Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6-августундагы
№ 475 токтомунуна тиркеме
Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында
билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби
жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобо чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарына (мындан ары – билим берүү уюмдары) талапкерлерди даярдоо, алдын ала жана конкурстук тандоону өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Жобо улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча чет өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан адамдарга жана аскер кызматчыларына колдонулбайт.
3. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
талапкер – билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоого катышууну каалагандыгын жазуу түрүндө билдирген Кыргыз Республикасынын жараны, аскердик кызматты өтөгөн жарандар (мындан ары – жарандар) жана жоокерлердин, сержанттардын жана прапорщиктердин кызмат орундарында мөөнөттүү аскердик кызматты жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары (мындан ары – аскер кызматчылары);
угуучу – жогорку аскердик кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алуучу офицердик курамдын адамы;
аскердик бөлүк – Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Кайтаруу жана конвой департаменти) белгиленген штат боюнча кармалган, уюштурулган өз алдынча күжүрмөн жана административдик-чарбалык бирдик;
командир – Куралдуу Күчтөрдөгү жана башка аскердик түзүлүштөрдөгү бөлүкчөнү, мекемени, бөлүктү, кошуунду башкаруу (жетектөө) жүктөлгөн командалык курамдын кызмат адамы, мекеменин башчысы;
ыйгарым укуктуу орган – коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка аскердик түзүлүштөр жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары (улуттук коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошпогондо).
докторант - жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алып жаткан офицердик курамдын адамы;
адъюнкт (PhD докторанты) - кесиптик жогорку билим берүү базасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алып жаткан офицердик курамдын адамы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруу:
1) офицерлерди илимдин доктору окумуштуулук даражасын коргоо үчүн билим берүү уюмдарында докторанттар жана илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоо үчүн билим берүү уюмдарында адъюнкттар (PhD докторанттары) катары окутууга ‒ ыйгарым укуктуу органдын аскердик билим берүү органына (мындан ары ‒ аскердик билим берүү органы) жүктөлөт. Аскердик билим берүү органдары жок ыйгарым укуктуу органдарда конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруу кадрдык органга жүктөлөт;
2) офицерлерди аскердик кесиптик жогорку билим алуу үчүн билим берүү уюмдарында угуучулар катары окутууга – ыйгарым укуктуу органдын кадрдык органына (мындан ары – кадрдык орган) жүктөлөт;
3) талапкерлерди (анын ичинде орто (толук) жалпы билим берүү уюмдарында билим алып жаткандарды) билим берүү уюмдарына курсанттар катары окутууга тапшыруу үчүн аскердик билим берүү органына жүктөлөт. Аскердик билим берүү органдары жок ыйгарым укуктуу органдарда конкурстук тандоо өткөрүүнү уюштуруу кадрдык органга жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Офицерлерди, ошондой эле билим берүү уюмдарында билим алууну каалаган талапкерлерди окутууга конкурстук тандоо чакыруучу тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Угуучу катары билим берүү уюмдарына
тапшырып жаткан офицердик курамдын
адамдарын кабыл алуу тартиби
§ 1. Окуу орундарынын керектүү санын аныктоо
6. Окууга тапшыруу жылынан мурдагы жылдын 1-ноябрына чейин кадрдык орган аскердик кызматтан запаска бошотулган офицерлерге карата түзүлгөн талдоонун жана аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткен офицерлердин контролдук тизмесинин негизинде, ошондой эле офицердик курамдын бош кызмат орундарын жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана башкаруу органдарынын башчылары тарабынан берилген өтүнмөлөрдү эске алуу менен билим берүү уюмдарындагы окуу орундарынын керектүү санын эсептейт жана аны аскердик билим берүү органына жиберет.
7. Билим берүү уюмдарындагы окуу орундарына өтүнмөлөр жыл сайын 1-декабрга чейин аскердик билим берүү органы тарабынан мамлекеттер аралык (ведомстволор аралык) макулдашууларда жана келишимдерде тараптар өздөрүнө алган контракттык-келишимдик милдеттенмелерге ылайык окуу орундарынын керектүү санын эсептөөнү эске алуу менен түзүлөт жана чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жиберилет.
8. Чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына өтүнмөлөрдү жибергенден кийин аскердик билим берүү органы аскердик бөлүктөргө жана башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен телеграмма жиберет:
1) билим берүү уюмдарынын аталышы;
2) окутуунун адистиктери;
3) ар бир адистик боюнча окуу орундарынын саны;
4) билим алууга талапкерлерге карата коюлган талаптар (болсо).
§ 2. Угуучу катары билим берүү уюмдарына кабыл алуу
үчүн офицерлерге карата коюлуучу талаптар
9. Билим берүү уюмдарына докторанттар катары киргизүү үчүн илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ, «майор» жана андан жогорку аскердик наамдагы, офицердик курамдын аскердик кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан төмөнкүдөй курактагы офицерлер каралат:
1) майор ‒ 44 жашты кошуп алганга чейин;
2) подполковник ‒ 47 жашты кошуп алганга чейин;
3) полковник – 49 жашты кошуп алганга чейин;
4) генерал-майор ‒ 54 жашты кошуп алганга чейин;
5) генерал-лейтенант жана андан жогору ‒ 59 жашты кошуп алганга чейин.
