Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө типтүү жобо билим алуучуларды аттестациялоо тартибин, ошондой эле академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо (экзамендерди, модулдарды, контролдук иштерди кабыл алуу, оозеки сурамжылоолор) - бул кесиптик орто билим берүү уюмунун (мындан ары - КОБ уюму) билим алуучуларынын окуу материалдарды мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык өздөштүрүүсүн контролдоо.
3. Билим алуучуларды учурдагы аттестациялоо (мындан ары -учурдагы контролдоо) - семестр ичинде оперативдүү контролдоо жана модулдарды кабыл алуу, оозеки сурамжылоо, контролдук иштер жана билим алуучулардын өз алдынча ишинин башка түрлөрү түрүндө аларды өздөштүрүү процессинде тиешелүү дисциплиналардын логикалык жактан бүткөн бөлүмдөрү (модулдары жана главалары) боюнча билим алуучулардын билим деңгээлин жана окуу материалын өздөштүрүү даражасын баалоо.
4. Билим алуучулардын жетишкендиктерин орто аралык аттестациялоо (мындан ары - орто аралык аттестациялоо) - бул семестрдин окуу планында каралган дисциплиналар боюнча экзамендерди кабыл алуу жолу менен семестрдин аягында (экзамендик сессия учурунда) милдеттүү түрдө контролдоо.
5. КОБ уюмдары билим алуучулардын жетишкендиктерин учурдагы контролдоону жүзөгө ашыруунун жана орто аралык аттестациялоонун формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн өз алдынча тандайт. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо формасы КОБ уюму тарабынан аныкталат, билим алуучуларга семестрдин башталышына карата билдирилет.
6. Экзамендер орто аралык аттестациялоонун негизги формасы болуп саналат жана билим алуучунун семестрдеги ишин, теориялык билимдерди өздөштүрүү даражасын баалоо, өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, алган билимдерин синтездөө жана аларды практикалык, кесиптик маселелерди чечүүдө колдоно билүүсүн текшерүү максатын көздөйт.
7. Билим алуучулардын жетишкендиктерин баалоонун модулдук-рейтингдик системасы (мындан ары - БМРС) - аларды өздөштүрүү процессинде тиешелүү дисциплиналардын логикалык жактан бүткөн бөлүмдөрү (модулдары жана главалары) боюнча билим алуучулардын окуу материалын семестр ичинде өздөштүрүүсүн контролдоо.
БМРСнын алкагында ушул семестрде окутулган ар бир дисциплинаны өздөштүрүү даражасы 100 баллдык рейтингдик шкала боюнча бааланат (учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо үчүн баллдардын саны КОБ уюму тарабынан белгиленет).
8. Факультативдик дисциплиналар боюнча билим алуучулар экзамендерди каалоосу боюнча тапшырат жана жыйынтыктары ведомостко жана дипломдун тиркемесине киргизилет.
9. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо психофизикалык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен жекече тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт.
2-глава. Орто аралык аттестациялоо тартиби
10. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо окуу жылына карата КОБ уюмунун окуу процессинин графигине ылайык КОБ уюму тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11. Семестрде өзүнчө дисциплина боюнча толук учурдагы контролдоодон өткөн жана 30 баллдан ашык алган окутуунун бардык формаларындагы билим алуучуларга орто аралык аттестациялоо мезгилинде бул дисциплина боюнча экзамендерди тапшырууга жол берилет.
12. КОБ уюмунун жетекчиси жана анын орун басары окутуунун бардык формалары боюнча билим алуучуларга КОБ уюму белгилеген тартипте каралуучу жүйөлүү себептер (оору, 3 жашка чейинки балдары болсо, үй-бүлөлүк шарттар, узак кызматтык иш сапарлар жана табигый кырсыктар ж.б.) документ менен ырасталган жеке арыздын негизинде орто аралык аттестациялоонун айрым дисциплиналары боюнча жекече экзамен тапшырууга уруксат берүүгө укуктуу.
13. Билим алуучулар экзаменге келгенде экзаменаторго инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү.
14. Дисциплина боюнча экзамендерди экзаменатордун ассистенттеринин катышуусу менен группада лекциялык жана башка формада сабактарды өткөн окутуучулар кабыл алат.
