Загрузка документа…
Тиркеме 2
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин (мындан ары – Координациялык кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңеш мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, экологиялык, климаттык жана экономикалык иштин субъекттеринин экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, анын ичинде “жашыл” технологияларды ишке киргизүү, “жашыл” жумуш орундарын түзүү маселелери боюнча ишин караган жана экологиялык жана климаттык артыкчылыктарды жана “жашыл” экономика приоритеттерин мамлекеттик саясатка интеграциялоо жана экономика секторунда туруктуу трансформацияларды стимулдаштыруу зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыккан консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2-глава. Координациялык кеңештин максаттары жана милдеттери
4. Координациялык кеңештин негизги максаттары экология, климаттын өзгөрүшү, “жашыл” экономиканы жана “жашыл” экономиканын принциптерине негизделген ишкерликти өнүктүрүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде туруктуу каржылоо механизмдерин илгерилетүү, жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү жана экологиялык жактан таза жана аз көмүртектүү технологияларга инвестицияларды тартуу жана аларды экономикга киргизүү, ошондой эле бул багыттагы иштерди натыйжалуу координациялоо үчүн тышкы жана ички ресурстарды тартуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана башка кызыкдар субъекттердин макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу болуп саналат.
Аталган максаттарга жетүүдө гендердик өзгөчөлүктөр, бардык социалдык топтордун кызыкчылыктары, анын ичинде майып адамдардын инклюзиясы, ошондой эле сунушталган чаралардын экономикалык, экологиялык туруктуулукка жана экономика секторлорун өнүктүрүүгө тийгизген таасири эске алынууга тийиш.
5. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн Координациялык кеңеш экология, климат жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө төмөнкүдөй милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
1) айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, ошондой эле “жашыл” экономиканын принциптерин ишке киргизүү жана аны өнүктүрүү жаатындагы чараларды ишке ашыруу боюнча аткаруу бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка катышуучулардын аракеттерин жалпы координациялоону жүзөгө ашырууну;
2) сунуштардын, долбоорлордун, пландардын, программалардын, документтердин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин негизинде экологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча артыкчылыктуу негизделген чараларды жана демилгелерди аныктоону жана макулдашууну;
3) климаттын өзгөрүшү жана экологиялык коопсуздук, жеке сектор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жаатында эксперттик коомчулуктун бул процесстерине активдүү катышууну камсыз кылуу менен климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтууга, айлана-чөйрөнү коргоого, “жашыл” технологияларды киргизүүгө жана “жашыл” экономика принциптерине негизделген ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган программаларды, долбоорлорду жана сунуштарды кароону жана илгерилетүүнү координациялоону;
4) экологиялык, климаттык жана социалдык-экономикалык артыкчылыктардын ортосундагы балансты камсыз кылуучу “жашыл” экономиканын инструменттерин киргизүү аркылуу климаттын өзгөрүү шарттарында туруктуу өнүгүүнү ишке ашырууну камсыз кылууну;
5) биотүрдүүлүктү сактоого, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана айлана-чөйрөгө антропогендик жүктөмдү төмөндөтүүгө багытталган улуттук жана тармактык артыкчылыктуу программаларды, долбоорлорду киргизүү климаттын өзгөрүү шарттарында экологиялык коопсуздукту жана туруктуу жаратылыш пайдаланууну ишке ашырууну камсыз кылууну;
6) экологиялык, климаттык жана “жашыл” долбоорлорду, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, “жашыл” экономиканын принциптерин, анын ичинде экономика секторлорунда “жашыл” каржылоо инструменттерин киргизүү максатында “жашыл” инвестицияларды тартууга, климаттык жана “жашыл” каржылоого, фискалдык жана экономикалык стимулдарды киргизүүгө, климаттык жана экологиялык максаттарга жетүүдө финансылык сектордун ролун жогорулатууга көмөктөшүүнү;
7) мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдери менен кызыкдар тараптардын ортосунда маалымат, билим жана мыкты тажрыйбалар менен алмашууну, анын ичинде коомчулуктун маалымдуулугун жана тартылуусун, ошондой эле гендердик сезимталдыкты жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кошулуусун жогорулатуу максатында маанилүү тематикалык иш-чараларды өткөрүүнү координациялоону.