Билим берүү уюмдарына адъюнкттар (PhD докторанттары) катары киргизүү үчүн адистин же магистрдин диплому менен ырасталган кесиптик жогорку билими бар, «капитан» жана андан жогорку аскердик наамдагы, офицердик курамдын аскердик кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан төмөнкүдөй курактагы офицерлер каралат:
1) капитан ‒ 40 жашты кошуп алганга чейин;
2) майор, подполковник ‒ 45 жашты кошуп алганга чейин;
3) полковник ‒ 49 жашты кошуп алганга чейин;
4) генерал-майор ‒ 55 жашты кошуп алганга чейин;
5) генерал-лейтенант жана андан жогору ‒ 60 жашты кошуп алганга чейин.
Аскердик кесиптик жогорку билим берүү программалары боюнча угуучулар катары билим берүү уюмдарына киргизүү үчүн жогорку билими бар, «капитан» жана андан жогорку аскердик наамындагы, офицердик курамдын аскердик кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан төмөнкүдөй курактагы офицерлер каралат:
1) капитан ‒ 40 жашты кошуп алганга чейин;
2) майор, подполковник ‒ 45 жашты кошуп алганга чейин;
3) полковник ‒ 48 жашты кошуп алганга чейин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Алдын ала кесиптик жана конкурстук тандоо
10. Офицерлерди алдын ала кесиптик тандоо аскердик бөлүктөрдө – командирлердин чечимдери менен, ал эми башкаруу органдарында – офицерлердин жеке билдирмелеринин негизинде, башкармалыктардын башчылары тарабынан түзүлүүчү туруктуу иштеген аттестациялык комиссиялар (мындан ары – аттестациялык комиссия) тарабынан өткөрүлөт. Ошол эле учурда командирлерге (башчыларга) төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) алдын ала кесиптик тандоо жүргүзүүнү контролдоо;
2) алдын ала кесиптик тандоо иш-чараларын өткөрүү шарттарын, убактысын жана ордун аныктоо.
11. Алдын ала кесиптик тандоого катышуу үчүн офицер белгиленген тартипте команда боюнча билдирме жазат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аскердик наамы;
2) фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) ээлеген кызмат орду, кайсы жылдан баштап ээлеген аскердик кызмат ордунда болгондугу;
4) туулган датасы;
5) жогорку билими жөнүндө маалыматтар;
6) билим берүү уюмунун аталышы, ал билим алууну каалаган адистик жана окутуу формасы.
12. Билдирмеге офицердин жогорку билими бар экендигин ырастаган мамлекеттик үлгүдөгү документтердин көчүрмөлөрү жана кызматтык карточканын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
13. Командирлер (башчылар) офицердин билдирмесин кароодо төмөнкү шарттарда алдын ала кесиптик тандоодон өткөндүгү жөнүндө оң чечим кабыл алат:
1) офицерде “кызматка толук ылайык келбегендиги жөнүндө эскертүү” же “кызмат ордунан төмөндөтүү” сыяктуу алынбаган тартиптик жаза жок болсо;
2) ал жасаган укук бузуулар же кылмыштар боюнча офицерге карата кызматтык териштирүүлөр же тергөө жок болсо.
14. Командир офицердин билдирмеси боюнча оң чечим кабыл алса, аны алдын ала медициналык күбөлөндүрүү үчүн аскердик-врачтык комиссияга жиберет.
Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте өткөрүлөт.
Офицер ден соолугунун абалы боюнча билим берүү уюмунда окууга жарактуу деп таанылса, командир белгиленген тартипте офицерди алдын ала кесиптик тандоого талапкер катары жиберет.
15. Офицерлерди алдын ала кесиптик тандоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) офицерлердин ден соолугунун абалы боюнча билим берүү уюмдарына тапшырууга жарактуулугун аныктоо;
2) офицерлердин ушул Жобонун белгиленген талаптарына шайкештигин аныктоо;
3) ар бир офицердин төмөнкүлөрдөн турган инсандыгын ар тараптан баалоо:
– дене бой даярдыгын баалоо;
– командирдик жана атайын даярдоо (мындан ары – кирүү сыноолору) боюнча жазуу түрүндөгү зачетторду тапшыруунун жыйынтыктары боюнча кызматтык милдеттердин көлөмүндө кесиптик даярдыгынын деңгээлин баалоо.
16. Дене бой даярдыгын текшерүү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечимдери менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
17. Офицерлер ден соолугунун абалы же дене бой даярдыгынын деңгээли боюнча жараксыз деп таанылган, ошондой эле кирүү сыноолорунун элементтеринин бири боюнча канааттандырарлык эмес баа алган учурда, мындай офицерлер конкурстук тандоого киргизилбейт.
18. Конкурстук тандоодон өтүү үчүн офицерлерди жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколу менен таризделет (1-тиркеме).