15. Курстук иштерди (долбоорлорду), эсептик-графикалык иштерди жана практикадан өтүү жөнүндө отчетту коргоо алардын жетекчилеринин катышуусу менен бөлүм дайындаган комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
16. Экзамендердин жыйынтыктары, курстук иштерди (долбоорлорду), эсептик-графикалык иштерди коргоо жана жумуш ордунда окуудан өткөндүгү жөнүндө отчеттор (дуалдык окутуу, практика) КОБ уюму тарабынан белгиленген баллдык система боюнча "эң жакшы", "жакшы", "канааттандырарлык" жана "канааттандырарлык эмес" деген бааларга которуу менен бааланат.
17. Билим алуучулардын жетишүүсүн баалоонун модулдук-рейтингдик системасында КОБ уюму тарабынан төмөнкү шкала боюнча баллдарды баага же тескерисинче которуу механизми аныкталат.
КОБ уюму 1-таблицага ылайык баалоо шкаласын өз алдынча иштеп чыгат:
1-таблица
Кредиттик баалоо системасы (КОБ уюмунун кароосу боюнча) | Салттуу система боюнча баалоо | ||
Баллдар | Тамгалык система боюнча баалоо | Сандык эквивалент | |
93-100 | A | 4,00 | Эң жакшы |
90-92,99 | А- | 3,67 | |
87-89,99 | В+ | 3,33 | Жакшы |
83-86,99 | В | 3,00 | |
80-82,99 | В- | 2,67 | |
77-79,99 | С+ | 2,33 | Канааттандырарлык |
73-76,99 | С | 2,00 | |
70-72,99 | С- | 1,67 | |
67-69,99 | D+ | 1,33 | |
63-66,99 | D | 1,00 | |
60-62,99 | D- | 0,67 | |
00-59,99 | F | 0,00 | Канааттандырарлык эмес |
- | Р | Орто жалпы баллды эсептөөдө эске алынбайт | Зачет |
- | NP | Зачеттолгон жок | |
- | I | Жүйөлүү себептер боюнча дисциплинанын бардык талаптарын аткарган жок | |
- | W | Милдеттүү болбогон дисциплинаны угуудан баш тарткан | |
- | AU | Дисциплинага баа албастан угуучу катары катышкан | |
I - эгерде билим алуучу документ менен ырасталган жүйөлүү себептер (оору, үй-бүлөлүк жагдай) менен курстун бардык талаптарын аткарбаса коюлат. КОБ уюму белгилеген мөөнөттүн ичинде билим алуучу курстун бардык талаптарын аткарууга укуктуу, андан кийин баа өзгөртүлөт.
W - эгерде билим алуучу семестрдин алтынчы жумасынан кечиктирбестен дисциплинадан баш тартууну чечсе коюлат. Тандоо боюнча дисциплиналарга гана жайылтылат.
AU - эгерде билим алуучу кошумча дисциплина боюнча сабактардын кеминде 80% угуучу катары уккан болсо коюлат.
Канааттандырарлык эмес баа алган учурда документ менен ырасталган жүйөлүү себеп боюнча (оору, үй-бүлөлүк жагдай ж.б.) курстун талаптарын аткарбаган учурларды кошпогондо, билим алуучунун орто аралык аттестациялоодон кайталап өтүүсүнө жол берилбейт.
Жетишкендиктеринин жыйынтыгы боюнча билим алуучунун орточо баллы эсептелет (GPA - Grade Point Average) эсептелет, анын максималдуу мааниси 4,0 баллды түзөт. Билим алуучунун орточо салмактанып алынган баасы ар бир семестрде жана окууну аяктагандан кийин окутуунун жыйынтыктарынын натыйжасы боюнча эсептелет.
18. Экзамендерди өткөрүү формасы, ошондой эле билим алуучулардын жетишүүсүн баалоо критерийлери КОБ уюму тарабынан белгиленет.
19. Окуу процессине тиешеси жок башка адамдардын КОБ уюмунун жетекчисинин, бөлүм башчынын уруксатысыз экзамендерге катышуусуна жол берилбейт.
20. Дисциплинанын айрым бөлүмдөрү боюнча сабактар бир нече окутуучу тарабынан өткөрүлгөн учурда экзаменди кабыл алуу ошол дисциплина боюнча сабактарды өткөн бардык окутуучулар тарабынан бир баа коюу менен ишке ашырылат.
