Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-сентябры № 2368-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"А.Акаевдин кайрылуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 1-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун" экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын жана Инвестициялардын кепилдиги боюнча көп тараптуу агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөрдү уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага |
| Н.Т. Шакиев |