19. Конкурстук тандоодон өтүү үчүн офицерлерди жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер алар кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде командирлер аркылуу аларга билдирилет.
20. Алдын ала кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн офицерлердин документтери көктөмөгө (мындан ары – окуу делосу) тиркелет жана конкурстук тандоого кароого берилүүчү конкурстук тизмеге андан ары киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын кадрдык органына берилет (2-тиркеме).
21. Офицерлердин окуу делолоруна төмөнкү документтер тиркелет:
1) команда боюнча жазылган офицердин билдирмеси;
2) анализдерди кошпогондо, медициналык күбөлөндүрүү картасы;
3) дене бой даярдыгын баалоо ведомосту;
4) командирдик жана атайын даярдоо боюнча жазуу түрүндө зачетторду тапшыруунун жыйынтыктары боюнча кызматтык милдеттеринин көлөмүндө кесиптик даярдыгынын деңгээлин баалоо ведомосту;
5) белгиленген үлгүдөгү кызматтык мүнөздөмө;
6) кызматтык карточканын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) белгиленген форма боюнча мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүү жөнүндө маалымкат.
Андан ары конкурстук тандоого катышуу үчүн алдын ала кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн офицерлердин конкурстук тизмесин түзүү ыйгарым укуктуу органдын кадрдык органына жүктөлөт.
22. Билим берүү уюмдарына андан ары окууга жиберүү үчүн алдын ала кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн офицерлерди аныктоо максатында, ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечимдери менен түзүлүүчү туруктуу иштөөчү ведомстволук аттестациялык комиссия (мындан ары – ведомстволук аттестациялык комиссия) тарабынан конкурстук тандоо жүргүзүлөт.
23. Ведомстволук аттестациялык комиссияны түзүү тартиби, ишинин маселелери жана иши ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин же жетекчилеринин орун басарларынын чечимдери менен аныкталат.
24. Офицерлерди окууга жиберүү же жиберүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер алар кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде командирлер (башчылар) аркылуу аларга билдирилет.
25. Билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан офицерлердин алдын ала кесиптик жана конкурстук тандоолорду уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча даттануулары жана арыздары аларды өткөрүү мезгилинде каралат жана жогору турган кол башчылыкка же ыйгарым укуктуу органдардын тийиштүү бөлүкчөлөрүнө жүктөлөт.
251. Аскердик билим берүү уюмдарынын докторантурасына жана адъюнктурасына (PhD докторантурасына) киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо ыйгарым укуктуу органдын илимий-техникалык кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарына адъюнктурага (PhD докторантурасына) тапшыруу үчүн талапкерлер болуп төмөнкү офицерлер каралат:
‒ адистин же магистрдин диплому менен ырасталган кесиптик жогорку билими бар;
‒ илимий-изилдөө же илимий-педагогикалык ишке жөндөмдүүлүгү бар;
‒ кесиптик жогорку билим берүү уюмун аяктагандан кийин офицердик кызмат орундарында эки жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар.
Чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарынын докторантурасына тапшыруу үчүн талапкерлер болуп төмөнкү офицерлер каралат:
‒ илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;
‒ илимий публикациялары (ойлоп табуулары, патенттери), отчеттору жана болжолдонгон диссертациянын теориялык жана эксперименттик негизин түзүүчү жана аны белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо мүмкүндүгүн ырастоочу башка материалдары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 4. Офицерлерди билим берүү уюмдарына
угуучу катары кабыл алуу тартиби
26. Окууга кабыл алынууга тийиш болгон офицерлердин саны билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуу жөнүндө өтүнмөлөргө шайкеш болууга тийиш.
27. Офицерлерди окууга жиберүү жөнүндө чечим офицерлерди билим берүү уюмдарына окууга жиберүү тууралуу ведомстволук аттестациялык комиссия берген өтүнүчкө ылайык ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан гана кабыл алынат.
Чечимди кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аскердик билим берүү органы офицерлерди билим берүү уюмдарына угуучу катары жиберүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругунун долбоорун даярдайт.
28. Офицерлерди билим берүү уюмдарына угуучу катары жиберүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктарына кол коюлгандан кийин аскердик билим берүү органы үч күндүк мөөнөттө буйруктун көчүрмөлөрүн кадрдык органга жана офицерлер угуучу катары кабыл алынган аскердик бөлүктөргө, башкаруу органдарына таратат.
3-глава. Курсант катары билим берүү уюмдарына
тапшырып жаткан талапкерлерди кабыл алуу тартиби
§ 1. Курсант катары билим берүү уюмдарына
тапшырып жаткан талапкерлерге
коюлуучу талаптар
29. Курсант катары билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн жалпы орто же кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарын аяктаган төмөнкү адамдар каралат:
1) тапшыруу жылында он жети жашка чыккан, бирок жыйырма бир жаштан өтпөгөн жарандар;
2) алар тапшыруу учурунда (билим берүү уюмунда окуу башталган күнгө) жыйырма төрт жашка чыга элек, аскердик кызматты өтөгөн жарандар жана жоокерлердин, сержанттардын жана прапорщиктердин кызмат орундарында мөөнөттүү аскердик кызматты жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары.
