Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 27-майындагы № 1538-XII «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1994-жылдын 27-майы № 1538-XII
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 20-февралындагы № 10, 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2004-жылдын 19-августундагы № 159, 2006-жылдын 27-январындагы № 27, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 27-майындагы № 1539-XII токтому менен колдонууга киргизилген)
(“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору” 1994-жылдын № 7 (1031), берене 220)
I Бөлүм. Жалпы жоболор II Бөлүм. Актоо тартиби III Бөлүм. Актоонун натыйжалары
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында 1917-жылдан берки саясий куугунтуктун бардык курмандыктарын актоо, алардын граждандык укугун калыбына келтирүү, аларга колдонулган зомбулуктун башка кесепеттерин четтетүү, ошондой эле материалдык жана моралдык зыянды компенсациялоо максатын көздөйт.
I Бөлүм Жалпы жоболор
1-статья.
Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча мамлекет тарабынан эркинен ажыратуу же психиатриялык дарылоо мекемелеринде мажбурлап дарылоо, граждандыгынан ажыратуу, калктын тобун жашаган жеринен көчүрүү, сүргүнгө айдоо, айдап жиберүү жана атайын конуштарга көчүрүү, эркин чектөө шарттарында мажбурлап иштетүү түрүндөгү мажбурлоо чаралары, ошондой эле мамлекет же саясий түзүлүш үчүн таптык, социалдык, улуттук, диний жана башка белгилери боюнча социалдык жактан коркунуч келтирет деп таанылган адамдардын сот жана сот милдетин аткаруучу башка органдар, же болбосо административдик тартипте аткаруу бийлигинин органдары жана кызмат адамдары тарабынан укугунан жана эркинен башкача ажыратуу же аларды чектөө-саясий куугунтукка алуу деп таанылат.
2-статья.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жана Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигинин башка мамлекеттеринин республиканын аймагында саясий куугунтукталган бардык граждандарына, чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга, ошондой эле башка мамлекеттерде - мурдагы СССРдин союздук республикаларында саясий куугунтукталган, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана анын гражданы болуп эсептелген адамдарга жайылтылат. Мажбурлоо чаралары түздөн-түз колдонулган адамдар менен бирге атылган адамдардын жана өлгөндөн кийин акталгандардын балдары, жубайы, ошондой эле эркинен ажыратылган, сүргүнгө айдалган, айдалып жиберилген жерде, атайын конушта болгон же ата-энесинин, жубайынын куугунтукталгандыгына байланыштуу укугу жана эрки башкача чектелген балдар, жубайлар саясий куугунтуктоодон жапа чеккен деп табылат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья.
Төмөндөгүдөй саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган адамдар акталууга тийиш: - мамлекеттик жана башка кылмыштар үчүн мыйзамсыз соттолгондор; - Бүткүл россиялык өзгөчө комиссиянын, Мамлекеттик саясий башкарманын, Мамлекеттик өзгөчө саясий башкарманын, Ички иштер эл комиссариатынын башкармасынын, Ички иштер эл комиссариатынын, Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин органдарынын, прокуратуранын жана анын коллегияларынын, "экилик", "үчүлүк" комиссияларынын жана башка сот милдетин ишке ашырган органдардын чечими боюнча уголовный куугунтукка алынгандар; - административдик тартипте сүргүнгө айдалгандар, айдалып жиберилгендер, атайын конуштарга көчүрүлгөндөр, эрки чектелген шартта мажбурлап, мунун ичинде "Ички иштер эл комиссариатынын жумушчу колонналары", "эмгек армиясы" деп аталган жерлерде иштегендер, ошондой эле укугу жана эрки дагы башкача чектелгендер; - соттун жана сот эмес органдардын чечими менен мажбурлап дарылоо үчүн психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандар.
4-статья.
