Загрузка документа…
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) кесиптик орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары - КОБ уюму) ишин жөнгө салат жана билим алуучуларды бир КОБ уюмунан башкасына же кесиптик орто билим берүүнүн бир программасынан башкасына которуу, анын ичинде билим берүү уюмунун ичинде которуу, билим алуучуларды окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартибин белгилейт.
2. Жобо кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашырган кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө билим алып жаткан билим алуучуларга колдонулат.
3. Жобо билим алуучуну которуп жаткан КОБ уюмунда (мындан ары - баштапкы билим берүү уюму) жана билим алуучу которулуп жаткан билим берүү уюмунда (мындан ары - кабыл алуучу билим берүү уюму) аккредитация бар учурларда билим алуучуларды которуу жол-жобосун регламенттейт.
4. Окуунун биринчи жылында биринчи семестр ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучуларды которууга жол берилет. Ошол эле учурда өздөштүрүлгөн академиялык кредиттердин саны 30дан кем болбоого тийиш. Окуунун акыркы жылында билим алуучуларды которууга жол берилбейт.
Эгерде билим алуучу ишкана, мекеме, уюм же жеке жак менен келишим түзсө, анда аны башка КОБ уюмуна же бир адистиктен башка адистикке которуудан мурда аталган келишим өзгөртүлүүгө тийиш.
5. Билим алуучуларды бир КОБ уюмунан башкасына которуу жана калыбына келтирүү эреже катары жайкы жана кышкы каникул мезгилинде жүргүзүлөт.
Билим алуучуларды бир адистиктен башкага же окутуунун бир формасынан башкага которуу жана калыбына келтирүү КОБ уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
6. Акы төлөө негизинде билим алып жаткан билим алуучулар мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орундарга которулбайт.
Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен билим алып жаткан билим алуучуну бир КОБ уюмунан башкасына же бир КОБ уюмунун ичинде башка адистикке которууга жол берилбейт. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен билим алып жаткан билим алуучуну бир КОБ уюмунан башкасына же бир КОБ уюмунун ичинде ошол эле же тектеш адистикке которууга жүйөлүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы, жашаган жерин алмаштыруу) жана ырастоочу документтери болгондо гана жол берилет. Ошол эле учурда мамлекеттик билим берүү гранты билим алуучуда калат.
2-глава. Которуу жана калыбына келтирүү тартиби
7. Билим алуучу аттестациядан өтүүнүн жыйынтыгына ылайык анын каалоосу боюнча бош орундарга которулат, которуу зачеттук китепченин/транскрипттин көчүрмөсүн кароо, аңгемелешүү же кабыл алуучу билим берүү уюму аныктаган башка формада жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аттестациядан өтүү үчүн билим алуучу кабыл алуучу билим берүү уюмуна которуу тартибинде кабыл алуу жөнүндө жеке арызын берет, ага зачеттук китепченин/транскрипттин көчүрмөсү тиркелет. Арызда билим алуучу которулууну каалаган адистик, окуу формасы жана анын базасында кесиптик орто билим алып жаткан баштапкы билим берүү уюму көрсөтүлөт.
Эгерде тиешелүү бош орундардын саны которулууну каалаган билим алуучулар берген арыздардын санынан аз болсо, анда кабыл алуучу билим берүү уюму аттестациянын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде билимин улантуу үчүн көбүрөөк даярданган адамдарды тандайт.
8. Билим алуучу баштапкы билим берүү уюмунда окуган адистиктерге жана окуу формасына да, башка адистиктерге жана (же) окуу формасына да которулушу мүмкүн.
9. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен каржылануучу орундарга которууда билим алуучуну окутуунун жалпы узактыгы билим алуучу которулуп жаткан адистик боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн кабыл алуучу билим берүү уюмунун окуу планында белгиленген мөөнөттөн бир окуу жылынан ашпоого тийиш.
10. Аттестациянын жана конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде кабыл алуучу билим берүү уюму билим алуучуга ушул Жобонун тиркемесинде берилген форма боюнча маалымкат берет.
Билим алуучу баштапкы билим берүү уюмуна аталган маалымкатты, ошондой эле которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылгандыгы тууралуу жана ага академиялык маалымкатты жана билим алуучунун анын базасында кесиптик орто билим алып жаткан билими жөнүндө документтин түп нускасын (мындан ары - билими жөнүндө документ) берүүнүн зарылдыгы жөнүндө жеке арызын берет.
Берилген документтердин негизинде баштапкы билим берүү уюмунун жетекчиси арыз берилген күндөн тартып 10 күндүн ичинде билим алуучуну окуудан чыгаруу жөнүндө төмөнкүдөй формулировкадагы буйрукту чыгарат: "(Билим берүү уюмунун аталышы) которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылды".
Ошол эле учурда билим алуучуга билими жөнүндө документтин түп нускасы (өздүк делосунан), ошондой эле белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет. Аталган документтерди белгиленген формадагы ишеним каты бар адамга берүүгө жол берилет.
Билим алуучу студенттик билетти жана зачеттук китепчени тапшырат.
Билим алуучунун өздүк делосунда билими жөнүндө документтин, билим берүү уюму күбөлөндүргөн академиялык маалымкаттын көчүрмөсү, которууга байланыштуу окуудан чыгаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, студенттик билет жана зачеттук китепче калат.
11. Билим алуучу кабыл алуучу билим берүү уюмуна билими жөнүндө документти жана академиялык маалымкатты берет. Ошол эле учурда аттестация үчүн берилген зачеттук китепченин жана академиялык маалымкаттын көчүрмөсүнүн шайкештиги текшерилет.
Аталган документтер берилгенден кийин кабыл алуучу билим берүү уюмунун жетекчиси которуу тартибинде билим алуучуну билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарат. Документтерди алганга чейин кабыл алуучу билим берүү уюмунун жетекчиси өзүнүн тескемеси менен билим алуучуну сабактарга киргизүүгө укуктуу.
Кабыл алуу жөнүндө буйрукка: "Которуу тартибинде (КОБ уюмунун аталышы) (көрсөтүлөт) адистигине (көрсөтүлөт) окутуу формасына кабыл алынды" деп жазылат.
Кабыл алуучу билим берүү уюмунда билим алуучунун өздүк делосу түзүлөт жана катталат, ага которуу тартибинде кабыл алуу жөнүндө арыз, академиялык маалымкат, билими жөнүндө документ жана которуу тартибинде кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, ошондой эле эгерде окуу наркын төлөө менен орунга кабыл алуу жүргүзүлсө келишим киргизилет.
Билим алуучуга кагаз жана/же электрондук форматтагы студенттик билет жана белгиленген үлгүдөгү зачеттук китепче берилет.
12. Академиялык айырманы жоюуда эгерде билим алуучуга жумуш ордунда окутуу (окуу, өндүрүштүк практика ж.б.), курстук долбоорлоо жана башка дисциплиналар эсептелбесе, анда билим алуучуну кабыл алуу аны андан ары жоюу шарты менен жүзөгө ашырылат.
13. Которууда жана калыбына келтирүүдө КОБ уюму окуу пландарындагы жана программаларындагы академиялык айырманы жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт.
14. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча академиялык айырма алынган академиялык кредиттерге ылайык өздөштүргөн дисциплиналардын аннотациясын берүү менен транскрипттин негизинде белгиленет. Академиялык айырма академиялык кредиттер менен аныкталат жана билим алуучунун жеке окуу планына кошумча киргизилет. Ошол эле учурда кабыл алуучу КОБ уюму билим берүү программасынын (адистиктин маалыматтык пакети) мазмунуна жараша академиялык кредиттерди валидациялашы/эсептеши мүмкүн.
Которууда жана калыбына келтирүүдө окуу пландарындагы академиялык айырма 30 академиялык кредиттен ашпоого тийиш.
15. Окуудан чыгаруунун себебине жана жылына карабастан КОБ уюмдарынан мурда чыгарылган адамдар кийин академиялык карызын жоюу менен калыбына келтирилүүгө укуктуу.
Калыбына келтирүүдө академиялык кредиттердин саны 30дан кем болбоого тийиш.
Мурда КОБ уюмдарынан чыгарылган жана мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окуган адамдар мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө адисти даярдоого кеткен чыгымдарды төлөгөн шартта, окуунун наркын төлөө менен орундарга калыбына келтирилиши мүмкүн.
16. Билим алуучулар бир КОБ уюмунан башкасына КОБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен аттестациянын жыйынтыгы боюнча бош орундарга калыбына келтирилет. Ошол эле учурда калыбына келтирүү жөнүндө арызга жалпы орто билими жөнүндө документтин түп нускасы жана академиялык маалымкат тиркелет.
3-глава. Билим алуучуларды окуудан чыгаруу
17. Билим алуучу КОБ уюмунан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
1) өз каалоосу боюнча;
2) башка КОБ уюмуна которулгандыгына байланыштуу;
3) ден соолугунун абалы боюнча;
4) академиялык жетишпегендиги үчүн (кышкы жана жайкы сессиялардын жыйынтыгы боюнча);
5) келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн (акы төлөө негизинде билим алуучулар үчүн);
6) КОБ уюму менен байланышты жоготкондугу үчүн;
7) КОБ уюмунун уставын бузгандыгы үчүн;
8) КОБ уюмунун ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн.
18. Өз каалоосу боюнча окуудан чыгаруу билим алуучу арыз берген датадан тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
19. Академиялык жетишпегендиги үчүн төмөнкү билим алуучулар окуудан чыгарылат:
1) сессияда үч же андан көп дисциплина боюнча экзамен тапшырбагандар;
2) академиялык карызын белгиленген мөөнөттө жойбогондор;
3) бир мамлекеттик аттестациялык экзамен боюнча канааттандырарлык эмес баа алгандар.