30. Тапшыруучу талапкерлерде:
1) дене тарбия боюнча билим берүү уюмдарына – спорттун түрлөрүнүн бири боюнча спорттук наамдары же экинчи баскычтан төмөн эмес спорттук разряды болушу керек;
2) аскер дирижерлорун даярдоо боюнча билим берүү уюмдарына – үйлөмө аспаптар оркестринин биринде ойноонун кесипкөй көндүмдөрү болушу керек.
§ 2. Талапкерлерди алдын ала тандоо тартиби
31. Аскердик билим берүү органы тапшыруу жылынын алдындагы жылдын 1-декабрына чейин аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин сунуштарын эске алуу менен билим берүү уюмдарына талапкерлердин окуусу үчүн өтүнмөлөрдү түзөт жана тапшыруу жылынын алдындагы жылдын 15-декабрына чейин чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына кароо жана бекитүү үчүн жөнөтөт.
32. Жарандарды алдын ала тандоону аскер комиссариаттары, ал эми аскер кызматчыларын аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана мекемелердин башчылары жүргүзөт.
33. Талапкерлерди алдын ала тандоо билим берүү уюмдарында алардын төмөнкүлөр боюнча окууга жарактуулугун аныктоону камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу боюнча;
2) билим деңгээли боюнча;
3) жаш курагы боюнча;
4) ден соолугунун абалы боюнча;
5) дене тарбия даярдыгынын деңгээли боюнча.
34. Билим берүү уюмдарына тапшыруучу талапкерлерге мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктү милдеттүү түрдө тариздөө менен белгиленген үлгүдөгү өздүк делолор таризделет.
35. Билим берүү уюмдарына тапшырууну каалаган аскер кызматчылары тапшыруу жылынын 30-мартына чейин командирдин атына команда боюнча билдирме берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: талапкердин аскердик наамы, аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, туулган күнү, билими, жашаган жеринин дареги, ал окууну каалаган билим берүү уюмунун жана адистиктин аталышы.
36. Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары – КУАЛ) тарбиялануучулары (тапшыруу жылында окууну аяктаган) тапшыруу жылынын 30-мартына чейин башчыга төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен арыз берет: талапкердин аты-жөнү, туулган күнү, жашаган жеринин дареги, ал окууну каалаган билим берүү уюмунун жана адистиктин аталышы.
КУАЛдын артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасында өзү тандаган билим берүү уюмуна берилген өтүнмөлөргө ылайык сынак тапшырбастан өтүү укугун колдонот.
37. Билим берүү уюмдарына тапшырууну каалаган жарандар тапшыруу жылынын 30-апрелине чейин жашаган жери боюнча райондун аскер комиссариатына арыз (билдирме) берет. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: талапкердин аты-жөнү, туулган күнү, билими, жашаган жеринин дареги, ал окууну каалаган билим берүү уюмунун жана адистиктин аталышы.
Арызга (билдирмеге) төмөнкүлөр тиркелет:
– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, өздүгүн жана жарандыгын ырастоочу документтин көчүрмөлөрү (паспорттун көчүрмөсү);
– өмүр баяны (басылган жана колго жазылган);
– жарандарга иштеген, окуган же акыркы кызмат өтөгөн жеринен мүнөздөмө (3 жана 4-тиркемелер);
– тиешелүү билим деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин көчүрмөсү (аттестат, диплом), билим алуучулар учурдагы жетишкендиктери жөнүндө маалымкатты; ал эми академиялык маалымкатты кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын биринчи жана кийинки курстарын бүтүргөн адамдар көрсөтөт;
– аскердик билеттин көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
– аскер комиссарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн үч сүрөт (баш кийими жок, 4,5х6 см өлчөмүндө), ак фондо, жалтырак эмес фото кагазда.
38. Командир же аскер комиссары тарабынан бекитилген алдын ала тандалган талапкерлердин тизмеси жана алардын өздүк делолору тапшыруу жылынын 25-майына чейин аскердик билим берүү органына жиберилет.
39. Талапкер паспортун, аскердик билетин (каттоо күбөлүгүн), жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыргандыгы жөнүндө сертификатты же жалпы орто жана кесиптик билими жөнүндө документтин түп нускасын кабыл алуу комиссиясынын иштеген жерине келгенден кийин ыйгарым укуктуу органдын кабыл алуу комиссиясына тапшырат.
40. Аскердик билим берүү органы тарабынан талапкерлердин келип түшкөн документтерин карап чыгуунун негизинде аларга кесиптик тандоого уруксат жөнүндө чечим кабыл алынат. Чечим протокол менен таризделет жана тапшыруу экзамендерин өткөрүү убактысын жана ордун же баш тартуунун себебин көрсөтүү менен окууга тапшыруу жылынын 20-июнуна чейин тиешелүү аскер комиссариаттары аркылуу талапкерлерге жеткирилет.
§ 3. Талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн
өткөрүү тартиби
41. Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
42. Ден соолугунун абалы боюнча билим берүү уюмдарына тапшырууга жарактуу деп таанылган талапкерге кийинки сынактарды тапшырууга жол берилет.
43. Ден соолугунун абалы боюнча билим берүү уюмдарына тапшырууга жараксыз деп таанылган талапкерге кийинки сынактарды тапшырууга жол берилбейт жана ал:
1) жаран – жашаган жерине;
2) аскер кызматчысы – жайгашкан жери боюнча өзүнүн аскер бөлүгүнө жөнөтүлүүгө тийиш.
Мында талапкердин өздүк делосу анын арызы боюнча колун койдуруу менен колуна берилет.
§ 4. Талапкерлердин дене тарбия даярдыгын баалоо тартиби
44. Дене тарбия даярдыгын текшерүү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
45. Дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки сынактарды тапшырууга жол берилет.
46. Дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыра албаган талапкерге кийинки сынактарды тапшырууга жол берилбейт жана ал:
1) жаран – жашаган жерине;
2) аскер кызматчысы – жайгашкан жери боюнча өзүнүн аскер бөлүгүнө жөнөтүлүүгө тийиш.
Мында талапкердин өздүк делосу анын арызы боюнча колун койдуруу менен колуна берилет.
§ 5. Талапкерлерди кесиптик тандоодон өткөрүү тартиби
47. Билим берүү уюмдарына курсанттарды кабыл алуу үчүн талапкерлерди кесиптик тандоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ден соолугунун абалы боюнча билим берүү уюмдарына тапшырууга талапкерлердин жарактуулугун аныктоону;
2) төмөнкүлөрдү камтыган кирүү сыноолорун:
– социалдык-психологиялык изилдөөнүн, психологиялык текшерүүнүн негизинде талапкерлердин кесиптик жарактуулугунун категориясын аныктоону;
– талапкерлердин жалпы билиминин даярдыгынын деңгээлин баалоону;
– талапкерлердин дене тарбия даярдыгынын деңгээлин баалоону.
48. Билим берүү уюмдарына окууга тапшыруу үчүн талапкерлерди кесиптик тандоо чет мамлекеттердин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилген билим берүү уюмдарынын бекитилген тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
Тандоого жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тести боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган босого баллга ылайык келген же андан жогору балл алган талапкерлер киргизилет.
Талапкерлер жалпы билим берүүчү предметтер боюнча тестирлөөнү кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен расписаниеге ылайык тапшырат.
Мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларына, ошондой эле КУАЛдын бүтүрүүчүлөрүнө тестирлөө формасындагы сынакты тапшыруунун жыйынтыктары боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын көрсөтпөстөн конкурстук тандоого жол берилет.
49. Талапкерлерди кесиптик тандоо кабыл алуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт, анын курамы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен жыл сайын аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылга белгиленет.
50. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасына ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин билим берүү маселелерин тейлеген орун басары дайындалат. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басарына аскердик билим берүү органынын жетекчиси дайындалат.
51. Кабыл алуу комиссиясына төмөнкүлөр кирет:
1) мандаттык комиссия;
2) апелляциялык комиссия;
3) аскердик-врачтык (врачтык-учкучтук) чакан комиссия;
4) кесиптик жана психологиялык тандоо боюнча чакан комиссия;
5) тестирлөө формасында кирүү сынактары өтө турган предметтердин (дисциплиналардын) тизмегине кирген жалпы билим берүү предметтери боюнча чакан тестирлөө комиссиясы;
6) дене тарбия даярдыгын баалоо боюнча чакан комиссия.
Чакан комиссиянын төрагасы болбогон комиссия мүчөсүнүн бири кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалат.
Аскердик-врачтык (врачтык-учкучтук) чакан комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык талапкерлерди акыркы медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт.
52. Чакан комиссиялар ыйгарым укуктуу органдардын аскер кызматчылары жана кызматчыларынын ичинен жарандык персонал менен комплекттелет, мында предметтик сынактык чакан комиссиянын төрагалары болуп тиешелүү профилдеги базалык билими бар офицерлер же мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) дайындалат.
53. Чакан комиссияларга киргизүү үчүн адамдарды тандоону кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары жүзөгө ашырат.
54. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы сынактар башталганга чейин предметтик сынактык чакан комиссиялардын курамына дайындалган адамдар менен инструктордук-методикалык сабакты өткөрөт.
55. Аскердик-кесиптик багыттуулугун жана жеке психологиялык сапаттарын баалоо талапкерлердин ЖОЖдо ийгиликтүү окуусу, тандаган аскердик адистигин өздөштүрүүсү жана аскердик-кесиптик ишинде алган билимдерин натыйжалуу колдонуусу үчүн зарыл болгон конкреттүү инсандык сапаттарын жана жеке өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында жүргүзүлөт.
56. Билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан талапкерлердин ой жүгүртүү өзгөчөлүгүнүн деңгээлин текшерүү стандарттык бланкта жүргүзүлөт, анда аты-жөнү, талапкер кайсы жактан жана кайсы билим берүү уюмдарына тапшырып жаткандыгы, тестирлөөнү өткөрүү датасы көрсөтүлөт. Ушул эле бланкка тапшырмалардын номерлери көрсөтүлөт.
Мүмкүнчүлүк болгондо аталган тестирлөө компьютерлерде жыйынтыктарды дароо берүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бул тестирлөө аналитикалык, логикалык, логикалык-математикалык ой жүгүртүүлөрүн, мейкиндиктеги түшүнүктөрдү талдоо жөндөмдүүлүктөрүн, көңүл буруу өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн кызмат кылат.
Тест ар түрдүү материал колдонулган тапшырмаларды камтыйт: мейкиндиктеги ой жүгүртүүдөгү арифметикалык жана логикалык тапшырмаларды жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөөнү, ошондой эле лингвистикалык тапшырмаларды.
Кесиптик тандоодон өткөрүү үчүн талапкерлердин ичинен 25–30 адамдан турган сынактык топтор түзүлөт.
Тестирлөө мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
§ 6. Талапкерлердин жалпы билим алуу даярдыгын баалоо тартиби
57. Талапкерлердин жалпы билим алуу даярдыгын баалоо тестирлөөнү өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Алар башталганга чейин талапкерлер үчүн консультациялар өткөрүлөт, тестирлөөнү өткөрүү тартиби жана коюлуучу талаптар түшүндүрүлөт.
58. Талапкерлердин топтору 25–30 адамдан түзүлөт. Тестирлөөнүн расписаниеси талапкерлерге ал башталганга чейин 3 күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
Талапкерлердин тобуна бардык предметтер боюнча тестирлөөнүн жыйынды ведомосту түзүлөт.
59. Тестирлөөнү тестирлөө боюнча чакан комиссия өткөрөт.
Тесттер чакан комиссия тарабынан таңгакталат жана мөөр басылып чапталат. Таңгакталган тесттер талапкерлер отургузулгандан кийин ачылат.
Тесттерде же талапкерлердин жооп барактарында типографиялык каталар табылган учурда алмаштыруу үчүн тестирлөө боюнча чакан комиссиянын мүчөлөрүнө кайрылуу керек.
Тестирлөө мезгилинде талапкерлер тесттерди, жооп барактарын жана тест-администраторлор берген сомо-барактарды колдонот.
Тесттерде жана сомо-барактарда аскердик билим берүү органынын мөөрү коюлат.
60. Тестирлөө 2 жана андан көп бир профилдик топтордун агымдары менен аудиториянын сыйымдуулугуна жараша өткөрүлөт. Стол-парталардын ортосундагы аралык 1 м же 1,5 м болушу керек. Предметтердин саны жана тестирлөө убактысы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен жыл сайын аныкталат.
61. Бул топту тестирлөө үчүн дайындалган тестирлөө боюнча чакан комиссиянын мүчөлөрүнөн сырткары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушундай иш-чараларга катышууга укугу бар адамдардын тестирлөөгө катышуусуна кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын уруксаты менен гана жол берилет.
62. Тестирлөөнүн жыйынтыктары баллдык шкала боюнча бааланат. Босого баллдын төмөнкү чеги кабыл алуу комиссиясы тарабынан жыл сайын протокол түзүү менен аныкталат.
63. Сынакка бөлүнгөн убакыт аяктаганда тест автоматтык түрдө токтотулат, жооп баракчаларынын жана сомо-барактарынын тесттери тест-администраторуна тапшырылат.
Тестирлөө аяктаганда тест-администратор чакан комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте бардык жооп баракчаларын конвертке салат, мөөр басат жана иштеп чыгуу үчүн Департаментке берет.
Жооп баракчаларын Департаменттин кызматкерлери чакан комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте иштеп чыгат.
64. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерге коюлган баллды оңдоого техникалык ката кеткен учурда гана кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын уруксаты менен жол берилет. Бул факт боюнча өзүнчө протокол таризделет.
65. Тестирлөө аяктагандан кийин талапкерлердин жооп баракчалары курсанттардын өздүк делолорунда алар билим берүү уюмдарында окуган мезгилде сакталат.
66. Тестирлөөнүн жыйынтыктары тестирлөө өткөрүлгөн күндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде кабыл алуу комиссиясынын иштеген жериндеги маалымат тактасына илинет, ыйгарым укуктуу органдардын сайтына жайгаштырылат же кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы тарабынан жарыяланат. Маалымат тактасында жана сайтта кабыл алуу комиссиясынын катчысынын байланыш телефондору тууралуу да маалымат жайгаштырылат.
Жооп баракчаларын тапшырбаган талапкерлердин апелляцияга берген арызы каралбайт.
67. Сынактарды кайрадан тапшырууга жол берилбейт. Ден соолугунун абалы же башка себептер боюнча сынактарды тапшыра албай тургандыгы жөнүндө ырастоочу документтери менен талапкер сынак башталганга чейин комиссияга билдирүүгө милдеттүү. Ушундай талапкерлерден сынактарды кайра алуу сынак өткөрүлгөндөн кийин үч күндүн ичинде жүргүзүлөт.
