Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында кесиптик кошумча билим берүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында кесиптик кошумча билим берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) кесиптик кошумча билим берүү программаларынын милдеттерин, ишке ашыруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кесиптик кошумча билим берүү - бул иш чөйрөсүн жогорулатуу же кеңейтүү максатында кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги квалификациясына кошумча алынган жана формалдуу билим берүүнүн алкагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу билим берүүнүн түрү.
3. Кесиптик кошумча билим берүү формалдуу башталгыч орто жана кесиптик жогорку билим берүү программаларынан тышкары кесиптик билими бар адамдардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга багытталган.
4. Кесиптик кошумча билим берүүнүн башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- билим берүү жана кесиптик муктаждыктарды канааттандыруу, адамды кесиптик өнүктүрүү;
- анын квалификациясынын кесиптик иштин жана социалдык чөйрөнүн өзгөрүп туруучу шарттарына ылайык келишин камсыз кылуу;
- илимдин, техниканын, технологиянын жана экономиканын тиешелүү тармактарындагы жаңы жетишкендиктер, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк алдынкы тажрыйбалар жөнүндө билим алууга болгон инсандын керектөөлөрүн канааттандыруу;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын жана башка мекемелердин адистеринин, мамлекеттик кызматчылардын, бошогон кызматкерлердин, жумушсуз калктын жана жумушсуз адистердин үзгүлтүксүз билим алуусу үчүн шарттарды камсыз кылуу.
5. Кесиптик кошумча билим берүү программаларын өздөштүрүүгө төмөнкүлөргө жол берилет:
1) башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана (же) кесиптик жогорку билими бар адамдарга;
2) башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана (же) кесиптик жогорку билим алып жаткан адамдарга.
6. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын мамлекеттик кызматчыларына кесиптик кошумча билим берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Экинчи (жана андан ашык) кесиптик билим алуу кесиптик кошумча билим берүү программасы болуп саналбайт жана тиешелүү деңгээлдеги билим берүү уюмдарында багыты же адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык кесиптик билим берүү программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.
8. Автомектептердин ишин, ошондой эле тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүүнү кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан кесиптик кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын иши лицензияланууга тийиш эмес.
2-глава. Кесиптик кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу тартиби
9. Кесиптик кошумча билим берүү программалары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган формаларда ишке ашырылышы мүмкүн. Кесиптик кошумча билим берүү программаларын окутуунун формалары жана өздөштүрүү мөөнөттөрү билим берүү программасы жана (же) келишим менен аныкталат.
10. Кесиптик кошумча билим берүү программалары боюнча окутуу иштен ажыратуу менен, иштен ажыратпастан, иштен жарым-жартылай ажыратуу менен жана окутуунун жекече формалары боюнча жүргүзүлөт, ошондой эле бир жолку жана үзгүлтүксүз да, этап-этабы менен да, анын ичинде айрым окуу предметтерин, курстарды, дисциплиналарды (модулдарды) өздөштүрүү, практикадан өтүү, билим берүү программасында жана (же) билим берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте тармактык формаларды колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
11. Кесиптик кошумча билим берүү программалары билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет.
12. Кесиптик кошумча билим берүү программаларынын мазмуну Квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык, сектордук алкактарын жана кесиптик стандарттарды (алар бар болсо), тиешелүү кызмат орундары, кесиптер жана адистиктер боюнча квалификациялык талаптарды же тиешелүү кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө карата квалификациялык талаптарды эске алуу менен билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат.
Кесиптик кошумча билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугун аныктоо үчүн академиялык кредит системасы колдонулушу мүмкүн. Программа боюнча академиялык кредиттердин саны билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
13. Кесиптик кошумча билим берүү уюмдарына жарандарды кабыл алуу тартиби ошол уюмдар тарабынан өз алдынча белгиленет жана уставдарда бекитилет.
14. Билим берүү уюмдары студенттерди кабыл алууда жарандарды устав, кесиптик кошумча билим берүүнүн тиешелүү программасы, билим берүү процессин уюштурууну жөнгө салган башка документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
15. Квалификацияны жогорулатуу программасын өздөштүргөн угуучулардын билим деңгээлин баалоо учурдагы билимди текшерүүнүн натыйжалары боюнча жүргүзүлөт, аны өткөрүү тартиби билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
16. Кесиптик кошумча билим берүү программаларын өздөштүрүү билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталган формада угуучуларды жыйынтыктоочу аттестациялоо менен аяктайт.
