ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 14-майындагы № 3082-VII «Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна Б.С.Орозовду дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-майы № 3082-VII

 

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна Б.С.Орозовду дайындоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 147 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна Орозов Бактияр Сайпидиновичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Н. Тургунбек уулу