Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-июну № 334
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” принцибин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасын тиешелүү штаттык саны жана материалдык-техникалык базасы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын карамагына өткөрүп берсин;
– өткөрүп берүү актысын бекитсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 15-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 648 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 438 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |