ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 461 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64»Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция31.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-июлу № 461

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 "Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 "Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун 3-пунктчасы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 3-пункттун 4-пунктчасы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 4-пункттун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;

5) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев