Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана

этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин

2026-жылдын 15-июнундагы № 01-4/722 

буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ДИН ИШТЕРИ ЖАНА

ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИНИН  БУЙРУГУ

 

2025-жылдын 30-июлу № 01-4/102

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына

зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жобосунун 12-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Укуктук камсыздоо, диний уюмдарды каттоо жана санариптештирүү башкармалыгы:

1) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып – 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрүү;

2) расмий жарыялангандан кийин жети жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;

3) расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтүлсүн.

4) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тааныштырып, расмий сайтка мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоону камсыз кылуу.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары М.М. Муратбековго жүктөлсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Төрага 

А.М. Юсупов