68. Сынак алуучулар тарабынан коюлган баалар боюнча талапкерлердин арыздарын карап чыгуу тартибин апелляциялык комиссия аныктайт. Апелляциялык комиссиянын курамына комиссиянын төрагасы, комиссиянын катчысы жана чакан комиссиялардын төрагалары кирет. Апелляция оозеки же жазуу түрүндөгү сынак боюнча бааларды жарыялаган күнү эркин формада берилиши керек.
69. Апелляцияны кароодо кайрадан тестирлөө жүргүзүлбөйт. Талапкердин жооп баракчасы апелляцияны кароодо негизги документ болуп саналат.
Апелляцияны кароодо апелляциялык комиссия тарабынан талапкердин иши үчүн баллдын туура коюлушу гана текшерилет.
Баллды өзгөртүү зарыл болгон учурда апелляциялык комиссиянын протоколу түзүлөт, анын чечимине ылайык протоколго өзгөртүүлөр киргизилет жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Апелляциялык комиссиянын чечими кароо күнү апелляцияны берген талапкерге оозеки түрдө жеткирилет.
70. Кабыл алуу комиссиясы тарабынан билим берүү уюмуна талапкерди кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдин негизи болуп кесиптик тандоонун бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстүү кароо эске алынган мандаттык комиссиянын чечими саналат. Мында ушуга тең мааниде талапкердин моралдык-иштиктүү сапаттары, анын ден соолугунун абалы жана сынактардын жыйынтыктары эске алынат.
§ 7. Билим берүү уюмдарына талапкерлерди курсанттар катары кабыл алуу тартиби
71. Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жарактуу, кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү сынактарын тапшырган талапкерлер, талапкерлерди курсанттар катары кабыл алуу үчүн конкурстук тизмелерине киргизилет (5-тиркеме).
72. Кабыл алуу комиссиясы конкурстук тизмени карап чыгуунун негизинде билим берүү уюмдарына окууга талапкерлердин белгиленген санын кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алуу комиссиясынын чечими протокол менен таризделет. Кабыл алуу комиссиясынын протоколунун негизинде билим берүү уюмдарынын 1-курсуна талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу чыгарылат.
Конкурстан тышкары кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү сынактарын тапшырган жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын ичинен талапкерлер кабыл алынат.
73. Билим берүү уюмдарына кабыл алууда кирүү сыноолорунун жүрүшүндө төмөнкүлөрдүн ичинен бирдей жыйынтыктарды көрсөткөн талапкерлер төмөнкүдөй артыкчылык укуктарын колдоно алат:
1) беш айдан кем эмес кызмат өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, алардын ичинен мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адамдар;
2) аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алган мертинүүнүн (жаракат, травма, контузия) же оорусунун кесепетинен каза болгон аскер кызматчыларынын балдары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугу берилген башка жарандар;
4) КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү (артыкчылык аттестатын алгандардан тышкары);
5) бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын болгон зоналарда оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек арага жакын райондорунда жашаган жарандар.
74. Курсанттар катары билим берүү уюмдарына кабыл алынбаган талапкерлер:
1) жарандар – жашаган жерине;
2) аскер кызматчылары – жайгашкан жери боюнча өзүнүн аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлүүгө тийиш.
Өздүк делолор жана башка документтер талапкерлерге арызы боюнча кол койдуруу менен берилет.
75. Билим берүү уюмдарына кабыл алуудан баш тартуу кирүү сыноолору бүткөндөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен аскердик бөлүктөргө жана талапкердин жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына себептерин көрсөтүү менен билдирилет.
