖБ уюму тарабынан белгиленет.
10. Окутуучунун (ассистенттин) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска тийиштүү квалификациядагы кесиптик жогорку билими бар (магистр/адис), окумуштуулук даражасы бар же жок адистер катыша алат.
11. Конкурс өткөрүү тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
12. КЖБ уюмунун жетекчиси профессордук-окутуучулук курамдын бош кызмат орундарына айрым категориядагы адамдар менен конкурс өткөрбөстөн бир окуу жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзүүгө укуктуу. Бир окуу жылына эмгек келишими түзүлүүчү адамдардын категорияларына төмөнкүлөр кирет:
- түздөн-түз өндүрүштө иштеген, негизги иши менен окутуучулук ишти айкалыштырууну каалаган адис-практиктер;
- сааттык эмгек акы шарттарында иштеген окутуучулар;
- пенсия курагындагы окутуучулар;
- үч жашка чейинки балдарды багуу боюнча өргүүдөн кийинки окутуучулар.
Окуу жылынын башында окутуучуларга болгон өндүрүштүк муктаждык курч болгон жана (же) окуу жылынын ичинде түзүлгөн бош кызмат орундарын толтуруу зарыл болгон учурларда КЖБ уюмунун жетекчиси окуу жылынын аягына чейин тиешелүү билими жана квалификациясы бар окутуучулар менен конкурс өткөрбөстөн мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.
13. Профессордук-окутуучулук курам менен бир окуу жылына түзүлгөн келишим окуу жылынын аягында анын жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бузулат.
14. Өзүнүн кесиптик милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган шартта кафедра башчысынын, факультеттин деканынын (түзүмдүк окуу бөлүмүнүн жетекчисинин) өтүнүч каты жана адистин макулдугу менен КЖБ уюмунун жетекчиси тарабынан келишим жаңы окуу жылына кайра түзүлүшү мүмкүн.
2-глава. КЖБ уюмунун профессордук-окутуучулук курамынын бош кызмат орундарын ээлөө тартиби
15. Учурдагы окуу жылынын аягында КЖБ уюмунун жетекчиси тарабынан келерки окуу жылында кызмат ордунун мөөнөтү аяктап жаткан профессорлордун, доценттердин, улук окутуучулардын, окутуучулардын (ассистенттердин) бош кызмат орундарын келерки окуу жылына ээлөөгө конкурс өткөрүү графиги бекитилет. Бул график тийиштүү түзүмдүк окуу бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, ошондой эле жаңы иштөө мөөнөтүнө кайра шайланууга тийиш болгон адамдарга маалымдалат.
Бош кызмат орундары пайда болгон учурда конкурс өткөрүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.
16. Профессорлордун, доценттердин, улук окутуучулардын, окутуучулардын бош кызмат орундарын ээлөө жөнүндө конкурс КЖБ уюму бекиткен графикке ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында, билим берүү уюмдарынын жана кесиптик жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарында жарыяланат.
17. Толук же толук эмес штаттык бирдик көлөмүндө КЖБ уюмунун штаттык расписаниесинде каралган бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялоо жөнүндө чечимди КЖБ уюмунун жетекчиси кабыл алат.
18. КЖБ уюмунун профессордук-окутуучулук курамынын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жөнүндө жарыяда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- бош кызмат ордунун толук аталышы;
- конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар;
- конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси;
- документтерди берүү мөөнөтү;
- документтерди кабыл алуу дареги, орду жана байланыш телефондору.
19. Документтерди тапшыруу мөөнөтү конкурс жөнүндө жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып бир айды түзөт.
20. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- ректордун атына арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча сүрөтү менен;
- резюме, мурунку иштеген жеринен мүнөздөмө-сунуштама;
- жарыяланган илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;
- билими, илимий наамдары жана даражалары, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, сыйлыктарынын күбөлүктөрүнүн жана башка документтердин нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
21. Кафедранын жыйналышында кароодо иш стажы бар конкурсанттар конкурска чейинки мезгилдеги окуу, окуу-методикалык, илимий иштери тууралуу маалыматты берет.