21. Экзамендердин жыйынтыгы билим алуучунун жетишкендиктеринин ведомостуна киргизилет. Билим алуучунун экзаменге белгиленген мөөнөттө келбей калышы экзамендик ведомостто "келген жок" деген сөздөр менен белгиленет.
22. Окутуунун бардык формалары үчүн учурдагы контролдоонун жана орто аралык аттестациялоонун расписаниеси КОБ уюму тарабынан белгиленген тартипте бекитилет жана окутуучуларга жана билим алуучуларга алар башталганга чейин 2 жумадан кечиктирбестен билдирилет.
23. КОБ уюмдарынын жана окуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери окутуучулук курам менен биргеликте билим алуучулардын экзамендик сессиясынын жыйынтыгы боюнча даярдыктын сапатын талдайт жана билим берүү процессин жакшыртуу боюнча чараларды көрөт. Экзамендик сессиялардын жыйынтыктары КОБ уюмунун педагогикалык кеңешинин жыйналышында каралат.
3-глава. Академиялык карыздарды жоюу тартиби
24. Экзамендик сессия аяктаган учурга карата жок дегенде бир экзамен боюнча канааттандырарлык эмес баа алган билим алуучу академиялык карызы бар деп эсептелет.
25. Экзамендик сессия мезгилинде экзаменди канааттандырарлык эмес баа менен кайра тапшырууга жол берилбейт.
26. Жазуу жүзүндөгү экзаменде канааттандырарлык эмес баа алган учурда билим алуучу апелляция берүүгө укуктуу. Апелляция ал тарабынан үч жумуш күндүн ичинде (экзамен берилген күндү кошкондо) берилиши мүмкүн. Апелляцияны кароо үчүн КОБ уюмунун жетекчиси тарабынан курамы үчтөн кем эмес окутуучудан, анын ичинде канааттандырарлык эмес баа койгон экзаменатордон турган бөлүм башчынын же аны алмаштырган адамдын төрагалыгы алдында комиссия түзүлөт. Комиссия билим алуучунун мурда берген жазуу жүзүндөгү жообун баалайт. Эгерде комиссия билим алуучунун жообу оң баага татыктуу деген тыянакка келсе, бул баа экзамендик ведомостко коюлат. Комиссия койгон баа акыркы болуп саналат.
27. Канааттандырарлык эмес баа алган учурда билим алуучу ошол дисциплина боюнча кайрадан окуудан өтүүгө жана КОБ уюму тарабынан белгиленген окуу мөөнөтүнүн ичинде академиялык карызды жоюуга укуктуу.
Кайра окууга калтырылган билим алуучуга дисциплиналар белгиленет, ал боюнча лекциялардын курсун угууга, лабораториялык, практикалык сабактарга катышууга, өз алдынча иштерди аткарууга жана экзамендерди тапшырууга тийиш. Дисциплина боюнча кайталап окутуунун алкагында сабактарды өткөрүү үчүн тартылган окутуучулардын эмгегине акы төлөө атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
28. Билим алуучулардын жетишкендиктеринин экзаменаторго берилүүчү экзамендик ведомостуна экзаменаторлордун, экзаменатордун ассистенттеринин жана билим алуучулардын аты-жөнү, окуу бөлүмүнүн аталышы, курсу, группасы, семестр, дисциплинанын аталышы, экзамен тапшырган дата киргизилет. Экзамендик ведомостторго КОБ уюмунун окуу иштери боюнча директору/орун басары кол коёт.
4-глава. Кредиттерди топтоо системасы
29. Окутуунун кредиттик технологиясы (мындан ары - ОКТ) -академиялык кредиттерди топтоо менен дисциплиналарды өздөштүрүүнүн ырааттуулугун билим алуучулар тарабынан тандоонун жана өз алдынча пландоонун негизинде окутуу.