|
| Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколу _____________________________________________________ (аскердик окуу жайдын аталышы)
1. Аскердик наамы, аты-жөнү _______________________________ 2. Ээлеген кызмат орду (кызмат ордунда кайсы мезгилден бери) ________________________________________________________ 3. Туулган жылы жана айы__________________________________ 4. Куралдуу Күчтөрдө _____________________________ баштап 5. Офицердик наамда кызмат өтөө мөөнөтү____________________ 6. Акыркы аттестациянын тыянагы____________________________ 7. Аскердик-кесиптик даярдык боюнча аңгемелешүүнүн жыйынтыктары:
8.Дене бойдаярдыгын текшерүүнүн натыйжалары:
Дене бой даярдыгын жалпы баалоо ____________балл. 9. Жалпы билим берүү даярдыгын текшерүүнүн натыйжалары:
10. Аскердик-врачтык комиссиянын токтому __________________ _______________________________________________________ 11. Жиберүү же баш тартуу жөнүндө чечим: __________________ _______________________________________________________ Комиссиянын катчысы _______________________________________________________ (аскердик наамы/колу/аты-жөнү)
20__ ж. “____” ___________
|
|
| Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Конкурстук тандоого андан ары катышуу үчүн алдын ала кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн офицерлерге конкурстук тизме ______________________________________________________________ (аттестациялыккомиссия түзүлгөн мекеменин аталышы)
___________________________________________________ (кадрдык органдын башчысынын ээлеген кызмат орду)
____________________________________________________ (аскердик наамы/колу/аты-жөнү)
| |||||||||||||||||||||||||||
|
| Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобого |
Аскер кызматчыларынын ичинен (офицерлерди кошпогондо) талапкерге мүнөздөмө
Аскердик наамы __________________________________________ Фамилиясы, аты, атасынын аты _____________________________ Туулган жылы, айы, күнү __________________________________ Улуту ___________________________________________________ Билими _________________________________________________ (аяктаган билим берүү уюмдарын көрсөтүү менен) Куралдуу Күчтөрдөгү кызматына чейин адистиги, квалификациясы жана адистиги боюнча иш стажы _________________ Аскердикадистиги ________________________________________ 1. Коомдук активдүүлүгү жана негизги моралдык сапаттары: – аскердик кызматтын социалдык маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүгү жана Ата мекенди коргоого жоопкерчилик сезиминин өнүгүү деңгээли; – бөлүкчөлөрдүн коомдук турмушуна катышуусу, уюштуруучулукжөндөмдөрү жана пикир алышуудагы өзгөчөлүктөрү; – негизги моралдык-эрктик сапаттарынын (принциптүүлүк, кайраттуулук, чечкиндүүлүк, эр жүрөктүк, чыдамдуулук, тартиптүүлүк, аткаруучулук, эмгекчилдик, чынчылдык, максаттуулук, тырышчаактык, өз алдынчалуулук жана башкалар) өнүгүү деңгээли. 2. Аскердик-кесиптик багыты жана даярдыгы: – офицер болууга умтулуунун ак ниеттүүлүгү жана негиздүүлүгү; – күжүрмөн даярдыктын программасын өздөштүрүү сапаты, куралдыжана согуштук техниканы үйрөнүү деңгээли, күжүрмөн нормативдерди аткаруусу; – кызматтык милдеттерди аткарууда уставдардын жана насааттардын жоболорун билүүсүжана колдоно алуусу; – спорттук жетишкендиктери; – кыраакылыгы, аскердик жана мамлекеттик сырды сактай билүүсү. 3. Адамдын башка бир кыйла мүнөздүү оң жана терс сапаттарыжана тиешелүү аскердик-билим берүү уюмуна окууга тапшыруусуүчүн жиберүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө тыянак.
20___ж. “____” ___________
|
|
| Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобого |
Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерге мүнөздөмө
Аты-жөнү ______________________________________________ Туулган күнү, айы, жылы _________________________________ Улуту __________________________________________________ Билими (аяктаган билим берүү уюмдарын көрсөтүү менен) ________________________________________________________ Иштеген жери, ээлеген кызмат орду _________________________ Адистиги, квалификациясы жана адистиги боюнча иш стажы ______________________________________________________ 1. Коомдук активдүүлүгү жана негизги моралдык сапаттары: – аскердик кызматтын социалдык маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүгү жана Ата мекенди коргоого жоопкерчилик сезиминин өнүгүү деңгээли; – окуу (өндүрүш) жамаатынын коомдук турмушуна катышуусу, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү жана аңгемелешүүдөгү өзгөчөлүктөрү; – негизги моралдык-эрктик сапаттардын (принциптүүлүк, кайраттуулук, чечкиндүүлүк, патриоттуулук, эр жүрөктүк, чыдамдуулук жана өзүн кармана билүүчүлүк, тартиптүүлүк, аткаруучулук, эмгекчилдик, чынчылдык, максаттуулук, тырышчаактык, өз алдынчалуулук жана башкалар) өнүгүү деңгээли. 2. Аскердик-кесиптик багыты: – офицер болом деп умтулуунун ак ниеттүүлүгү жана негиздүүлүгү; – негизги кызыкчылыктары жана ышкыбоздуктары; – аскердик-кесиптик ишке шыктуулугу, аны менен байланышкан билимдерди, көндүмдөрдү жана ыктарды үйрөнүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуусу; – спорттук жетишкендиктери. 3. Адамдын башка кыйла мүнөздүү болгон оң жана терс өзгөчөлүктөрү жана тиешелүү аскердик-билим берүү уюмдарынаокууга өтүү үчүн жиберүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө тыянак. Класс жетекчиси (окуучулар үчүн); командир (аскердик кызматты өтөгөн өспүрүмдөр үчүн); аскер комиссариатынын өкүлү. _______________________________________________________ (өздүк колу, аты-жөнү)
|
БЕКИТЕМ Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы ___________________________________ (аскердик наамы, өздүк колу, аты-жөнү) 20__ж. «___» ___________________ |
| Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобого |
_______________________________________ (билим берүү уюмунун аталышы) курсанттар катары кабыл алуу үчүн талапкерлердин конкурстук тизмеси
Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Аскердик наамы | өздүк колу | аты-жөнү |
Кабыл алуу комиссиясынын катчысы | өздүк колу | аты-жөнү |
Аскердик наамы |
|
|