22. Кафедранын жыйналышында ар бир талапкер боюнча штаттык окутуучулардын ачык добушу менен жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу сунуштама менен корутунду кабыл алынат, ал кафедранын жыйналышы өткөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде КЖБ уюмунун (факультеттин, түзүмдүк окуу бөлүмүнүн) конкурстук комиссиясынын кароосуна берилет.
23. Кафедраларды бириктирүүдө же бөлүүдө беш жылга чейин шайланган жана келишимдин мөөнөтү бүтө элек окутуучуларга карата профессордук-окутуучулук курамды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө уруксат берилбейт.
24. Конкурска берилген документтерди алдын ала талдоо жана окумуштуулар кеңешинде кароо үчүн сунуштамаларды даярдоо үчүн КЖБ уюмунун жетекчиси тарабынан бир окуу жылына конкурстук комиссия түзүлөт.
25. Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп окуу иштери боюнча проректор саналат. Конкурстук комиссиянын курамына факультеттердин (түзүмдүк окуу бөлүмдөрүнүн), окуу бөлүмүнүн жана кадрлар бөлүмүнүн (катчы), ошондой эле профсоюздук жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.
26. Конкурстук комиссиянын чечими ар бир талапкер боюнча кыскача жүйөлөштүрүлгөн корутундуну камтыган протокол менен таризделет жана конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.
Конкурстук комиссиянын чечимине макул болбогон адамдар апелляциялык комиссияга арыз бере алат, ал үч күндүн ичинде аны карап чыгууга тийиш.
27. Аталган окуу жылында билим берүү уюмун, аспирантураны жана докторантураны аяктаган адамдар профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын конкурска катышпастан ээлейт. Үч жыл өткөндөн кийин аталган кызмат орундары ушул Жобого ылайык конкурстук негизде ээленет.
3-глава. Конкурс өткөрүү жол-жобосу
28. Профессордук-окутуучулук курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.
29. Конкурстун катышуучуларынын тизмеси окумуштуулар кеңешинин жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин он күн мурда аты-жөнүн, окумуштуулук даражасын, иш стажын, ээлеген кызмат ордунун аталышын көрсөтүү менен КЖБ уюмунда илинет.
30. Окумуштуулар кеңешинин жыйналышында ар бир талапкер боюнча жашыруун добуш берүүнүн алдында кафедранын корутундусу жана конкурстук комиссиянын тиешелүү сунуштамалары менен чечими жарыяланат.
31. Профессордук-окутуучулук курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска катышкан бардык адамдардын аты-жөнү алфавиттик тартипте жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетенге киргизилет.
32. Профессордук-окутуучулук курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска катышкан адамдар окумуштуулар кеңешинин жыйналышына катыша алат.
33. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн окумуштуулар кеңеши добуш берүү башталганга чейин окумуштуулар кеңешинин үчтөн кем эмес мүчөсүнөн турган курамда эсептөө комиссиясын шайлайт. Эсептөө комиссиясы ар бир талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт.
34. Эсептөө комиссиясынын протоколу окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү менен бекитилет жана конкурстун материалдарына тиркелет.
35. Эгерде конкурсту өткөрүүдө окумуштуулар кеңешинин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, анын чечими мыйзамдуу деп эсептелет.
36. Жыйналышка катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көп добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
37. Эгерде бир же эки талапкер катышкан конкурсту өткөрүүдө жана алардын бири да добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, анда конкурс өткөн жок деп эсептелет жана жаңы конкурс дайындалат.
Эгерде эки же андан көп талапкер катышкан конкурсту өткөрүүдө эч ким добуштардын жарымынан көбүн албаса, анда окумуштуулар кеңешинин ушул эле жыйналышында кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт. Экинчи турдун бюллетенине биринчи турда көпчүлүк добуш алган эки талапкер киргизилет. Экинчи турда жөнөкөй көпчүлүк добуш алган талапкер кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгерде талапкерлер экинчи турда добуштардын бирдей санын алса, анда конкурс өткөн жок деп эсептелет жана жаңы конкурс дайындалат.