20. Билим алуучуну КОБ уюмунун уставында жана ички тартиптин эрежелеринде каралган милдеттерди бузгандыгы үчүн окуудан чыгаруу андан жазуу жүзүндө түшүндүрмө алгандан жана андан кийин кызматтык териштирүүдөн кийин жүргүзүлөт.
Окуудан чыгарууга чейинки тартиптик жаза билим алуучу ооруп жаткан жана (же) каникулда болгон убакытты эсепке албаганда, жорук аныкталган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен колдонулат.
21. Билим алуучу КОБ уюмунан окуудан чыгарылганда ага белгиленген формадагы академиялык маалымкат жана КОБ уюму тарабынан күбөлөндүрүлгөн академиялык маалымкаттын көчүрмөсүн өздүк делосунда калтыруу менен орто билими жөнүндө документтин өздүк делосундагы түп нускасы берилет.
Академиялык маалымкат так отчеттуулук документи болуп саналат жана берүү учурунда катталат.
4-глава. Академиялык өргүү
22. Академиялык өргүү - бул КОБ уюмдары тарабынан билим алуучуларга ден соолугунун абалы боюнча, бала төрөөгө, армияга чакырууга жана үй-бүлөлүк жана башка жагдайларга, анын ичинде билимин улантууга мүмкүндүк бербеген табигый кырсыктарга байланыштуу башка өзгөчө учурларда берилүүчү өргүү.
23. Академиялык өргүү бир жылдык мөөнөткө (12 календардык ай) жана окуунун жалпы мезгилинде бир жолу гана берилет.
24. Билим алуучуга медициналык көрсөткүчтөр боюнча академиялык өргүү берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду билим алуучуга туруктуу байкоо жүргүзгөн жердеги мамлекеттик саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде студенттик бейтапкана тарабынан берилет. Ошол эле учурда корутундуда оорунун диагнозу бейтаптын макулдугу менен гана көрсөтүлөт. Билим алуучуларды медициналык тейлөөнү саламаттык сактоо пункту жүргүзгөн учурда корутундуну анын түзүмүнө ошол саламаттык сактоо пункту кирген мамлекеттик саламаттык сактоо мекемеси бере алат.
25. Билим алуучуга академиялык өргүү берүү жөнүндө чечимди КОБ уюмунун жетекчиси кабыл алат. Буйрукту чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) медициналык көрсөткүчтөр боюнча - билим алуучунун жеке арызы жана мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесинин корутундусу;
2) башка өзгөчө учурларда - билим алуучунун жеке арызы жана себебин көрсөтүү менен академиялык өргүү алуу үчүн негизди ырастаган тиешелүү документ.
Медициналык-реабилитациялык эксперттик комиссиянын корутундусу болгон учурда билим алуучуну сабактарга киргизүү милдеттүү болуп саналат. Ошол эле учурда билим алуучу өзү кеткен семестрден баштап окуусун улантууга укуктуу.
Медициналык көрсөткүчтөр боюнча академиялык өргүүдөн келген билим алуучуну окуу процессине киргизүү жөнүндө буйрукту чыгаруу үчүн негиз билим алуучунун жеке арызы жана анын ден соолугунун абалына дайыма байкоо жүргүзгөн жердеги мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесинин корутундусу болуп эсептелет.
26. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуп жаткан чет өлкөлүк билим алуучуларга академиялык өргүү берүү тартиби жана шарттары тиешелүү эл аралык макулдашуулардын шарттары менен аныкталат.
Келишимдик акы төлөөнүн шарттарында билим алып жаткан чет өлкөлүк билим алуучуларга академиялык өргүү берүү тартиби жана шарттары келишимдин шарттары менен аныкталат.
Эл аралык макулдашуулар жок болгон же талаш-тартыштуу кырдаалдар пайда болгон учурда чет өлкөлүк билим алуучуларга академиялык өргүү ушул Жободо белиленген тартипте берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
КОБ уюмунун бурчтуу штампы |
|
|
|
|
|
Берилген күнү жана каттоо номери |
|
|
Маалымкат
________________________________________________________ берилди,
(фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен)
ал жеке арызынын жана _______________________________________________
(зачеттук китепчени/транскриптти берген билим берүү уюмунун толук аталышы)
тарабынан берилген зачеттук китепченин/транскрипттин
көчүрмөсүнүн негизинде ________________________________________________
(берилген дата жана каттоо номери)
аттестациялык сыноолордон ийгиликтүү өттү жана
_______________________________________________________________________
(адистиктин аталышы)
адистиги боюнча кесиптик орто билим берүү программасында билим алуусун улантуу
үчүн билими жөнүндө документти жана академиялык маалымкатты бергенден
кийин которуу тартибинде кабыл алынат.
Жетекчи __________________ (колу)