Кылмыш иштеринин материалдарында жоопко тартуунун негиздүүлүгүн ырастаган төмөндөгүдөй далилдери бар адамдар акталууга жатпайт: - Ата-Мекенге чыккынчылык, шпиондук, диверсия, зыянкечтик, саботаж, террордук актылар үчүн; - адамзатка каршы кылмыш жасагандыгы, бейпил элди жазалагандыгы, киши өлтүргөндүгү, адамды кыйнагандыгы үчүн; - киши өлтүргөн, каракчылык кылган, талап-тоногон жана башка зордук-зомбулук көрсөткөн куралдуу башка топторду уюштургандыгы жана мындай кылмышты өз колу менен жасагандыгы, ошондой эле куугунтукка алууга байланыштуу сот акыйкаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн сотголгон адамдар, алар а түгүл өздөрү кийин куугунтукка алынса да акталууга тийиш эмес.
5-статья.
Коомго коркунуч келтирбеген катары жана коюлган күнөөнүн иш жүзүндө негиздүүлүгүнө карабастан төмөнкүдөй иш кылгандар акталат: - советтик түзүлүшкө каршы үгүт жана пропаганда жүргүзгөндөр; - чиркөөнү мамлекеттен жана мектепти чиркөөдөн ажыратуу мыйзамдарын бузгандар; - диний ырым-жырымды аткаруу түрүндө граждандарга жана алардын укугуна шек келтиргендер.
II Бөлүм Актоо тартиби
6-статья.
Ушул Мыйзамды колдонуунун төмөнкүдөй тартиби белгиленсин: Прокуратура органдары улуттук коопсуздук органдары менен бирге жазалоо фактылары боюнча ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн адамдар тарабынан берилген арыздарды текшерип, документ даярдашат жана бардык кылмыш иштери боюнча тийиштүү тыянак чыгарат жана прокурор: - сот тарабынан соттолгондордун ишин соңку сот чечими чыгарылган сотторго корутундусу менен жиберет. Жоюлган же таркатылган соттор, ошондой эле граждандарга карата аскер соту тарабынан чыгарылган өкүмдөр учурда колдонуудагы мыйзамдар боюнча ошол иштер карамагына берилген соттордун кароосуна өткөрүп берилет. Иштин аймак боюнча караштуулугу соңку сот чечими чыгарылган жер боюнча аныкталат; - сот эмес органдардын чечими менен жазалангандардын иши - жазалоонун колдонулушуна тиешелүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Бишкек шаардык сотуна жана арыз ээсине иштин кайсы сотко жиберилгени билдирилет. Иштин каралышынан кийин сот төмөндөгүдөй чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн: - адам негиздүү соттолгон же сот эмес орган тарабынан жазалангандыктан ушул Мыйзамдын аракети ага карата колдонулбайт; - адам жөнсүз соттолгон же сот эмес органдар тарабынан жөнсүз жазаланган жана ал ушул Мыйзамга ылайык акталат. Ишти кароодо сот ошондой эле соттун мурдагы өкүмүнө, акыктамасына жана токтомуна же сот эмес органдардын чечимине өзгөртүү киргизе алат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья.
Сот тарабынан акталбайт деп таанылган адамга аныктаманын (токтомдун), ал эми жөнсүз соттолгон же сот эмес органдын чечими боюнча жөнсүз жазаланган учурда - акталгандыгы туралуу тил кат берилет. Соттун аныктамасы (токтому) прокурор же областтык соттун, республиканын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан четке кагылат, же болбосо акталбай калган адам тарабынан даттанылышы мүмкүн. Көзөмөл тартибиндеги жана кайрадан өзгөргөн шарттардан келип чыккан четке кагуулар Кыргыз Республикасынын Уголовный-процессуалдых кодексинин нормаларында белгиленген кадимки тартипте каралат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья.
Ушул Мыйзамга ылайык акталган граждандардын администрациялык көчүрүп чыгарылышын аныктоого, эмгек, пенсия жана башка укуктарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелерди чечүү областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик администрацияларга жүктөлөт. Бул максатта мамлекеттик администрациялар кызмат орундары бар комиссияларды түзүп, алардын жобосун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет. Мындай комиссиялардын тапшыруусу боюнча ички иштер органдары сүргүнгө айдоонун жана айдап жиберүүнүн, атайын конуштарга көчүрүүнүн, ошондой эле мүлкүнүн конфискацияланышынын жана тартылып алынышынын негизсиздигин аныктап белгилейт жана текшерүү материалдарын комиссияларга жиберет. Документтик маалыматтар жок болгон учурда репрессияларга дуушар болуу фактысы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде сот тартибинде белгилениши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 20-февралындагы № 10, 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
III Бөлүм Актоонун натыйжалары
9-статья.