38. Конкурска арыздар жок болгон учурда ал өткөн жок деп эсептелет.
39. Эгерде конкурсту өткөрүүнүн натыйжасында коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер аныкталбаса, ректор конкурсту кайталап өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
40. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстун жыйынтыгы ал аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде жазуу жүзүндө билдирилет.
41. Конкурстун жыйынтыгы боюнча чечим ректордун буйругу менен таризделет. Буйруктун көчүрмөсү тиешелүү кызмат ордуна шайланган адамга тапшырылат.
4-глава. Профессордук-окутуучулук курам менен келишимди токтотуунун негиздери
42. Мурда ээлеген кызмат орундарына конкурс боюнча шайланбай калган, ошондой эле конкурска катышуу үчүн арыз бербеген адамдар шайлоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бул семестр аяктагандан кийин КЖБ уюмундагы иштен бошотулат.
43. КЖБ уюмунун жетекчисинин демилгеси боюнча эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- окуу жылы аяктагандан кийин штаттарды кыскартууда (окуу жүктөмүн кыскартуу) окутуучуга жекече, кол койдуруу менен бошотуу жөнүндө бир ай мурда эскертүү менен;
- окутуучу тиешелүү медициналык мекеме тарабынан ден соолугунун абалы боюнча ишин улантууга жолтоо болуп, ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт деп таанылганда (төрт айдан ашык үзгүлтүксүз убакытка созулган оору);
- окутуучу келишимдин шарттарын бузганда (билим берүү уюмунун уставын сактабаганда, ички тартип эрежелерин бузганда, жеке иш планын аткарбаганда, жүйөлүү себептер боюнча контракт менен шартталган ишти же окуу сабактарынын бекитилген расписаниесине ылайык ишти аткара албагандыгы жөнүндө администрацияга өз убагында билдирбегенде);
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка негиздер боюнча.
44. КЖБ уюмунун жетекчисине педагогикалык кызматкердин ээлеген кызмат ордуна ылайык эместиги жөнүндө маселени окумуштуулар кеңешинин чечимине чыгарууга укук берилет.
45. Педагогикалык кызматкердин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө окумуштуулар кеңешинде маселени чечүүдө анын ишин ректор бекиткен комиссия текшериши керек.
46. Педагогикалык кызматкерди окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ылайык келбегендиги боюнча бошотууга ал лекцияларды канааттандырарлык эмес окуган, практикалык жана семинардык сабактарды өткөргөн, илимий, методикалык жана тарбиялык иштерди төмөн деңгээлде аткарган учурда жол берилет.
47. Адеп-ахлаксыз жоруктарды жасаган педагогикалык кызматкерди иштен бошотуу кесиптик бирликтин уюмунун же билим берүү уюмунун эмгек жамаатынын кеңешинин макулдугу менен КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
5-глава. Эмгек келишиминин мазмуну
48. Педагогикалык кызматкер жана билим берүү уюмунун жетекчилиги менен түзүлгөн эмгек келишиминде кызмат орду, кафедранын аталышы, келишим түзгөн тараптар, эмгек келишиминин түрү, иштөө режими жана эмгек акы төлөө шарттары көрсөтүлөт.
49. Окутуучунун милдеттерине жекече пландын, билим берүү уюмунун уставынын талаптарын, ички тартип эрежелерин аткаруу, администрацияга келишим менен шартталган ишти жүйөлүү себептер менен аткарууга мүмкүн эместиги жөнүндө өз убагында билдирүү кирет.
50. Окутуучу окутуунун методдорун жана каражаттарын, студенттерди даярдоонун сапатына коюлуучу талаптарды тандоого, жабдууларды, лабораторияларды, маалымат булактарын КЖБ уюмунда белгиленген тартипте пайдаланууга укуктуу.
51. Администрациянын милдеттерине келишим менен шартталган шарттарды түзүү, окуу процессиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында маалымдоо, эмгек коопсуздугунун шарттарын камсыз кылуу жана коргоо кирет.