17. Тиешелүү кесиптик кошумча программаны ийгиликтүү өздөштүргөн жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга кесиптик кошумча билими жөнүндө документтер (сертификат, күбөлүк) берилет.
Кесиптик кошумча билим берүү программаларынан өткөндүгү жөнүндө документтердин формалары билим берүү уюму тарабынан бекитилет.
3-глава. Кесиптик кошумча билим берүү уюмдары
18. Кесиптик кошумча билим берүү менчигинин формасына карабастан кесиптик кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү кандай болбосун типтеги билим берүү уюмдары тарабынан берилет.
19. Кесиптик кошумча билим берүү программалары башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү программаларын (институттар, факультеттер, борборлор, бөлүмдөр, курстар жана башкалар) ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
20. Мамлекеттик башкаруу органдары жана уюмдар (мекемелер) алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу курстарды (мектептерди, борборлорду ж.б.) өз алдынча түзүүгө укуктуу.
21. Кесиптик кошумча билим берүүнү уюштурууну башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына, кесиптик кошумча билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларга жана билим берүү уюмунун уставына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Билим берүү уюмунун уставы уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет. Уставды каттоо жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
23. Окуу, методикалык, илимий-изилдөө иштери, илимий-педагогикалык кадрларды комплекттөө жана даярдоо боюнча кесиптик кошумча билим берүү уюмуна жалпы жетекчиликти шайлоо органы -кеңеш (окумуштуулар, педагогикалык, көзөмөлчүлүк) жүзөгө ашырат.
Бирге башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын компетенциялары билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
24. Билим берүү уюмунун ишин түздөн-түз башкарууну анын жетекчиси (администратору) жүзөгө ашырат. Бош кызмат ордун ээлөө тартиби, билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары жана функциялары уюмдун уставы менен аныкталат.
25. Кесиптик кошумча билим берүү уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши жана алардын жетекчилерин дайындоо шарттары башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн белгиленген тартипте аныкталат.
4-глава. Кесиптик кошумча билим берүү уюмунун угуучулары жана кызматкерлери
26. Билим берүү уюмунун угуучулары болуп билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен окууга кабыл алынган адамдар саналат.
27. Билим берүү уюмунун угуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- кесиптик кошумча билим берүү программаларынын мазмунун түзүүгө катышууга жана окутуунун факультативдик жана жекече формалары үчүн дисциплиналарды тандоого;
- билим берүү уюмунун факультеттеринде, кафедраларында жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө болгон кесиптик иштин маселелери боюнча ченемдик, нускамалык, окуу жана методикалык документтерди, ошондой эле китепкананы, маалымат фондун, башка бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн уюмдун уставында аныкталган тартипте пайдаланууга;
- конференцияларга жана семинарларга катышууга, өзүнүн рефераттарын, аттестациялык иштерин жана башка материалдарын мекеменин басылмаларына жарыялоого берүүгө.
Угуучулар Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында жана кесиптик кошумча билим берүү уюмунун уставында аныкталган башка укуктарга да ээ.
28. Билим берүү уюмунун кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен кесиптик жана педагогикалык квалификациясын жогорулатууга;
- уюм тарабынан өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана шайланууга;
- уставда белгиленген тартипте маалыматтык жана методикалык фонддорду, ошондой эле окуу, илимий, социалдык-тиричилик, дарылоо жана анын башка бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга.
Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, билим берүү уюмунун уставында жана эмгек келишимдеринде (контракттарда) аныкталган башка укуктарга да ээ.
29. Билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлери билим берүү программаларынын мазмунун түзүүгө катышууга, алардын жекече өзгөчөлүктөрүнө кыйла толук жооп берген жана окуу, илимий процесстердин жогорку сапатын камсыз кылган окутуу методдорун жана каражаттарын тандоого укуктуу.
5-глава. Кесиптик кошумча билим берүү 6-уюмунун финансы-чарбалык жана эл аралык иши
30. Билим берүү уюмунун негизги финансы-чарбалык иши болуп анын юридикалык жана жеке жактар жана башка заказчылар (анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар) менен келишимдери саналат.
31. Билим берүү уюмунун мүлкүн түзүү жана каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) материалдык жана финансылык каражаттары;
- уставдык ишти аткаруудан алынган каражаттар;
- билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн төлөнгөн каражаттар;
- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү жана башка мыйзамдуу булактар.
32. Билим берүү уюмунун уставында каралган, анын максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген ишкердик ишти жүргүзүүгө укуктуу.