Акталган адамдардын граждандык бардык укуктары, мунун ичинде өз каалоосу боюнча бардык калк жашаган пункттарда жана жерлерде (куугунтукка алынганга чейин өздөрү туруктуу жашаган жерде) укугу калыбына келтирилсин, бул укук анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү. Мамлекеттик сыйлыктан, окумуштуу даражасынан, аскердик, атайын жана ардактуу наамдардан, пенсиядан, автордук жана башка укуктардан ажыратууда жазалоо колдонууга байланышкан чечимдер жараксыз деп таанылсын. (Куугунтукталган авторлордун чыгармачыл мурасын коргоо мөөнөтү алар толук акталгандан кийин эмгеги биринчи басылып чыккан күндөн баштап эсептелинсин). (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 694-ХII токтому). Акталган адамдар жана алардын мурасчылары иштерде сакталып калган кол жазмаларды, сүрөттөрдү жана башка өзүмдүк документтерди алууга, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында акталгандыгы жөнүндө акысыз билдирүү жарыялоого укуктуу. Акталган адам дүйнөдөн кайткан учурда арыздануучулардын өтүнүчү боюнча куугунтукка алууга байланыштуу иштерди сактаган архив органдары аларга акталган адамдын дүйнөдөн кайткан убактысын, анын себебин жана көмүлгөн жерин билдирүүгө милдеттүү.
10-статья.
Акталгандар үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн он эселенген өлчөмүндө бир жолку акчалай компенсация белгиленсин. СССРдин мурдагы союздук республикалары болгон мамлекеттердин мыйзамдары боюнча компенсация алууга укуктуу акталган граждандарга, компенсация алуучу жерди тандап алууга укук берилет. Компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби мамлекеттер аралык өзүнчө макулдашуулар тарабынан аныкталат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун алдындагы штаттык комиссияда катталган адам өлгөн учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө пособиелерди төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2006-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья.
Турак-жай абалын жакшыртууга муктаж акталган граждандарга турак-жайды кезексиз алуу укугу берилет. Акталган адам өлүп калган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук, эгерде алар жаңы бүлө түзбөгөн болсо, жубайлардын бирөөнө, ошондой эле камалганга чейин бирге жашаган жана куугунтуктоого байланыштуу ээлеп турган турак жайга болгон укугун жоготкон жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж ата-энесине жана балдарына сакталат. Эгерде реабилитацияланган адам репрессиянын натыйжасында майыптыкка дуушар болгон болсо же пенсионер болуп эсептелсе, ага төмөнкүлөргө да укуктар берилет: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация алууга; - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейленүүгө; - телефонду биринчи кезекте орнотууга; - карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, дайындалган пенсиясынын 25 проценттен кем эмесин сактоо менен мамлекеттин толук камсыздоосунда жашоого. Ушул Мыйзамга ылайык акталган адамдар адвокаттан акталууга байланышкан маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга укуктуу. Ушул Мыйзамда каралган социалдык гарантияларга укуктуу акталган адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк берилет. Кыргыз Республикасынын саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча жазалоонун курманы болгон көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин, агартуу, маданият жана көркөм өнөр өкүлдөрүнүн элеси түбөлүккө сакталсын. СССРдин мурдагы союздук республикалары болгон башка мамлекеттердеги саясий куугунтукка алынган, бирок, Кыргыз Республикасында жашап жаткан жана анын гражданы болуп эсептелген акталган адамдар ушул статьяда каралган бардык социалдык гарантияларды пайдаланат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья.
Ушул мыйзамдын 1-11-статьялары бул Мыйзам кабыл алынганга чейин акталган саясий куугунтукка алуунун курмандыктарына карата да колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-октябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья.
Ушул Мыйзамдын 10 жана 11-статьяларынын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аларды саясий репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен деп табуу жөнүндө справкасы бар саясий репрессиялардан жапа чеккен адамдарга жайылтылат. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19-августундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
|