3-глава. Координациялык кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
6. Координациялык кеңештин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү, экономиканы социалдык-экономикалык, “жашыл” өнүктүрүү маселелери боюнча долбоорлорду жана документтерди, улуттук, тармактык жана тармактар аралык стратегиялык программаларды, иш-аракеттер пландарын жана долбоорлорун кароо, талкуулоо жана жактыруу, анын ичинде экономикалык жана экологиялык таасирин, каржылоонун туруктуулугун жана инвестицияларды тартуу потенциалын баалоо менен, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, “жашыл” технологияларды киргизүү, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана “жашыл” экономика тармактарында Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана программалык документтерине ылайык милдеттерди жана иш-чараларды аткаруу боюнча ишин координациялоо, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде көрсөтүлгөн документтерди ишке ашырууда финансылык-экономикалык механизмдер, инвестициялык программалар жана сектордук трансформациялар бөлүгүндө макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылуу;
3) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага ыңгайлашуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана “жашыл” технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар пландарын жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана талкуулоо;
4) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага ыңгайлашуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, “жашыл” технологияларды киргизүү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди макулдашуу жана кабыл алуу;
5) туруктуу өнүктүрүүгө, “жашыл” багытта өсүүгө жана экономиканын экологиялык жактан туруктуулугун калыптандырууга багытталган инвестициялык-финансылык механизмдерди илгерилетүүнү эске алуу менен экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, анын ичинде техникалык жардамды тартуу ишин координациялоо, алдынкы технологиялар жана тажрыйбалар менен алмашуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар, климаттык жана экологиялык фонддор, финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу стратегиясын аныктоо;
6) экологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүүсүнө чара көрүү жана “жашыл” экономиканын өсүшү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча демилгелерди кароо, экономикалык жана салыктык стимулдарды, айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган долбоорлорду колдоонун финансылык механизмдерин өркүндөтүү бөлүгү боюнча аталган чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды макулдашуу;
7) жооптуу мамлекеттик органдардын экологиялык, климаттык жана “жашыл” күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторун туруктуу негизде угуу, стратегиялардын жана программалардын максаттуу көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде гендердик сезимталдыкты жана майыптыгы бар адамдар менен инклюзияны камсыз кылуу боюнча жетишүүгө талдоо жүргүзүү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин, анын ичинде экономикалык натыйжалуулук, туруктуу өсүш жана чыгаруулардын деңгээли төмөн болгон экономика секторлорунун трансформациясы боюнча жетишкендиктердин талдоону кошо алганда экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) ишке ашыруунун жүрүшүн жана өзгөрүп жаткан шарттарды эске алуу менен экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономика чөйрөсүндөгү иш-чаралар пландарына, программаларына жана башка стратегиялык документтерге түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды кароо жана макулдашуу, зарыл болгон учурда чараларды ишке ашыруу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
9) экологиялык жана климаттык максаттарга жетишүүгө багытталган инновациялык финансы-экономикалык механизмдерди ишке киргизүү жөнүндө сунуштарды кароо, анын ичинде климаттык жана экологиялык долбоорлорду жана туруктуу өнүгүүнүн башка механизмдерин жүзөгө ашыруу үчүн тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн, “жашыл” каржылоону, аны менен бирге “жашыл” экономиканы өнүктүрүү долбоорлорун кароо;
10) айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономика жаатындагы иштердин жалпы абалын изилдөө жана талдоо жүргүзүү;
11) айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономика жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча стратегиялык сунуштарды иштеп чыгуу;
12) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, техногендик иштин натыйжасында айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгарууларды азайтуу, көмүртектин нейтралдуулугун камсыздоого жетишүү жана “жашыл” экономиканын принциптерин ишке ашыруу боюнча макулдашылган иш-аракеттерди жана программалык документтерди иштеп чыгуу;
13) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгарууларды азайтуу, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери (анын ичинде БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы, глобалдык жылууну 1,5 – 2оС чейин чектөөгө жана парник газдарын чыгарууларды кыскартууга багытталган Париж макулдашуусу боюнча милдеттенмелер) боюнча артыкчылыктуу чараларды аныктоо жана макулдашуу, ошондой эле “жашыл” экономиканын принциптерин ишке ашырууга көмөктөшүү;
14) Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү өзүнүн эл аралык милдеттенмелеринин (анын ичинде БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы, глобалдык жылууну 1,5 – 2оС чейин чектөөгө жана парник газдарын чыгарууларды кыскартууга багытталган Париж макулдашуусу боюнча милдеттенмелер) аткарылышы жөнүндө белгиленген отчетторду иштеп чыгуу, аларды мезгил-мезгили менен жаңыртуу жана отчет берүү процессин кароо жана баалоо, ошондой эле экология, климаттын өзгөрүүсү жана “жашыл” экономика чөйрөсү боюнча Улуттук деңгээлде аныктала турган салымдарды жана Улуттук ыңгайлашуу пландарын, көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча программалар менен пландарды, сектордук ыңгайлашуу пландарын жана экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономика чөйрөсүндөгү башка программалык документтерди жана пландарды ишке ашырууга көмөктөшүү;
15) кызматташуунун профилине ылайык мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эл аралык уюмдарда жана климаттык жана башка фонддордо улуттук координаторлор катары аныктоо жана макулдашуу.
7. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) өзүнүн жыйналыштарында Координациялык кеңештин мүчөлөрүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, экологиялык бирикмелердин жана бизнес-ассоциациялардын, илимий мекемелердин жана башка уюмдардын жетекчилерин жана өкүлдөрүн Кыргыз Республикасында экологиялык, климаттык жана “жашыл” саясатты ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча угууга;
3) экология, климаттын өзгөрүшү, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана “жашыл” технологияларды киргизүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууну өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана ишканалардын дарегине жиберүүгө;
4) каралып жаткан чөйрөдө мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоого байланышкан тигил же бул чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Координациялык кеңештин тиешелүү саясатты ишке ашырууга багытталган чечимдерин жана протоколдук тапшырмаларын аткарууну мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар тараптарга сунуштоого;
5) Координациялык кеңештин жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкер чөйрөлөрдүн, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө билими жана тажрыйбасы бар башка адамдарды чакырууга жана аларды (кеңешүүчү добуш берүү укугу менен) күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого тартууга;
6) Координациялык кеңештин чечими боюнча жумушчу топторду жана эксперттик комиссияларды (анын ичинде ведомстволор аралык) түзүүгө, Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана материалдарды даярдоо үчүн ага катышуу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин адистерин, жарандык коомдун эксперттерин, экологиялык бирикмелердин, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.
4-глава. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
8. Координациялык кеңештин төрагасы Координациялык кеңешти жетектейт.
Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлары аткарат.
9. Координациялык кеңештин иши Координациялык кеңештин чечими менен кабыл алынган келечектүү (2–5 жыл) жана учурдагы (жылдык) пландардын негизинде түзүлөт.
10. Координациялык кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок бир жылда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт.
11. Координациялык кеңештин кеңейтилген жыйналышына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эксперттер, коомдук активисттер жана уюмдар, социалдык аялуу топко кирген адамдардын ичинен эксперттер жана коомдук активисттер чакырылат.
12. Координациялык кеңеш жыйналыштын күн тартибинин каралган маселелеринин натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алат.
Координациялык кеңештин чечимдери жыйналышка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда Координациялык кеңештин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Кворум Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн 3/2 добушунан кем эмес болууга тийиш.
13. Координациялык кеңештин жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылгандар катары добуш берүү укугу жок катыша алат.
14. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинин ачык-айкындуулугун, кызыкдар тараптарга жана коомчулукка өзүнүн иши жөнүндө маалымдоону камсыз кылат. Координациялык кеңештин жыйналыштарынын жыйынтыгы боюнча маалымат Координациялык кеңештин катчылыгынын расмий сайтына жайгаштырылат.
15. Координациялык кеңештин курамын түзүүдө туруктуу каржылоо, экономиканы “жашыл” трансформациялоо, инвестициялык саясат жана экономика секторлорун декарбонизациялоо жаатындагы эксперттердин катышуусу камсыз кылынат.
5-глава. Координациялык кеңештин катчылыгы
16. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун атынан катчылык тарабынан камсыз кылынат.
17. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Координациялык кеңештин уюштуруучулук-техникалык, маалыматтык-аналитикалык жана башка ишин камсыз кылуу;
2) Координациялык кеңештин ишинин жыйынды пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
3) экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономика жаатындагы долбоорлорду даярдоо жана илгерилетүү;
4) каржылоону тартуу, анын ичинде климаттык каржылоону тартуу механизмдерин иштеп чыгуу, жашыл жана туруктуу облигацияларды чыгаруу, кепилдик жана компенсациялоо фонддорун, адаптациялоо фонддорун түзүү жана “жашыл” демилгелерди субсидиялоо жаатында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, климаттык жана экологиялык фонддор, финансылык институттар менен кызматташууну камсыз кылуу;
5) мамлекеттик башкаруу органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, экологиялык жана климаттык уюмдарды жана бирикмелерди, бизнес-коомчулукту жана башка кызыкдар тараптарды маалыматтык-билим берүү жагынан колдоону уюштуруу;
6) экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө долбоорлорду каржылоонун жана фискалдык колдоонун жаңы инструменттерин, анын ичинде салыктык дем берүүлөрдү, “жашыл” кепилдиктерди, экологиялык критерийлер менен байланышкан атайын финансылык продукттарды, бюджеттик жана инвестициялык пландоодо климаттык тобокелдиктерди эске алуу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
7) Координациялык кеңештин жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
8) Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
9) климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле экономиканын тармактарын туруктуу жана “жашыл” трансформациялоо, туруктуу “жашыл” өтүү жана климаттык максаттарга жетүүнүн инвестициялык механизмдери жаатындагы долбоорлорду илгерилетүүгө катышуу.
18. Катчылык пландалган жыйналыштын башталышына чейин 10 жумуш күн калган мезгилде (шашылыш жыйналыш өткөрүлгөн учурда – 2 жумуш күн калганда) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө чакырууларды жөнөтөт жана зарыл болгон материалдарды даярдайт, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн чечимдерди кабыл алуусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуусун камсыздайт.
19. Координациялык кеңештин катчылыгы кезектеги жыйналышты өткөргөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун жана каралган материалдарды жөнөтүүнү камсыз кылат.