30. ОКТ окутуунун натыйжаларына жетишүүгө багытталган окутуунун жекече билим берүү траекториясын билим алуучулар тарабынан тандоонун жана өз алдынча пландоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
31. ОКТны колдонуу менен окуу процессин уюштуруу төмөнкү окуу пландарынын негизинде жүзөгө ашырылат:
- билим алуучулар окутуунун бардык мезгилинде окуу ишинин эмгек сыйымдуулугун аныктоо үчүн кызмат кылуучу, милдеттүү компонентти камтыган жана милдеттүү дисциплиналарды жана билим алуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарды өздөштүрүүгө бөлүнгөн кредиттердин санын жөнгө салуучу жана практиканын мөөнөттөрүн жана түрлөрүн белгилөөчү адистик боюнча окутуунун базалык окуу планы;
- конкреттүү даярдоо профили үчүн иштелип чыгуучу жана окуу процессин уюштуруу үчүн кызмат кылуучу жумушчу окуу планы (анын ичинде окутуучулардын окуу ишинин эмгек сыйымдуулугун эсептөө үчүн);
- анын семестрге же окуу жылына карата билим берүү программасын аныктоочу жана семестрге сунушталган окуу дисциплиналарынын негизинде түзүлүүчү билим алуучунун жекече планы.
32. Окутууну жекече пландоо милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтыган окуу-методикалык комплекстер менен бекемделүүгө тийиш:
- окуу планынын ар бир өзүнчө дисциплинасы боюнча жумушчу программаны (силлабусту);
- курстун тематикалык планын, лекциялардын тезистерин, практикалык (семинардык) сабактардын пландарын, билим алуучулардын өз алдынча иш пландарын, билим алуучулардын өз алдынча иштери үчүн тапшырмаларды, экзамендик суроолорду ж.б. камтыган ар бир дисциплина боюнча окуу-методикалык материалдардын комплексин.
33. Дисциплинаны ачуу үчүн зарыл болгон билим алуучулардын минималдуу саны, ошондой эле мүмкүн болгон орундардын максималдуу саны КОБ уюму тарабынан экономикалык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өз алдынча аныкталат.
34. Окуу пландарындагы окуу иштеринин бардык түрлөрүнүн эмгек сыйымдуулугу академиялык кредиттер менен белгиленет. Бир академиялык кредит окутуунун кредиттик системасы боюнча 30 академиялык саатка барабар болуп кабыл алынат. Окутуунун кредиттик системасы боюнча академиялык сааттын узактыгы 40-50 мүнөт чегинде белгиленет.
35. Академиялык кредиттер "Дене тарбия" дисциплинасынан тышкары окуу планына кирген ар бир дисциплинага ыйгарылат.
36. Билим алуучунун жекече планындагы академиялык кредиттердин саны жылына 60 түзөт. Академиялык кредиттердин саны бир семестрде 15тен кем эмес жана 45тен ашык эмес белгиленет. Мында окуу үчүн акы төлөө өлчөмү өздөштүрүлгөн академиялык кредиттердин санына пропорционалдуу эсептелет.
Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде, ошондой эле окутуунун контракттык да, гранттык да негизинде медициналык жана фармацевтикалык орто кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алып жаткан билим алуучулар үчүн билим алуучунун жекече планында академиялык кредиттердин саны жылына 60тан аз белгилениши мүмкүн эмес.
37. Билим алуучуну окутуунун ченемдик мөөнөттөн ашкан максималдуу мөөнөтү КОБ уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
38. Билим алуучунун жекече планы ар бир билим алуучунун жекече билим берүү траекториясын өзүнчө аныктайт. Билим алуучунун жекече планы КОБ уюму тарабынан белгиленген форма боюнча түзүлөт. Билим алуучунун жекече планы окуу жылынын же семестрдин ичинде окуу дисциплиналарынын тизмесин, санын жана өздөштүрүүнүн ырааттуулугун аныктайт.
39. Билим алуучунун жекече пландарын тариздөө КОБ уюмунун тиешелүү окуу бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Билим алуучунун жекече пландарынын негизинде окуу топтору (кичи топтор) түзүлөт.
40. Эгерде окуу дисциплинасы бир нече окутуучу тарабынан окутулса, анда билим алуучуларга өзүнүн жекече планын түзүү мезгилинде окутуучуну альтернативдүү тандоо укугу берилет.
41. Окутуунун кредиттик системасы академиялык кредиттерди топтоо системасын карайт.
42. ОКТ системасында билим алуучуларды курстан курска которуу жүргүзүлбөйт, билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн талап кылынган академиялык кредиттерди топтоо каралат.
43. Окуу жылы топтолгон академиялык кредиттердин негизинде аныкталат. Бир окуу жылынын толук окуу жүктөмү 60 академиялык кредитке туура келет.